Баткенде болгон жер титирөөдө жабыр тарткандар болгон жок


Баткен аймагында 19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Кадамжай районунун Совет айыл округунда силкинүү 7-8 баллга жетти. Жергиликтүү бийликтин айтымында, кишилей чыгым катталган жок. Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан эски имараттарда там күбүлүп, жаракалар пайда болгон.

Америкалык геологилык кызматынын билдиргенине караганда, Кадамжай району жер титирөөнүн ордосу болуп, эпицентр 9,2 тереңдикте жайгашкан. Силкинүүнү Ош жана Бишкек шаарында иштеген Kloop.kg порталынын кызматкерлери да сезгенин тастыктакган.

Кадамжай районунун Акиминин биринчи орун басары Жаныбек Исаков кабарчылар менен байланышып, жабыр тарткандар болбогондугун билдирди. Эпицентрден 20 киллометр аралыкта жашаган Кадамжайдын тургундары жер титирөө учурунда эшике чыгышкан.

Баткен облусунун калаасы Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилери кыйроолор жок деп белгиледи. Бирок көпчүлүк тургундар эшикке чыгышкан.

«Мен азыр эл менен туруп, аларды тынчтыкка чакырып жатам. Милиция өзгөчө кырдаалдар министирлиги, водоканал жана шаардык электр тармагы өз ишин улантып, баардыгы өз калыбында иштеп жатат», — деди шаардын мэри Хабийбулла Халмурзаев.

Мэрдин айтымында, жергиликтүү тургундар арасында кымгуут пайда болууда.

«Милиция элдерди үйлөрүнө кайтуусун суранып, шаардагы тартипти сактоодо», — деди Халмурзаев.

Айрыкча Кызыл-Кыяда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары бул жагдайда айласын таппай калды. Кээ бир эски үйлөрдө жаракалар пайда болгон.

Шаардын тургуну Канайым Ташполотова дагы Kloop.kg порталына бул тууралуу билдирүү жасады.

«Жер титирөө 40 секундтун ичинде болду. Анан эски көп кабаттуу үйлордүн тамдарында жараңкалар пайда болду», — деп жазган Ташполотова.

Түштүктүн жашоочуларынын коркунучу

Токтосун Мадумаров, жер титирөөнүн эпичентринен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Анын айтымында силкинүү катуу болгондуктан, баардык жеке секторлордун тургундары ошол замат эшикке чыгышкан, окуяда жабыр тарткандар болгон эмес.

Кадамжайда жашаган Авазбек Алимбаев сейсмологиялык учурларда туруштук берген курулуш институтунун кызматкери да жер титирөө түнкү саат 01:35 бешталганын билдирет.

«Менин билишимче жер титирөө 6 баллдын тегерегинде болуп, 1 мүнөткө уланды. Бул менин жашоомдогу эң катуу жер титирөө болду, абдан корктум», — деп Kloop.kg порталына билдирүү жөнөткөн Кадамжайдын тургуну Алимбаев.

Кадамжай районунун Ак-Турпак округунун тургуну Асылбек Мадалиев, жер титирөөдөн кийин анын районунда элект жарыгы өчүп, жарым сааттан кийин кайра күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги жеткиликтүү эмес

Ош шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар министирлигинин ыкчам нөөмөтчүсү, жер титирөө болгон түнү телефон чалууларга жооп берген жок, деп билдирет кабарчы Айзат Шакиева. Андан тышкары журналисттер өзгөчө кырдаалра министри, Болотбек Борбиеке дагы чала алышкан эмес.

Министирдин орун басары Кубатбек Бороновко чалып, окуя тууралуу сүйлөшүү учурунда, телефондук байланыш үзүлүп калды.

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги жер титирөөдөн 6 саат өткөндөн киийн гана кандайдыр бир чараларды колдоно баштаган.

АКШнын геологиялык кызматынын билдиргенине караганда, Баткен облусунда болгон жер титирөө ушул жумада бүткүл дүйнө жүзүндөгү эң катуу болуп саналды

Салыштырууга, 2011-жылдын март айында Японияда болгон жер титирөө 9 баллга жетип, 32 чакырым тереңдикти түзгөн.

Баткендеги силкинүүлө катуу болгондуктан аны Ош, Ташкент жана эпицентрдан 700 чакырым алыс турган Бишкек шаарынын тургундары да сезген.

«Фергана.ру» басмасынын билдиргенине караганда жер титирөө учурундагы кымгуут Өзбекстандын борбор шаарынын тургундары арасында да болгон.

Сүрөттө: Баткен шаарынын борбору
Автор: Анна Лелик, Бектур Искендер, Айзат Шакиева
Которгон: Кундуз Исмаилова