Хроника: журналист Айнура Сим "Мегаком" компаниясынан 30млн сом уурдоо имиши учун камакка алынды. Митингчилер ГКНБнын башчысын кетуусун талап кылууда


Ак үйдүн маңдайында, журналист Айнура Симди колдогон митинг ѳтүп жатат. Анда нааразы болгондор журналистти “Мегаком” компаниясынан 30 миллион сом уурдады деп күнѳѳлѳгѳн ГКНБ- башчысы Кенешбек Душебаевди кызматтан кетсин деген талабын койду. Ал эми ГКНБ- жетекчиси бул тууралуу толук маалымат бербей, митигдин катышуучуларына анын кызмат абалын чече албаганын билдирди.

15:10 Айнура Симдин жолдошу Акыл Кемеловдин билдиргенине жараша, Россиялык жетекчи укук коргоо органдарына Симди кармоо үчүн атайын пара бергенин айтат. Азыркы тапта Кемелов жубайын менен жолугушууга мүмкүнчүлүк ала элек.

Кемеловдун айтымында, эгер депутаттар сүйлѳшүүгѳ чыкпаса, митингчилер ГКНБ- имаратына бет алышат.

15:05 kloop.kg порталына берген интервьюсунда, «Альфа Телеком» ЖАК- мүдүрү Азамат Мурзалиев, ак үйдүн жанында нааразы болгондор чогулгандыгы тууралуу маалыматы жок экендигин билдирди.

Мурзалиев журналист Сим тарабынан 30 млн сом уурдады деген имиш боюнча ѳз оюн айтуудан баш тартты.

14:50ГКНБ- башчысы Душебаев эл ѳзүнүн ою митинг аркалуу билдиргенге укугу бар экенин билдди. Эң башкысы алар коомдук тартипти бузбашы керегин баса белгиледи.

Душебаев Симди камакка алгандыгы тууралуу маалымат бере албагандыгын айтып, алардын аткарган иши мыйзамдын баардык эрежелерин сактоо менен болгондугун билдирди. Сот иштери болгондон кийин иштин жайы ачык жарыяланат.

«Бул ишке бирѳѳнүн кызыкчылыгын ойлоп, саясий кѳз карашты таңуулап койгондору жакшы эмес. Жагдайды ушул деңгээлгин жеткиргендик, бирѳѳнѳ керек болгон окуя деп эсептейм», — деди комитеттин тѳрагасы.

Ошондой эле Душебаев, аны аткарган кызматынан алып салуу же калтыруу чечимин президент кабыл алат деди.

Анын айтымында, журналисттин туугандары Айнура Симди кѳрүү үчүн каалаган убагында келе алышат.

«Эгер кааласа, азыр деле керектүү даары-дармектерин алып келишсин. Ал эми жолуктурбай атат деген сѳз жѳн гана эл ичинде “Ажиотажды” жаратуу болуп эсептелет», — деди Душебаев.

13:50 Айнура Симдин эжеси Жанара Мурзабулаева, аны менен кезигип, даары жана тамак аш бере алба атканын билдирди. Эжеси Симдин ден-соолугуна залал келтирүүчү жүрѳк оорусу бар.

13:30 Акциянын катышуучулары ГКНБ- ѳкүлдѳрүн Симди камактан чыгарып, үй камагына жиберүүсүн талап кылууда.

«Кармалган Айнура Сим кош бойлуу. Элдин баары эле акча уурдаган. Укук коргоо органдары коомчулукка ѳлкѳдѳ сот системасы иштегенин далилдеш үчүн гана журналистти камады», — деп митингдин катышуучуларынын бири Торокул Абдыкадыров билдирди .

13:00 Ак үйдүн маңдайында 300 жакын митингчилер турат. Алар колдоруна «Душебаев Кетсин», «Эмнеге канкорлор эркиндикте, энелер камакта?» деген плакаттарды кармап турушат.

Катышуучулар Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын кызмат ордунан кетүүсүн жана депутат же президенттин ѳкүлдѳрү аларга чыгып, сүлѳшүү жүргүзүүсүн талап коюууда.

Эгер бийлик ѳкүлдѳрү сүйлѳшүүдѳн баш тартса, нааразычылык акциясынын катышуучуларынын саны кѳбѳйүп, ачкачылык жарыяланат. Бул тууралуу митигчилер айтышты.

«ICG» басмаканасынын мүдүрү


Айнура Сим «ICG» басма үйүнүн башкы мүдүрү. Бишкектеги газета жана журналдарын чыгарат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Айнура Сим жана эжеси Раушан Рыкунова 1 айга эркинен ажыратылган. Бир аз убакыт ѳткѳн соң Рыкунова эркиндикке чыгып, Сим камакта кала берген.

«ICG» басма үйүнүн мүдүрү азыркы тапта кош бойлуу болуп, андан тышкары бой жете элек 2 баласы бар. Азыр ал улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу тергѳѳ абагында отурат.

Сим «Альфа Телеком» [«Мегаком» оператору] ЖАК- кассасынан берилген акчаны алгандыгы үчүн сот жообуна тартылган.

Редакторлор: Илья Каримджанов, Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова