Оштогу өрттөнүп кеткен мектептин ордунда поликлиника курулат


Жалал-Абад жана Ош жергесин кайра калыбына келтирүү боюнча, мамлекеттик дирекция Ошто жаңы поликлиника болот дейт. Ал жергиликтүү тургундардын суранычы менен этникалык кагылышууда өрттөнүп кеткен мектептин ордуна курулат. Бирок буга окуучулардын ата-энелери каршы.

Өзбек акыны Хакимзод Хамзанын ысымын алып жүргөн №13 мектепти кайра ишке киргизүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын орун басары Асан Артыкбаев билдирди.

«Билим берүү уясын калыбына келтирүү үчүн спорт аянтчасын да кошуу керек. Ал эми имараттын аянты бул талаптарга жооп бербейт», — деди Артыкбаев.

Орто билим берүү жайы өрткө учурагандан кийин мектептин окуучуларын ата-энелеринин макулдугу менен башка мектептерге которгон. Хакимзод Хамза атындагы окуу жайында 520 бала билим алчу.

Мамлекеттик дирекциянын kloop.kg порталына берген маалыматына жараша, поликлиниканы куруу жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иштерин Турциянын өкмөтү каржылоодо. Салынып жаткан оорукана жергиликтүү тургундардын суранычын оорундатуу болуп саналат.

Дирекциянын пресс-катчысы Мелис Эрназаров медициналык борборду курууга 1 миллион 300 миң АКШ доллары сарыпталаарын билдирди.

«Имарат эки кабаттуу болуп санылат. Курулуш иштерин май айында баштаганбыз, эми аны 7 айдан кийин бүтөбүз го деген ой бар», — Эрназаров кошумчалады.

Азырынча медициналык кызмат менен элди камсыз кылуу борборунда кандай багыттагы адистер эмгектенээри белгисиз.

Нааразы болгон ата-энелер

Күйүп жок болгон мектептин окуучуларынын көбү ошол тегеректе жашагандардын балдары. Рано Юсупованын баласы аталган №13 мектепте окуган, ал эми азыр ал башка мектепке барат.

«Жараксыз болуп калган мектепти кайра салыш керек болчу. Анткени бизге балдарды башка мектепке жиберүү оор болууда]», — деп нааразы болду Юсупова.

Одина Исломбаеванын балдары аталган мектепте билим алчу. Жагдайга жараша башка билим берүү жайларына окуп калган балдар эми мектепке баргысы да келбейт дейт.

«Менин балам өз мектебинде алдыңкы окуучулардын бири болуп, жалаң бешке окуган. Башка мектепке барганда сабактарга катышпай, өзү менен тең балдардан абдан артта кала баштады. Мен аны окугун деп кыйнаган күндөрүм да болду», — деп кайгысы менен бөлүштү Исломбаева.

Хамза Хакимзод атындагы орто мектептин жанында жайгашкан медициналык борбору кардарлардын талаптарына жооп бербейт. Мектептин ордуна салынып жаткан поликлиника жакшы иш алып барат деген оюн билдирет пенсионер Тамара Турдуева.

Сатуучу болуп эмгектенген Токтогул Эргешов мектептин ордуна башка имарат курулуп атканын колдоду.

«Мен мектептин жанында көп жылдардан бери иштеп жатам. Ушунчалык чоң мектепте окуучулардын саны анча деле көп эмес болчу», — деди Эргешов.

Чайкананын ордундагы мектеп

Эл аралык техникалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агенттиги Кыргызстандын түтүк өрөөнүн калыбына келтирүү боюнча иш алып барат. 2010-жылдын октябрь айында аталган агенттик Хамза атындагы мектептин окуучулары үчүн эски чайкананы мектеп кылып жасоого каражат бөлүп берген. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Асан Артыкбаев билдирүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында мектеп катары оңдолго имаратка өрттөнүп кеткен мектептин башталгыч класстарынын окуучуларын киргизип, ага Владимир Лениндин ысымын ыйгарышкан.

Өткөн жылда болгон улуттар аралык кагылышуудан кийин аймакта №13 мектептен башка дагы эки өзбек мектеби жабыркаган. Оштогу Владимир Ленин атындагы жана Кара-Суу шаарындагы Лев Толстой атындагы орто мектептери жараксыз деп табылган.

Расмий маалыматтарга караганда этникалык кагылышуудан кийин түштүктө 427 адам каза таап, эки миңден ашууну жарадар болгон.

Мындан тышкары эки миңге жакын жеке ишканаларга залал келтирилип, анын чыгымын өкмөт 2,2 миллион сомго өлчөдү.

Редактор: Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Исмаилова