Кыргызстандыктар өзгөчө кырдаалдар тууралуу СМС-билдирүү алып турушат


Өзгөчө кырдаалдар министирлиги «Фонес» жана «Билайн» уюлдук операторлору менен келишим түзгөн. Анын негизинде абоненттер кар көчкү, сел жана башка өзгөчө кырдаалдар тууралуу алдын ала кабардар болушат. Министирликтен башка уюлдук операторлор менен дагы сүлошүүлөр жүрүп жатканын билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги билдиргендей [МЧС], азыр «Билайн» уюлдук оператору өзүнүн 40 миң абонентин жаратылыштын коопту көрүнүштөрү тууралуукабарлап турат.

«Аталган кабар абоненттерге бекер тарайт. «Билайндын» колдонуучуларына өзгөчө кырдаал тууралуу билдирүү келет [ЧС]», – деди уюлдук оператордун пресс-кызматы.

«Фонекстин» кошумча кызмат боюнча адиси ӨКМ- менен өзгөчө кырдаалдар тууралуу билдирүүлөрдү жиберүү боюнча бир жылдык келишим түзүлгөнүн айтат. Анын ылайык абоненттерге жиберилген СМС-билдирүүлөрдүн мазмуну үчүн министирлик жооп берет.

Өзгөчө кырдаал тууралуу алдын ала билдирүүлөрдү жиберүү системасы бүгүнкү күндө баардык уюлдук операторлор менен сүйлөшүлүп жатат деди аталган министирликтин статс- атчысы Таалайбек Темиралиев.

«Бул социалдык долбоор болуп эсептелет, СМС-каттарды жөнөтүүгө биз баардык уюлдук операторлорду кызматташтыкка чакырууга аракет кылуудабыз», – деди катчы.

Өзгөчө кырдаал тууралуу алдын-ала билдирүү системасын ушул жаатта баштоо, Кыргызстандын калкынын 95-96% уюлдук телефондорго ээ болгондугу менен байланыштуу.

«Калкты алдын ала маалымдоо системасына ММК- телекөрсөтүү, радиоуктуруу түрлөрү да кирет. Бирок элдин баары эле керектүү маалыматты убагында албай калат. СМС-кат адамдардын маалымат алуусунун эң оңой жолу», – деп түшүндүрөт Темиралиев.

«Мегаком» жана «О!» [«Нуртелеком» оператору], өзгөчө кырдаал боюнча билдирүү функциясын киргизген. Бирок бүгүнкү күндө бул уюлдук операторлорунун жетекчилери өз кызматкерлерине билдирүү жөнүндө эч нерсе айта элек.

Өзгөчө кырдаал тууралуу билдирүү

Аталган кызмат «Билайн» уюлдук операторунда 2010-жылдын апрель айынан тартып ишке киргизилген. Ошондой эле министирлик боло турган кырдаал тууралуу маалыматын уюлдук операторго кечки саат 18:00 чейин келсе, ошол замат аталган өрөөндүн тургундарына СМС-билдирүү болуп таркатылат. Бул тууралуу компаниянын пресс-катчысы Олеся Кущенкова билдирди.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова