Быйыл Оштогу абитуриенттердин саны кирүү экзамендери алынып салгандан кийин төмөндөдү


Абитуриенттерди Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат. Оштогу ЖОЖдордун айтымында кирүү экзамендерин болтурбай койгондуктан кабыл алынуучу абитуриентердин саны азайды.

Ош Мамлекеттик Университетинин кадр бөлүмүнүн маалыматында 2009 жылы 5100 абитуриенттер кабыл алынган. Ал эми 2010 жылы 1606 адамга азайды. Ушул эле бөлүмдүн башчысы Гулсара Турдубаева мындай айырмачылык былтыркы түштүктөгү болгон коогалаңга байланыштуу.

«Ата- энелер Ошто кимдин квартирасында, кандай жашайт, деп кооптонушуп балдарын Бишкеке жиберишкен»,- деп айтты Турдубаева Кloop.kgге берген интервьюсунда.

Кабыл алынган абитуриенттердин саны төмөндөгөндүгүнүн себебин Ош Технологиялык Университетинин кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Амат Артыков бүтүрүүчүлөр өз убагында маалыматка ээ болбой калгандыгы менен түшүндүрөт.

«Быйылкы жылдын кабыл алуу комиссиясынын иши жөнүндө айта турган болсом, былтыркы жылдан айырмаланып күндүзгү бөлүмүнө жана гранттык орундарга жалпы мамлекеттик тестирлөөнүн негизинде алып жатабыз. Ошого байланыштуу гана абитуриенттердин саны аз болуп жатат»,- деди Артыков.

Ошондой эле Артыков абитуриенттердин азайышы шаарда стабилдүүлүктүн жоктугу менен байланыштуу экендигин билдирди.

«Интернет булактарында жазылып жаткандай, кандайдыр бир өлчөмдө шаарда стабилдүүлүктүн жоктугу абитуриенттерге таасирин тийгизген, себеби балдар депрессияда болгон, ушуга байланыштуу көпчүлүк абитуриенттер Бишкекке кетип жатышат»,-деди ал.

Бирок ОшТУга экзамен уюштуруу өтүнүчү менен дагы көптөгөн бүтүрүчүлөр кайрылууда.
Ал эми Ош Мамлекеттик Университетинин кабыл алуу комиссиянын жоопту катчысы Жаныбек Муратов Артыковтун оюна кошулбастыгын айтты.

«Абитуриенттердин саны мурунку жылдарга караганда аз деген сөзгө кошула албайм, маселен биз биринчи эле турда[2011 жылы] үч миң абитуриенттин талонун кабыл алдык.[…]», - деп сөзүн жыйынтыктады Муратов.

Экинчи этап – укпай калгандарга

Керээз Жукеева Билим берүү министрлигинин пресс-катчысы Билим берүү жана илим министрлигинин 2011 жылкы чечими боюнча абитуриенттер күндүзгү бөлүмгө жалпы мамлекеттик тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана өтө алышат. Пресс-катчынын айтымында чечимдин негизги милдети - коррупцияны жою.

«Биз жалпы мамлекеттик тестирлөөнү эки этапта өткөздүк. Биринчи этап 21 майдан - 24 майга чейин, ал эми экинчи этап тестирлөө жөнүндө укпай калгандар үчүн, кандайдыр бир себептер менен тестирлөөгө катышпай калгандарга. 27 майдан - 1 июнга чейин болуп өттү»,- деп айтты Жукеева.

Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Абдырахман уулу Кутман тестирлөөнүн экинчи этабы болуп өтсө да, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган чечим абитуриенттердин мүмкүнчүлүгүн чектейт деген ойдо.

«Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коюлган тосколдуктардан өтпөй калышууда. Алардын бирден бир себеби бул күндүзгү бөлүмдөргө өтүүчү сынактарды алып койгондуктан, убагында маалымат албай калган абитуриенттер өтпөй калышууда»,- деп эсептейт ал.

Окууга өтүү кыйын эмес

ЖОЖдорго күндүзгү бюджеттик бөлүмүндүн кирүү баллы 110, ал эми контракттык бөлүмүнө – 100. Ушул тастыкталган сандарга жетпеген абитуриенттердин бири өзүнүн аты-жөнүн айтуудан баш тартты. Ал ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетине күндүзгү бөлүмүнө кирүү үчүн 89 балл менен акча берип өттү.

Асель Касымбекова өзүнүн негизги баллынын жыйынтыгы менен канаттанбайт. Ал ЖОЖдордо кайра кирүү экзамендер болсо, жакшы болмок эле деген ойду билдирди.

«Бул балл менен күндүзгү бөлүмүнө өтө албайт экем, ата - энемди кыйнабай бюджетке окуюн дедим эле. Бизге проходной баллды азайтып, мурунку экзамен аркылуу өтүү системасы кайра иштесе жакшы болот эле»,- деди абитуриент.

Ал эми Азимай өзүнүн негизги тестирлөө жыйынтыгы менен Kloop.kgге берген интервьюсунда кубанып айтты.
«Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 170 балл алдым. Ошко тапшырганымдын себеби, Ош - бул менин көнүп калган шаарым»,-деп мактанды Азимай.

Автор: Анара Арстанбекова
.