Кыргызстанда бир нече саат интернет баракчалары ачылбай калды


Ички интернет-трафик ишинин токтошу, провайдерлердин ортосунда маалымат менен алмашып турууну камсыз кылган “Пирингдин” бузулушу менен байланыштырышат. Ал эми кээ бир компаниялар станцияда болгон авариянын кесепетинен интернет иштебей калды дешет.

11-июль күнү кечки саат төрттөн жетиге чейин Кыргызстандагы көп бев-сайттар колдонуучулар үчүн жабык болду.

Биздин өлкөдөгү «Кыргызтелеком» жана «Элкат» компаниялары интернеттин ички трафиктери менен колдонуунун мындай жок болушу, пилингдеги иштин так жүрбөгөндугү менен байланыштуу болгон дешет.

Маалыматтарды алмаштыруу пилинг трафиги, иш убагында техникалык жактан жабыркап, андан улам Кыргызстандагы интернет бир аз убакытка жок болду. Пилинг трафигинин иши үчүн жоопту байланыш операторлорунун ассоциациясы эсептелет.

Подстанциядагы авария

Кыргызстанды интернет менен камсыз кылып туруучу компаниялардын көбү интернеттин жок болушун Бишкектеги электр станцияларында болгон авария менен байланыштырышат.

“Түндүкэлектро” бөлүштүрүү компаниясынын билдиргенине караганда, 11-июль күнү кечки саат төрттө жогорку вольттуу линия жабыркап, “№4 борбордук” подстанциясынын кабели иштен чыккан.

“Түндүкэлектро” ачык акционердин коомунун билдиргенине караганда, алар төрт жарымда жабыркаган электр кабелдерин таап, аны кечки саат жетилерде оңдоп, ишке киргизген. Ошол эле замат интернет колдонуучулары веб-сайттарга киргенге мүмкүнчүлүк алды.

Ошол эле күнү кечки саат сегизде “Мегалайн” интернет-провайдери «Твиттерге», баарын оңдоп ишке киргизүү үчүн куч-аракеттердин баары жумшалганын билдирди.
Интернет иши токтоп калган учурда арыздангандар болгон эмес дешет интернет провайдерлери.

Редактор: Анна Лелик
Которгон: Кундуз Исмаилова