Оштогу кайра салынып аткан үйлөр, жергиликтүү тургундардын көңүлүнө төп келген жок


Этникалык кагылышууда Шарк айыл округунда 300 ашуун үйлөр жабыркаган. Жергиликтүү тургундар курулуш атериалынын тартыштыгына нааразы болуп, иш кыш айларына чейин жүрө тургандыгын билдирди. Өз кезегинде бийлик өкүлдөрү, план убагында эле аткарылып жатат дешет.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюмуна, Кара-Суу районунун Шарк айылынын 80 ашуун өзбек улутунун тургундары кайрылшкан. Алардын айтымында, кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери тиешелүү деңгээлде жүргөн жок.

Курулуштун таштандыларын тазалаган жергиликтүү тургундар, өзүнүн эмгеги үчүн акчасын ала элек. Каражат банктагы счетко которулганы менен, аны колго алууга атайын карталар жок. Ал тургай бийлик, фундаментти куюууга да шашпай турат деп билдиришет айыл жашоочулары.

Ош жана Жалал-Абадты калыбына келтирүү боюна мамлекеттик дирекция, качкындар боюнча Даттык совет жана техникалык карым-катнашты өнүктүрүү агенствосу, оңдоп-түзөө иштеринде артта калып жатат дешет жергиликтүү тургундар.

Ал эми мамлекеттик дирекциянын эксперти Абдрасул Акматов курулуш иштери боюнча элдин маалыматын четке какты.
«Материалдар убагында келип, биздин кызматташтар өзүнүн графигине жараша иш алып барууда», —деди Акматов.

Жабыркагандар ар-сар болууда

Айылдык округдун жашоочулары курулуш иштери, убагында бүтөөрүнө ишенбейт.

«Убакыт өтүп жатат. Курулуш иштери жүрбөй эле. Суук түшүп кетсе, биз бир нече үй-бүлө болуп, бала-бакырабыз менен кичинекей үйлөрдө жашап калабыз. Биздин акыбалыбыз эч бир бийлик өкүлдөрун ойго салбайт», — деп Шарк айылынын тургундары нааразы болушат.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюмунун кызматкери Зульфия Темирбулатова Шарк айылынын тургуну. Анын айтымында, алар кимге барып, кимге кайрылаарын билбейт. Мамлекеттик дирекция жабыркагандарга 60 миң сомдон берген. Бирок курулуш иштери боюнча адистер кызматы үчүн 150 миң сом алышат.

Мамлекеттик дирекция ар бир жарабай калган үйлөрдүн ээлерине үй куруу үчүн 100 квадрат метр бөлүп берген. Ал эми Шарк айылынын тургундары бул чечимге каршы чыгып, диреция курулуштагы көп нерсени эске албагандыгын белгилейт.

Оштогу «Интербилим» ресурстук борборунун менеджери Гүлгаакы Мамасалиева, курулуш материалдары убагында эле жеткирилип жатат деп билдирет.

«График коюлган. Анын негизинде дирекция жана анын кызматташтары тиешелүү куруу иштерин жүргүзүүдө. Балким тургундар ал тууралуу билбейт. Себеби кээ бир райондордо иш жүрүп жатат. Бүтөөрү менен курулушчулар башка айылдардагы иштерге киришет. Нааразы болгондор графикти бизден алып, тааныша алышат», – деди Мамасалиева.

Этникалык кагылышуу учурундагы Шарк айылы

Түштүктө болгон башаламандыкта 1600 жеке үйлөр жабыркаган. Ал эми алардын 380 Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында кыйраган. Айылдагы Лев Толстой атындагы орто мектеби да жараксыз болуп, анын ордуна 520 окуучуга эсептелген эки кабаттуу билим берүү имараты салынды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 36 миллион сом сарыпталган.

Мектептин директору Шамшидин Шералиев, 2010-жылы этникалык кагылышууда Шарк айылынын абалын, мындай деп айтып берди.

«Оштогу башаламандык 11-июнда, түнкү саат 00:30 чамаларында башталып, октор атыла баштаган. 11-июндан 13-июнга чейин биздин районго БТРлер келип, үйлөрдү өрттөп, элге карай ок атып, андан тышкары биздин мектепти да өрттөп жиберишти», – деди Шералиев.

Анын айтымында 3 күндүн ичинде 43 адам өлтүрүлүп, 60 адам жарадар болгон. [11–13 июнь аралыгында] «Мектептин тегерегинде эле 155 үй, 22 дүкөн өрттөлгөн. Ал эми өдөңкү Увам көчөсүндө 431 үй өрттөлүп, жараксыз болуп калды», –деп белгиледи Шералиев.

Сүрөттө: Шарк айылы
Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова