Кумшекердин баасы күндөн-күнгө жогорулап жатат


Импорттолгон кумшекерге болгон төлөмдөр алынып салынгандан бери, кумшекерге болгон баалар 2010-жылга салыштырмалуу 31% кымбаттады. Бул тууралуу айыл чарба министирлиги билдирет. Бирок эксперттердин оюнда, баалардын көтөрүлүшү дүйнөлүк экономикага байланыштуу.

Кыргызстан өлкөдөгү кумшекердин 14 гана пайызын өзү өндүрөт, калганы башка мамлекеттерден алынып келинет. Айыл чарба министирлигинин бөлүм башычысы, Асылбек Жумабековдун билдиргенине караганда, 2010-жылы канттын дүң баасы 45 сом 35 тыйынды түзсө, 2011-жылы анын бир килограммы 59 сом, 40 тыйынды түздү.

Жумабековдун билдиришинче, азыр базарларда кумшекердин чекене баасы 60 сомдон 68 сомго чейинки сумманы түзөт. Өткөн жылы анын килограммы 50 сомдон 58 сомго сатылган.

«Биздин дыйкандар кант кызылчасын аз өндүрүшөт да, аны биздин импортерлорго сатышат. Маселен эгер алар биздин кумшекер чыгаруучу заводко кызылчасын өткөрсө, баасы алда канча төмөн болуп калат», — деди Жумабеков.

Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик антипонополияны калыбына келтирүү агенствосунун айтымында, өлкөдө кумшекер өндүрүүчү төрт завод бар. Бирок азыр «Каинды-кант» заводу гана иш алып барып, монополист болуп эсептелет.

«Ушул жылдын 19-майында атайын мыйзам кабыл алынган. Ага жараша Кыргызстанга кирген кумшекердин 30 пайыз бажы төлөмдөрү алынып салынган.», — деп билдиришет агенствонун өкүлдөрү.

Экономикалык тескөө министринин орун басары Олег Панкратовдун айтымында, мамлекеттик пошлиналарды алып салуу, канттын баасын арзандатууга алып келген жок.

«Биздин министирлик баардык эле бааларды калыбына келтирүүнун устүндө иш алып барат. Импорттолгон кумшекерге болгон төлөмдөрдү алып салсак, баалар түшөт деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок. Баардык эл мамлекеттерде шекердин баасы көтөрүлүп, Кыргызстан дагы алардын катарына кирди», — дейт Панкратов.

Кумшекердин баасы дүйнөлүк экономикадан көз каранды

Кыргызстандагы соода мекемелери жана тейлөө тармактар ассоциацынын президенти Сергей Пономарев, өлкөдө кант кызылчасынын аздыгынан баалар кымбаттап атат дейт.

«Эгер кант аз болсо, баалар жогорулайт, эгер көп болсо, баалар арзандайт. Мамлекеттик төлөмдөрдү азайтуунун кажети деле жок болчу. Дүйнөлүк экономика өзгөрүп жатканда, эч качан ал Кыргызстанга да өз кедергисин тийгизбей койбойт», — деп билдирди Понамарев.

Кумшекерди дүң саткан соодагерлери канттын баасын күндөн-күнгө жогорулатып жатышат дейт Бишкек иш клубунун жетекчиси Улук кыдырбаев.

«Кант менен камсыз кылып турган ички жана тышкы өндүрүүчүлөр балким өз ишин тиешелүү деңгээлде алып бара албай жаткандыр. Аны билген соодагерлер кумшекерди дүң алып, бааларды каалагандай кылып коюп атат. Бааны калыбына келтирүү үчүн биздин өндүрүүчүлөрдүн өзүнүн күчтүү саясаты болушу керек. Конкуренттерге каршы тура билүү зарыл», — деп эсептейт клубдун жетекчиси.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, баалар кардарлардын суроо-талаптарына байланыштуу дейт.

«Антимонополилык комитет кандайдыр бир механизм ойлоп чыгып, кумшекердин баасын азайтууга аракет кылышы керек. Биздин өлкөдө жакшы кантты өндүрүү үчүн жакшы өкмөт керек», — деп белгиледи Сарыбаев.

Экономикалык тескөөнүн экс-министри Эмиль Уметалиев, дүйнөлүк экономиканын өзгөрүшүнүн негизинде, кумшекердин баасы кымбаттады дейт.

«Ушул айлары баалар Россия, Казахстан жана башка өлкөлөрдө кыйла жогорулады. Биз кандай гана күн болбосун, баарыбир дүйнөлүк экономиканын нугу менен болобуз», — деди Уметалиев.

Беларусь— негизги импортчу

Кыргызстандыктар ар бир жылы 80-85 тоннага чейин кумшекерди колдонушат. Анын 85% Белорусиядан алынып келинет.


Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова