Ички иштер министирлиги СССР учурунда иштеп келген алдын ала иликтөө институтун кайра жандандырууну сунуштайт. Коргоо жана коопсуздук жаатында иш алып барган эксперттер аталган институттун канчалык деңгээлде керектүү жана пайдалуу болоорун талкууга алышты.
Ички иштер министирлиги алдын ала иликтөө жүргүзүү институтунун ишин жандандыруу боюнча сунуш киргизди. Министирликтин маалыматына караганда аталган институт тергөөчүлөрдүн ишин азайтып, кылмыштарды иликтөөнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган. Жаңыланууну күтүп турган бул институт тууралуу билдирүү өкмөттүн расмий түрдөгү интернет баракчасында чыкты.
«Эгер бул институт иштей баштаса, анда тергөө кызматкерлери анча оор эмес болуп эсептелген кылмыш иштерин иликтөөдөн болшотулат. Алардын убакыты оор кылмыштардын бетин ачууга көбүрөөк болуп калат», — өкмөттүн расмий сайтында жазылган.
Институттун пайда болушу менен ички иштер министирлигинде алдын ала иликтөөчүлөрдүн атайын бөлүмү ишке киргизилет. Министрлик билдиргендей бул кызматты жандандыруу үчүн кошумча акча каражатын бөлүп берүүнүн деле кажеты жок.
Эксперттердин ою
Ичи коопсуздук боюнча эксперт Мирослав Ниязовдун оюнда аталган кызматтын кайра ишке киргизилиши эч кандай жылыш алып келбейт.
«Коррупциялашып кеткен нерсени институттун пайда болушу кырдаалды өзгөртө албайт жана алгылыктуу иш алып бара албайт. Биздин өлкөдө институт тууралуу мыйзам иштеш үчүн биринчи эле кезекте саясий эрк, туруктуулук болушу зарыл», — деп эсептейт Ниязов.
Коопсуздук жаатында эмгектенген эксперт Токтогул Какчекеев ИИМ- жаңы институту кылмыштардын бетин ачууга жардам берет деп билдирди.
Анын айтымында СССР- урашы менен биргеликте алдын ала иликтөө институту жоюлуп кеткен. Беш жыл ичинде парламентте отургандар укук коргоо органдарына каршы чыгып, армия жана милиция кызматкерлерин жок кылганга шашкан.
«Азыр милициянын иши мени канаатандырбайт, прокуратурада жалаң уятсыздар отурат. Өзүнүн ишин жакшы билген адистер деле жок. Кылмыштуулук көбөйгөнү милиция кызматкерлеринин аткарган иши менен байланыштуу. Алар сөз эркиндигине ээ эмес. Тергөөчүлөр деле ошондой, кыйналып жатышат», — деди Какчекеев Kloop.kg порталына берген маалыматында.
Коопсуздук жаатындагы дагы бир эксперт Артур Медетбеков өз кесиптешинин ою менен тең бөлүшөт. Алдын ала иликтөө жүргүзүү институту козголгон кылмыш иштерин ииктөөгө жардамын берет деген көз карашта Медетбеков.
«Институт совет мезгилинде абдан популярдуу болгон. Бул бөлүмдүн иши кайра башталса, анын кызматкерлери бүгүнкү күндүн талабына ылайык иштеши керек. Баардык маалымат дароо эле компьютерге киргизилип, ички иштер министирлигине тиешелүү болгон бөлүмдөргө таркатылып турушу зарыл», — деди Медетбеко.
Сотко чейинки териштирүү иштери
Алдын ала иликтөө иштери боюнча инситут СССР- 1936-жылы пайда болгон.Ал убакта кылмыш ишин козгоо, кылмыш процесси катары эсептелинген эмес.
«Кылмыш ишин козгоо алдын ала иликтөөнүн бир бөлүгү катары же болбосо ишти сотко берүүнүн бир бөлүгү катары каралган», — деп Строговичтин «Курс советского уголовного процесса» деген аталыштагы китебинде жазылган.
ИИМ-билдиргенине караганда Советтер союзу урагандан кийин, Кыргызстандагы алдын ала иликтөө иштерин жүргүзүүчү инстиуту өз ишин токтоткон.
Кыргызстандын 2007-жылдагы чыккан кылмыш жаза процессуалдык кодексинде, 38 беренесине ылайык аталган институттун катарына ички иштер, эркинен ажыратуу мекемелеринин кызматкерлери, каржы полициясы, бажы кызматы, аскер кызматы, улуттук коопсуздук кызматкерлери кирет.
Кодекске ылайык аталган кызматкерлер кылмыш боюнча маалыматты каттап, прокуратурага жана тергөөчүгө керектүү маалыматты жеткирет.
Алдын ала иликтөө 30 күн ичинде жүргүзүлөт. Эгер анын жүрүшүндө адам күнөөсүн мойнуна алса жана фактылар боюнча тиешелүү далилдерди укук коргоо органдары келтирсе, иш прокуратурага берилет.
Андан соң прокурор ишти 3 күндүн ичинде карап чыгып, чечим чыгарат. Эгер прокурордун чечими менен күнөөлү адам жана институттун өкүлдөрү макул болсо иш соттун чечиминен көз каранды болбойт.
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөт: Steuern und Recht