Кыргызстан Душанбеге бегемотту берген эмес


20 ашуун КМШ мамлекеттери Турсунбай аттуу бегемоту Кыргызстандан Душанбеге берилгенин маалымдашкан. Караколдогу зоопарктын кызматкерлери өлкөдө эч качан бегемот багылбаганын айтып, ал эми Душанбедеги зоопарктын жетекчилиги жаныбар Казахстандан алынып келингенин айтышты.

Бишкектеги бегемот [гиппопотам] тууралуу кабарды 2011-жылдын
19-июнунда, 20 ашуун интернет баракчалары жазып чыгышкан.

Алардын бири Таджикистандагы «Азия-Плюс» маалымат агенствосу бегемот Кыргызстандан Душанбедеги зоопаркка автоунаа менен, 11 күн мурун жеткирилди деп өз интернет сайтында маалымат берген.

«Бегемоттун ордуна Бишкектин зоопаркы 2 бүркүт, 2 акбаш сип жана олбурлуу грифтерди алат», –деп «Азия-Плюс» маалымат сайты Душанбедеги зоопарктын мүдүрүнүн орун басары Орзу Саиджамолдун сөздөрүнө таянып, жазган.

Lenta.ru маалыматтык агенствосунун билдирүүсүндө, Турсунбай аттуу бегемот акыркы 20 жылдын ичинде Таджикистанга биринчи жолу келген жаныбар.

«Бишкектин зоопаркынан бегемотту которуу тууралуу сүйлөшүүлө торт жыл аралыгында улантылып келген»,– деп Lenta.ru сайты жазган.

«Бегемоттор болгон эмес жана болбойт»

Kloop.kg порталына берген кабарында, Караколдогу зоопарктын кызматкери Ольга Лагуточкина, өлкөдө бегемот жашабаганын жана эч качан болбой турганын баса белгиледи.

«Бизде аны багуу үчүн тиешелүү шарттар жок. Ал үчүн жагымдуу климат жана чоң суу керек», – деди Лагуточкина.

Зоопаркта иштегендер, КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк маалыматтык
агенстволорунда туура эмес жаңылыктын тарашына нааразычылыгын билдиришти.

Kloop.kg порталынын кабарчысы менен маектешүүсүндө, Душанбедеги зоопарктын мүдүрү Назарали Саттаров гиппопотам Кыргызтандан алынып келди деген маалыматты жалган деди.

«Турсунбай аттуу бегемот Шымкенттеги зоопарктан келди. Биз жаныбарлар менен алмашуу процедурасы тууралуу келишимди Кыргызстан менен эмес, Казахстан менен тузгонбүз», – деди Сатторов.

Бегемоттордун жашоо-шарты

Бегемоттор сүт эмүүчүлөрдүн түрүнө кирет. Анын тулку бою чоң жана жүн менен капталган эмес. Чоң бегемоттун узундугу 4,5 метрге жетип, ал эми туурасы 1,5 метрди түзүшү мүмкүн. Салмагы 2700 киллограмдан 4500 киллограмга чейин жетет.

Бул жаныбардын дээрлик көбү Борбордук жана Түштүк Африкада жашайт.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөт: karakal