Газпром: Өлкөгө мунай затын алып келүүсү 24-июлда жандандырылат


«Газпром нефть Азия» жогорку октандагы күйүүчү май өлкөгө ушул жуманын аягына чейин алынып келинет деп билдирди. Көпчүлүк май бекеттеринде Аи-92 жана Аи-98 маркасындагы мунай заты жокко эсе. Ар бир айдоочуга 10 литрден ашык эмес май берилүүдө.

Kloop.kg порталына берген маалыматында, «Газпром нефть Азия» компаниясынын ММК менен иш алып баруу боюнча адиси Ольга Волосатых, күйүүчү майдын чоң партиясы ушул жуманын аягына чейин болот деп билдирди.

Көпчүлүк колдонгон Аи-92 жана Аи-98 майдын түрлөрүнүн чектелип сатылышы, Россиянын өкмөтүнүн майды экспорттоого тыюуу салышы менен байланыш.

«Шымкентнефтеоргсинтез» [ «ШНОС»] ачык акционердик коомунун кызматкеринин айтымында, азыр алардын балансында сатууга мунай заты жок.

«Бүгүнкү кундө күйүүчү май абдан тартыш болуп калды. Мурун берилген талондордун негизинде айдоочулар бензин алып жатышат. Ал эми калгандарына, жаңы алынып келүүчү майды күтүүгө туура келет», — деп «Шымкентнефтеоргсинтездин» пресс-кызматы билдирди.

Аи-80 маркасындагы майды сатуу токтотулбастан, бүгүнкү күндө кардарларга сатылып келүүдө.

Баалардын кымбатташы

Бир нече күндүн ичинде «ШНОС» жана «БНК» май бекеттери жогорку сапаттагы бензиндин баасы орточо эсеп менен 3 сомго жогорулап, 41 сомго чейин жетүүдө.

Азыр «Газпромдо» Аи-92 күйүүчү майдын баасы 34сом,30 тыйынды түзөт.

Көпчүлүк айдоочулардын айтымында күйүүчү майга болгон баалар көтөрүлгөндөн бери өздүк унаа менен жүрүү оор болуп калды. Алар өз унаасын токтотуп коюп, коомдук транспортко түшүүгө аргасыз болушту.

Бензинди алып келүүгө тыюуу салынды

Бажы союзунун мыйзамына ылайык Казахстан күйүүчү майды алып келүү боюнча тыюуу салууну, Россия менен Белоруссиядан өтүнгөн. Кыргызстанда мунай затынын жок болушу ушул менен байланыштуу.

«Июль айынын башталышында Казахстан 10 күн аралыгында күйүүчү майды алып келүүнү токтотууну Россия менен Белоруссиядан суранган. Алар ушул кундөрдүн ичинде мунай затын алып келген жок. Бирок бул маселе биздин өлкөгө кедергисин тийгизбеши керек деп, алар кайра ишин жандандырган», — деди Кыргызстандын нефтирейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев.

Омсктогу нефтини кайра өндүрүүчү заводу Кыргызстанга күйүүчү майдын басымдуу пайызын алып келип турган. Бирок Россиянын ички ахыбалына жараша алар өлкөнү май менен камсыз кылууну токтотууга аргасыз болгон.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова