"Манас" транзиттик боорборундагы америкалык аскерлеринин саны акырындык менен азаят

АКШнын президенти Барак Обама, Ооганистандагы аскерлеринин азайтылышы боюнча билдирүү жасады. Ага жараша Кыргызстандагы «Манас» аэропортундагы аскерлердин саны бара-бара азайтылышы белгилуу болду.

Кытайдын «Xinhua» маалымат агенттиги транзиттик борборунун жетекчиси Джеймс Джейкобсондун айтканына таянып, Кыргызстанда америкалык аскерлеринин саны азаят деди.

«АКШнын президенти Барак Обаманын билдирүүсүүнө жараша 2012-жылга чейин Ооганстандын аймагынан 33 миң аскер чыгарылшы керек. Ага жараша аскерлердин саны кыскартылат», — деди Джейкобсон.

Бирок азырынча Ооганстандан аскерлер кайсы мезгилде чыгарыла тургандыгы так билине элек. «Манас» транзиттик борборунан ай сайын Ооганстанга жана кайра артка 50 миңден ашуун аскер кызматкерлери өтүп турат.

Алардын арасына бир гана Америкалыктар эмес, Эл аралык антитеррордук коалицияга кирген Великобритания, Франция жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.

2001-жылдын 11-сентябрында Вашингтон жана Нью-Йоркто болгон террористтик актылардан кийин «Манас» транзиттик борбору Кыргызстанда ачылган. База дал ошол жылдары «Ганси» авиабазасы деген аталышка ээ болгон.

Которгон: Кундуз Исмаилова