Эми Бишкектеги көзү начар көргөндөр медицина жаатында иштешет


Көзү начар көргөндөр массаж жасоо боюнча окуу курстарынан өтөт. Бул ишти «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен жаштар демилгечилери «Дүйнөнү көрбой туруп, таанып-билүү» программасынын алкагында уюштурган. Курстун соңунда алар дипломдун ээси болуп, медицина тармагында иштей алышат.

«Феномен» коомдук фондунун төрагасы Искендер Султаналиев долбоордун уюштуруучуларынын бири. Анын айтымында окутуу программасынын башкы максаты болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жашоодогу өз ордун таап, алууга жардам берет.

«Массаж боюнча окуу курсунан өткөн жарандар поликлиникада иштей алат. Алардын алган диплому физиология жана анатомияны курстарын алгандыгын тастыктап турат», — деди Султаналиев.

Бүгункү күндө Кыргызстандын аймагында 130 000 ашуун ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт. Алардын 6000 ашыгы көрүү органынан кандайдыр бир деңгээлде чектелген адамдар.

«Биздин көздөрүбүз жабык. Бирок ага карабастан биз татыктуу жашоого умтулуп, ден-соолугу таза эл менен катар эле окуп, иштеп, жакшы жашагыбыз келет», — деди Султаналиев.

Долбоордун катышуучусу Айзад Тулякова мүмкүнчүлүгү жектелген элге жумуш кирешенин булагы катары гана эмес, коомдо өз ордун табууга өбөлгө түзуудо.

«Психологияда «Трудотерапия» деген термин бар. Ал адам иштегенде өзүнүн инвалид экендигин унутуп калаарын далилдейт», — деди Тулякова.

Англис тили жана ашпозчу курстары

«Дүйнөнү көрбөй туруп, таанып-билүү» долбоорунун алкагында уюштуруучулар көзү көрбөгөндөрдү англис тилине үйрөтүп, ашпозчулук чеберчилигин арттырат.

«Долбоорго жалпылап алганда Бишкек шаарында жашаган 43 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышып, өзү каалаган окуу курсунан өтөт. Аны аяктаган соң ар бирине сертификат жана диплом тапшырылат да, алар ошол жааттагы каалаган жумушта иштей алышат», — деди Султаналиев.

Назира Илимназиева, долбоордун катышуучуларынын бири. Ал барып жаткан англис тили боюнча курстар мүкүнчүлүгү чектелген адамдарга абдан керектүү деп эсептейт.

«Мен биринчи топтогу майыптардын катарына кирем. Англис тилин окуп, үйрөнгүм келет, анткени ал дүйнө жузүндөгү элдин баарына керектүү болгон баарлашуунун бир куралы», — деди Имангазиева.

Массаждын курстары «Эй&Би компани», ашпозчунун окуусу «Академия Кулинарного искусства» окутуу борборлорунда, ал эми англис тили курсу «Американ курста» өткөрүлөт.

«Американ курсун» кадрдык менеджери Марат Марата Суюмбековдун айтымында, мугалимдер окуучулардын аткарган иш-аракеттерине абдан ыраазы.

«Биз биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуп жатабыз. Бизге бул тууралуу долбоордун жетекчилери сунуш киргизгенде эле дароо макул болдук. Окуучулардын аракети жакшы», — деди Суюмбеков.

«Менин кыялым» акциясы — көзү көрбөгөн адамдардын автоунаа айдашы

Окуу курстарын өткөргөн долбоордун соңунда «Менин кыялым» аттуу акциясы өткөрүлүп, көзү көрбөгөндөр инструктордун жардамы аркылуу автоунаа айдаганды үйрөнүшөт.

 «Катышуучулар арасында атайын сурамжылоонун негизинде машина айдагысы келгендердин саны абдан көп болду. Алардын көзү көрбөсө да, айдоочу катары унааны башкаргылары келет. Алар да биз сыяктуу адамдар да. Ошондуктан акция өткөрүү зарыл деп эсептейм», — деп кошумчалады Султаналиев.

Автор: Иззати Иманбекова
Которгон: Кундуз Исмаилова