Кыргыз уулу менен ѳзбек кызынын ортосундагы сүйүүнү, Бишкектеги кинофестивалда кѳрсѳтүштү


Кыргыз кинемотографисттер союзу жана “Айтыш фильм” тудиясы, 7-июлда жаш режиссёрлордун кыска метраждуу тасмаларынын бет ачаар аземи ѳткѳрдү. Алардын бири Ош окуясын да чагылдырган кинотасма кирди.

“Жылдызым” атту тасманын режиссеру Асель Стамованын айтымында, фильм Оштогу болгон окуянын башка тарабын чагылдырган.

«Биз Оштун окуясын башка жагын корсотууго аракет кылдык. Бул жүрѳккѳ тийген хроника эмес, жѳн гана кѳркѳм тасма», — деди ѳз сѳзүндѳ режиссёр Стамова.

Тасманын сюжетинде эки адамдын ортосундагы болгон мамилеси, июнь окуясынан кийин кандай нукка ѳзгѳргѳнү берилген.

«Эки сүйүшкѳндѳрдүн ортосундагы мамиле жана кандайдыр бир болунуш бул тасманын сюжети камтыйт. Бул жѳнѳкѳй окуя эмес, ал Оштогу коогалаң менен тыгыз байланышта турат», — деди Стамова.

Тасма Ош шаарындагы «Он адыр» сейил багында тартылып, андагы башкы каармандардын образын, "Бабур" атындагы ѳзбек музыкалык драма театрынын актерлеру жараткан.

Режиссердун айтымында, “Жылдызым” кинотасмасы жаш режиссёрлордун Ош окуясынын тарыхына кошкон чоң салымы болуп саналат.

«Оштогу катаал мезгилде эч ким четте калган жок, колунан келген кѳмѳгүн кѳрсѳтүп, гуманитардык жардамдарды жиберип жатышты. Ал эми мен ушуга байланыштуу кинотасма тартууну чечтим», — деп белгиледи жаш режиссёр.

«Жылдызым» тасмасы 3 ай тартылып, хрометражи 12 мүнѳттү түзѳт.

Кыргызстандын түштүгүндѳ болгон этникалык кагылышуудан кийин 426 адам каза тапкан.

Башка кино тасмаларынын бет ачаары

“Жылдызым” аттуу тасмадан башка бул саамалыкта “Жаан ыры” тасмасы жана анимациялык “Кесилишпеген жолдор” картинасы кѳргѳзүлдү.

Кинемотографисттер союзунун ѳкүлү Улукбек Муратбеков билдиргенине караганда, бул иш чаранын алкагында режиссёрлорго сыйлык тапшыруу да каралган.

«Тасмалардын бет ачаардан тышкары, эл аралык кинофестивалдарга катышкан режиссёрлорго биз акчалай сыйлыктарды тапшырдык», — деди Муратбеков.

“Жаан ыры” кинолентасынын автору Айгуль Баканова, аталган тасманын идеясы бүгүнкү күндѳ актуалдуу экенин билдирди.

«Тасманы 2010-жылдын июль айында, Ыссык-Кѳлдүн жээгинен тартканбыз. Анда жолдошу чет ѳлкѳгѳ акча табуу үчүн иштеп кеткен жубайлардын жашоосу чагылдырылган. Бүгункү күндѳ бул абдан оорчундуу маселелердин катарына кирет» , — деди Баканова.

Ал эми “Кесилишпеген жолдор” анимациялык тасмасынын режиссёру Толобек Койчуманов ѳз ишинде адам баласы менен жаратылыштын ортосундагы мамилени чагылдырган. Анын айтымында, тасманы жасоого 2 ай сарыпталды.

Кыргызстандын киномотографисттер союзу жана «Айтыш фильм» студиясы

Кинематографисттер союзу — бул чыгармачыл адамдардын тобу, алардын катарына режиссёр, оператор, кинокритик жана кино сүрѳтчүлѳр кирет.

Союз 1962-жылы уюшулуп, 1991-жылга чейин СССР-киномотографисттердин союзуна кирген. Анын тѳрагасы болуп Чыңгыз Тѳрѳкулович Айтматов иштеген.

2000-жылы жаш режиссёрлорду колдоо максатында. Киномотографисттер союзу, Кыргызстандын улуттук киноакадемиясын уюштурган.

«Айтыш Фильм» студиясы 2006-жылы пайда болуп, анын иши Кыргызстандагы кино жаатын ѳнүктүрүүгѳ багытталган. Азыр ал 3 негизги багытта иштейт: оюн, документалдык жана анимациялык тасмалар.

«Айтыш Фильм» Тегеран. Дрезден, Дубай жана Ыссык-Кѳлдѳ ѳткѳн эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына ээ болгон.

Сүрѳт: «Жылдызым».кинотасмасынан алынган
Автор: Айым Биялиева
Которгон: Кундуз Исмаилова