«Ак-Жол» партиясынын экс-лидери Жалал-Абад облусунун губернатору болду


Премьер-министрдин чечими менен Азизбек Турсунбаев Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы болду. Облустун эски губернатору, Кыргызстандын Пакистандагы посолу Бектур Асанов болчу.

2001-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад облусунун губернатору болуп дайындалган Бектур Асанов, премьер-Министр Алмазбек Атамбаевдин чечими менен кызматтан бошотулган. Бул тууралуу өкмөттүн пресс-кызматы билдируудо.

Парламент 2011-жылдын 9-июнунда, 8 пункт, №567-V токтомун чыгарган. Анын негизинде Атамбаев губернатор тууралуу буйрук чыгарган.

2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы окуяларды убактылуу депутаттык комиссия изилдеп чыгып. Жогорку кеңеш комиссиянын ишин карап чыгып, өкмөткө Жалал-Абад олусунун губернатору Бектур Асановду кызматтык абалынан бошотуу тууралуу сунушун киргизген

Kloop.kg порталына берген маалыматында губернатордун орун басары Жумагыл Эгембердиева облус башчысы өлкодө оор абал болуп жатканда жакшы иштегенин билдирип, абалды стабилдирууго чон салым кошкон дейт.

«Губернатор бир жылдан ашык убакыттын ичинде көп эле жумушту аткарды. Экономикалык жагынан өскөнүн алып караганда, Жалал-Абад Чүй облусунан кийин экинчи орунда турат. Ал Кытай эл Республикасынын өкмөтү менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу тууралуу алгылыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын негизинде үйлөр курулат», —деди Эгембердиева.

Облустун азыркы губернатору Азизбек Турсунбаев жана кызматынан бошогон Асанов менен Kloop.kg порталынын журналисти байланыша алган жок.

Губернатор кызматынан бошотулду

Жалал-абад облусундагы Майлы-Суу шаарынын мэринин милдетин аткарган Тургуналы Арипов, өкмөттүн чыгарган чечимин колдойт

«Майлы-Суу заводунун балансын текшерип, ага жумшалган 40 миллиондун 8 миллиону уурдалганын иликтеп чыгып, өкмөткө отчетумду бергем. Ошондон кийин мени жумуштан алып салышты», —деди Тургуналы Арипов.

Анын айтымында губернатордун кызматына экономиканы жана саясатты жакшы билген адам келиши керек.

«Мурунку губернатор саясатчы да, экономист да эмес киши болчу. Биз өлкөнү кризистен чыгарышыбыз керек да. Ал эми башчы облусту кантип көтөрүү жолдорун билбесе, кандай болот?», — деди Тургуналы.

Азизбек Турсунбаев

Губернатор Азизбек Турсунбаев 1966-жылы, 3-майда Ош облусуна караштуу Ала-Букин районунун Кызыл-Ата айылында туулган.

1994-жылы ал Кыргыз мамлекеттик медициналык университетин аяктап, ал эми 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык бөлүмүнүн дипломун алган.

1983-жылы Ала-Букин районундагы «Бирилик» савхозунда эмгектенгеген. Андан сон Оштогу стоматологиялык поликлиникасында иштеген. 2005-жылдын март айында Жогоку Кеңештин үчүнчү чакырымындагы депутаты болуп шайланган.

2007-жылы ал парламенттин төрагасынын орун басары болуп, ал эми 2008-жылдын 26-майында расмий түрдө «Ак Жол» фракциясынын лидери болуп шайланган. 2009-жылдын 3-фералында өз ыктыяры менен кызматынан бошотулган.

«Ак-Жол» саясий партиясы 2007-жылдын 15- октябрында негизделген. Партиянын съездинде аны уюштуруучу деп өлкөнүн экс-президенти Курманбек Бакиев шайланган. Бирок бир күндөн кийин ал бул кызматынан бошотулган, маселен чечим Кыргыз Республикасынын конституциясына төп келген эмес.

Партиянын төртүнчү съездинде депутаттар Азимбек Турсунбаевди партиянын лидери деп шайлашкан.

«Бином» эл аралык аналитикалык тобунун билдиргенине караганда, 2007-жылдын 16-декабрында өткөн парламенттик шайлоодо. “Ак Жол” партиясы шайлоочулардын 63, 4% добушуна ээ болгон.

Сүрөт alamankg.org сайтынан алынды
Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова