Эксперттер: Президенттик шайлоо учурунда тизмекте көп ысымдарды коробуз


Политологдор 2011-жылдын 30-октябрында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин саны адаттагыдан көп болот дешет. Бирок БШКнын башчысы Акылбек Сариев азыркы тапта шайлоо күнү так белгилене элээрин билдирет.

Келе жаткан шайлоодо 15-16 талапкер болоорун политолог Токтогул Какчекеев божомолдойт.
«Президенттик шайлоого катышабыз деген талапкерлердин 95% өзүнүн саясатчы катары кесибин Акаевдин учурунда эле баштаган. Алар ошол мезгилдеги башчылардын мектебинен өткөн», — деп кошумчалады Какчекеев.

Ошондой эле жаш партиялардын өзүнчө бир кыймылы түзүлүп, анда белгилүү адамдар өлкөнү өнүктүрүү боюнча, жаңы максат, идеяларын алдыга жыдырышат дейт политолог.

Дагы бир политолог Марат Казакпаев шайлоодо талапкерердин кандайдыр бир белгилүү группасы болот дейт.

«Мындай ойлоп көрсөк бул группага Атамбаев, Ташиев, Келдибеков, Мадумаров кирет», —деди Казакпаев.

Конституциялык мыйзам боюнча эксперт Данияр Нарымбевадин айтымында кандидаттардын саны адаттагыдан көп болуп, ал бир нече факторлордон көз каранды.
«Талапкерликти коюуу үчүн кол чогултуу процедурасы жеңилдетилди. Андан тышкары азыркы тапта иштеп жаткан президент өз кандидатурасын койбойт», — деди Нарымбаев.

Кыргызстандын саясатында плюрализм өнүккөн дешет эксперттер. Ал президенттик шайлоодо болгон таймашууда карама-каршылыкты жаратышы мүмкүн. Ошол себептен көп эле саясатчылар президент болуу максатын көздөшөт, талапкерлердин саны көп болот.

Келе жаткан шайлоо оорчундуу болот

Токтогул Какчекеев бул шайлоо мурункулардан бир топ айырмаланып, анда тышкы күчтөрдүн көз карашы абдан чоң ролду ойноорун жана ага өлкөнүн криминалдык күчтөрү да кирээрин билдирди.

Политолог Марат Казакпаев жай айларында абдан чон жумуш жасаш керек экенин билдирди.
«Шайлоону уюштуруу боюнча суроолор бүтө элек. Азыркы күнгө чейин борбордук шайлоо комиссиясынын толук мүчөлөрү, округдук, участкалык комиссиянын өкүлдөрү өз ордуларына бекитиле элек», — дейт политолог

Экинчи тур

Эксперттер президенттик шайлоодо экинчи турдун да болушун четке какпайт. Алардын айтымында эгер экинчи тур болуп калса, анда эч бир оорчулук деле жок.

«Президент — бул номиналдуу инсан. Ансыз бир аз убакыт деле жашасак болот. Эгер экинчи тур болуп калса, ага алдыда лидер болуп келе жаткан 3 гана талапкер өтөт. Электорат үчкө бөлүнөт. Бири жаш, экинчиси түштүктөн, ал эми үчүнчү талапкер түндүктөн болот», — деп эсептейт политологдордун бири Какчекеев.

Президенттик шайлоонун так датасы коюла элек

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга кетээр алдындагы акыркы отурумунда «Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо» боюнча мыйзам кабыл алышты. Өлкө башчысын шайлоо 2011-жылдын 30-октябрында өткөрүлөт.

Бирок 1-июлда болгон БШК- өкүдөрүнүн отурумунда, комиссиянын башчысы Акылбек Сариев шайлоонун расмий түрдөгү датасы белгилене элек деп билдирген.

«Азырынча документке кол коюлуп, комиссия мүчөлөрүнө тапшырыла элек. Ошол себептен биз президенттик шайлоого даярдана баштай элекбиз. Анын үстүнө парламенттегилер документке кол коюлганын же коюлбаганын өзүлөрү билишпей, бизге эч нерсени так айтыша элек», — дейт Сариев.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова