Парламент менен ѳкмѳт митинг иштерин талашууда


Адам укуктары боюнча комитетин митинг иштери боюнча жоопту кылыш керек деген ойду Жогорку Кеңештин тѳрагасынын орун басары Бакыт Торобаев айтты. Кѳбүнчѳ митингдер ѳкмѳткѳ тиешелүү болот, ошондуктан ал жооп бул ишти алып барыш керек, деп депутаттар эсептешет.

«Республикадан» Бакыт Торобаев, митинг жүргүзүүчүлѳр менен депутаттардын сүйлѳшүүсү кандайдыр бир тыянака алып келбейт дегеп пикирде.

Адам укуктары боюнча комитети митингчилер менен сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, алардын талаптарын билип,канагаттандыруучу жолдорун издеп андан ары керектуу органдар менен байланышып, жыйынтыктарды тартуулашы абзел. Бул тууралуу парламенттин тѳрагасынын орун басары белгиледи.

«Биз жогорку кеңештин тѳрагасы менен сүйлѳшүп, бул комитеттин аткарган ишине толуктоолорду киргизүүнү чечтик. Эми ал элден келип түшкѳн арыздарды да карайт», — деди тѳраганын орун басары.

Комитет кызматындагы кошумча иштер менен ушул жылдын күз айларында иштеп баштайт.

Монголиянын парламенти митинг иштери боюнча Кыргызстанга мисал боло алат.

«Комитет ѳзүнү отурумдарына митингдин катышуучуларынын ѳкүлдѳрүн чакырып, анын талаптарын табат. Андан соң маселени чечүүгѳ тиешелүү болгон тараптын башчыларын чакырып, алар нааразы болгондордун суроолоруна кандай жооп бере ала тургандыгын билебиз. Ушундай иштердин аркасында ѳлкѳдѳ болуп жаткан митинг жана нааразычылык акцияларын азайтууга болот», — деди эл ѳкүлү.

Аталган комитеттин ѳкүлдѳрү ансыз деле жумуш кѳп экенин билдирип, баардык эле даттануулар адам укуктарына байланыштуу болот бербейт деп билдирет.

«Ата-Мекен» партиясынын депутаты, комитеттин тѳрагасынын орун басары Ширин Айтматованын айтымында, митингдин катышуучуларынын талаптарынын кѳбү ѳкмѳттүн иштери менен байланыштуу.

«Митингдердин кѳбү ѳкмѳткѳ тишелүү болот, ошондуктан алар бул иштерди карап турсун. Биздин комитетте жумуш абдан кѳп, канчалык тырышпайлы жаңы ишти убагында биз аткара албай калабыз», — деди Айтматова.

Парламенттик комитеттин ѳкүлү Турсунбай Бакир улуу, митинг уюштуруучулардын маселелерин чечүү иштерин Жогорку Кеңештин аппараты ѳз мойнуна алыш керек дейт.

«Менисче парламенттик аппарат нааразы болгондордун суроолорун карап чыгып. Андан кийин аны тиешелүү комитеттерге бѳлүштүрүшү керек. Ал эми биздин комитет адам укуктары менен гана байланыштуу болгон маселелерди чечет», — деп айтты депутат.

Бир комитет жетишсиздик кылат

Укук коргоочулар мындай маселелерди чечүүгѳ бир эле комитетти коюп аздык кылат дешет.

Жарандык кѳзѳмѳлдѳѳ комитетинин тѳрайымы Динара Ошурахунова митингчилердин суроолорун канагаттандыруу максатында атайын депутаттык топ түзүш керек деп эсептейт.

“Голос свободы” аттуу укук коргоо уюмунун башчысы Сардар Бегишбековдун айтымында, бир комитет жарандардын арызарынын барына толугу менен жооп бере албайт.

«Бир комитеттин иши аздык кылат. Митингке чыккандардын талаптарына ар түрдүү мамлекеттик органдардын тиешеси бар, анткени алардын суроосу ар тараптуу болот. Мисалы пенсионерлердин талабын албетте социалдык камсыздоонун ѳкүлдѳрү канааттандыруусу керек», — деп эсептейт укук коргоочу.

Бирок укук коргоо жаатында эмгектенген Нурбек Токтакунов, аталган парламенттик комитет митинг иштери менен алектениши зарыл деп билдирди.

«Тынчтык чогулуштарын уюштуруу бул ар бир адамдын укугу болуп эсептелет. Ал конституцияда жана эл аралык документтерде жазылган. Эл ѳкүлү болом деп парламентке келген депутаттар дал ушул нааразы болгон элди угушу керек да. Азыр баардык эле жерде жумуш кѳп. Эгер бийлик элдин оюн укса, ага жакындоого аракеттенсе, алардын агрессивдүүлүгү бара-бара жок болот», —деди Токтакунов.

Омбудсмен митинг иштерин алып барышы керек

«Мекен Шейиттери» кыймылынын лидери Осунбек Жамансариев митингдерди омбудсмендин институту караш керек деп, адам укуктары боюнча комитет жалгыз бул иштерди аткара албайт деп билдирет.

«Мекен Шейиттери» кыймылы 7-апрелде каза болгондордун туугандары тарабынан уюштурулуп, пайда болгон.

Кыймылдын ѳкүлдѳрү 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» партиясынын парламентке ѳтүшүнѳ каршы митингин, ошондой эле “Альфа” мамлекеттик сактоо кызматынын спецназдарын митинг учурунда элди карай ок ачкандыгы үчүн сот жоопкерчилигине тартуу боюнча нааразычылык акцияларын уюштурган.

Кыргызстандын омбудсмени Турсунбек Акун “Мекен шейиттери” кыймылынын лидери менен оюн тең бѳлүшѳт.

«Омбудсмендин институту митингчилерге тынчтык нааразычылык акцияларын ѳткѳрүүсүнѳ жардам берет. Алар мамлекеттик органдарга институт аркылуу кайрылып, суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алышат», — деди Акун.

Омбудсмен ѳзүнүн сѳзүнѳ ал жетектеген институт элге тынчтык митингдерин ѳтүүгѳ гана жардам берип. Ал эми койгойлорду конкреттүү түрдѳ чечип берүүгѳ даяр эместигин билдирди.

Сүрѳттѳ: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы борбордук шайлоо комиссисынын имаратынын маңдайындамитинг ѳткѳрүп жатат.

Редактор: Анна Лелик
Которгон: Кундуз Исмаилова