Бостеринин "рэкеттери" милиция кызматкерлерин тепкиге алышты


«Местный» деп эсептелинген 30-40 бала менен 2 милиционердин ортосунда көлдүн жээгинде жаңжал чыгып, өзүн коргогон милиция кызматкерлери эки баланын бутуна ок атып, жарадар кылган. Окуя 4-июль күнү«Асыл-Таш» эс алуу пансионатында болуп, ошол эле күнү кечинде 300-400 адам окуяга катышып, 2 милиция кызматкерлерин аларга берүүсүн талап кылган митинг өткөргөн.

Ички иштер министирлигинин билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери «Асыл-Таш» эс алуу жайына аларга келип түшкөн телефондук чалуудан кийин барган. 7-8 адамдан турган топ, пансионаттын барына келип, акча доолай баштаган.

Окуя болуп жаткан жерге келген милиционерлерди өлтүрүп салуу тууралуу сөздөр жайыла баштаган. Акча доолагандардын саны көлдүн жээгинежеткенге чейин 30-40 кишиге чейин көбөйүп кеткен. Ага катышкан милиция кызматкерлери уюшулган кылмыш иштери жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери болгон деп билдирет ИИМ.

«Ар түрдүү оор темир, таяктарды алып, мас абалындагы балдар укук коргоо кызматкерлерин көлдүн жээгине алып барган. Эки эс алуучу милиционерлерге жардам берүүнү көздөп, бирок өзүлөрү кайра таяк жеп калган», – деп жазылган ИИМ- пресс-катында.

«Тепкиге алынган укук коргоочулар эс алуучуларды болуп жаткан баш аламандыкыты видео камерага тартуусун суранган. Бирок алар коркуп, окуя болгон жерден кетип калышкан», – дейт ИИМ- пресс-каты.

Окуя болгон күнү кечинде 400-жакын Бостери жана жакынкы айылдардын тургундары чогулуп алып Балыкчы-Каракол автожолун тороп алышкан.

Алардын көздөгөн максаты башаламандыкка катышкан эки милиция кызматкерин өзүнө алуу болгон. ИИМ- билдиргени боюнча, митингдин катышуучуларын тынчтык жолуна чакырып келген Ыссык-Көл районунун акими жана Ыссык-Көл райондук ички иштер болүмүнүн башчысы токмокко алынган.

Митинг 5-июль күнү аяктап, жаракат алган эки укук коргоо кызматкери дарылануу үчүн Бишкек шаарына которулган. Ал эми ок жаракатын алган эки айылдын тургуну ооруканада тиешелүү деңгээлде дарыланып жаткандыгы тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев билдирди.

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик администрациясынын башчысы Тумар Абылгазиев болгон окуя тууралуу толук маалыматы жок экендигин жанажанжалга болгону гана 5-6 адам катышкандыгын айтты.

«Асыл-Таш» эс алуу жайынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундары маалымат бере алышкан жок.

Милиция: оорчундуу абалда ок чыгарат

Укук тармагынын көз карандысыз эксперти Александр Кацев милиция кызматкерлери кылмышкер тарабына ок ата алат деп билдирди.

Ал эми Сардар Багишбеков, милиция кызматкерлери табелдик тапанча колдоно алат дейт.

«Оорчунду абалда кырдаалды түзөлтүү үчүн мыйзамга ылайык укук коргоо органдарына атайын тапанча берилип, алар аны колдоно билиши керек. «Асыл-Таш» пансионатында болгон окуяда канчалык деңгээлде ок чыгаруу керек болгондугуна баа берүү зарыл», – деди эксперт.

Kloop.kg порталына берген маалыматында укук коргоочу Толекан Исмаилова болуп өткөн жаңжал боюнча маалымат жашырылып жатканын билдирди.

«Жергиликтүү милиция окуя тууралуу айтып, жаңжал эмнеден келип чыккандыгын билдириши керек эле. Бирок алар андай кылбай, толук маалымат бербей жатышат. Бул өз кезегинде ушак-айыңдардын жаралышына өбөлгө түзөт», – деди Исмаилова.

Укук коргоочунун айтымында иштин чоо-жайын аныктоо үчүн анын кызматкерлери иш алып барып келет.

Мыйзамдагы «Кыргыз Республикасынын ички иштери» тууралуу 15 беренесине ылайык, ички иштер кызматкерлери табелдик тапанчаны алып жүрүүгө жана аны сактоого улуксат берилген. Ошондой эле мыйзамда алар кандай учурларда ок чыгара ала тургандыгы боюнча бир нече бөлүктөр бар.

Автор: Акылбекова Алина
Которгон: Кундуз Исмаилова