«Ата-Журт» партиясы парламенттеги партиялардын арасынан өз талапкерин биринчи көрсөттү


Келе жаткан шайлоого жакшы даярдануу максатында «Ар-Намыс» партиясынын съезди алдыга жылдырылды. «Ата Мекендиктер» бир айдан кийин өз кондидатынын атын атайт. «Ата-Журт» көрсөткөн Камчыбек Ташиев интервьюсунда? президент болуу үчүн көп мүмкүнчүлүк бар деди. Ал эми «СДПК» жана «Республика» болсо, азыркы күндө партиялардын атынан кондитаттарды тандоо жүргүзө элек.

Жогорку Кеңештен президенттик шайлоого өз талапкерлигин коюууну көздөп жаткандардын саны арбын болот деп билдирет эксперттер.

«Ар-Намыс», «СДПК» , «Республика», «Ата-Журт», «Ата Мекен» фракцияларынан кондидаттарды тандоо партиялардын съезддеринде болду. Ага жараша “Ата Журт” президенттик тактыга эң эле ылайыктуусу деп Камчыбек Ташиевди атаса, ал чечимге каршы ушул эле партиядан Марат Султанов жана Курманбек Осмонов болду.

Алар аталган партиянын съездине катышпастан, талапкерлигин өзүлөрү алдыга жылдыраарын билдиришет. Эгер алардын шайлоого катышабыз деген сөздөрү ачык съездде айтылса, бул чон талашууларга алып келе тургандыгын алардын бири айтат.

Съезддин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Камчыбек Ташиевди жылдызга теңеп, ал өлкө башчысы болууга толук мүмкүнчүлүгү бар деди.

Жаннат Ахматова «Ата-Журт» партиясынын өкүлү. Анын айтымында Камчыбек Ташиев президенттик тактыга татыктуу адам. Ал Кыргызстанды жакшы нукка буруу жолдорун билет.

Базарук Абдыкадыровдун айтымында ал турган «Ата-Журт» партиясынан сөзсүз түрдө талапкер болушу керек. Анткени бул партияда жалаң гана чынчыл адамдар иш алып барат. Ушул эле партиянын өкүлү Садыр Жапаров дагы Ташиевдин президенттике талапкер болгонуна каршы эмес оюн билдирди.

Келе жаткан шайлоодо Курманбек Осмоновду колдоочулардын саны арбын. Эл өкүлүнүн өзүнүн айтымында, аны колдоого алабыз дегендердин арасында ”Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү, өлкөнүн аймактарындагы жашоочулар жана бийлик өкүлдөрү да бар.

Аталган партия өткөргөн съезддин соңунда, делегаттардын чечими менен Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер деп табылды.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов партиянын съездинде отуруп, алардын ишине нааразычылыгын билгизди. Анын оюнда партиянын кээ бир туура эмес даярдыктары бар.

Мындай билдирүүдөн кийин “Ата Мекен” партисынын атынан президенттик тактыга талапкердин аты жөнү Республикалык съездде билинет деген чечим чыгарды партиянын лидери Өмүрбек Текебаев.

“Ар Намыс” партиясынан өз кезегинде татыктуу талапкерлер көп дейт Феликс Кулов.

Делегаттар жогоруда айтылган партиянын атынан: Акылбек Жапаров, Анарбек Калматов, Турсунбай Бакир уулу, Бодош Мамырова, Эмиль Алиев жана Торохан Жунусбековду тандады.

Бирок Эмиль Алиев, Бодош Мамырова, Турсунбай Бакир уулу президнеттик шайлоодо өз талапкерлигин коюуудан баш тартты.
“Ар Намыстын” делегаттары ачык тандоодо берген добушунун жыйынтыгы боюнча, Калматов 96 добуш, ал эми Акылбек Жапаров 73 добушка ээ болду.

Бирок партиянын делегаттары бул жыйынтыкка канааттанган жок. Лидердин чечими боюнча, партиянын өкүлдөру өз добушун экинчи жолу берди. Калматов 98 добуш, Жапаров 72 добуш алды.

Съезддин жүрүшүндө, Акылбек Жапаровду, Турсунбай Бакир уулу жана Феликс Кулов колдой тургандыгы билдиришти. Алардын айтымында, ал жакшы экономист жана татыктуу талапкер.

Жапаров, эгер ала президент болуп калса, Феликс Кулов өлкөнүн премьер-министри болоорун баса белгиледи. Кондидаттын айтканына караганда, анын мамлекетти алдыга жылдыруу боюнча программасы толугу менен “Ар Намыс” партиясынын программасына төп келет да, ар бир жарым жыл сайын ал партиянын алдында отчет берет. 2 жыл ичинде өлкөдөгү дефициттин санын жоем деп убадасын берди талапкер Жапаров.

“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын өкүлү Азиз Курамаев өз партиясынын иши менен толук канагаттанбай турганын белгилеп, депутат Өмүрбек Абдрахманов “Манас” эпосунун каарманын “Бандит” деп атаганы туура эме деп айтты.

Бул партиянын делегаттары президенттик шайлоодо талапкер болом деп даярданып жаткан баардык саясатчыларды мамлекеттик кызматынан бошонуусу керек деди.премьер-министр Алмазбек Атамбаев дагы талапкерлигин кое турган болсо, кызматынан кетиши зарыл. Алардын айтымында бул саясатчылар арасындагы тең салмактуулукка алып келет.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, алар партия өкүлдөрүнүн санын көбөйтүүсү зарыл. Съезддин катышуучуларынын жана лидердин чечими менен, “Ата Мекенден” талапкерлер партиянын экинчи съездинде тандалат.

Партия келечекте кыргыз тилин адабий нукка буруп, аны өнүктүрүүнү көздөп жатканын айтат.

Парламенттин кырамында турган “Республика” жана “СДПК” партиялары өз партияларынын атынан болгон талапкерлерди бир аз күндө билдиришет.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова