Шайлоо-2011: Президенттикке талапкерлердин саны он алтыга жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 20-июлга карата 16 талапкер, президенттик тактыга отуруу үчүн шайлоого катышууга арыздарын беришкен. Алардын алтысы партиялардын атынан, ал эми калган ону талапкерлигин өзүлөрү көрсөткөндөр.

Парламенттеги беш партиялардын ичинен «Ата-Журт» гана 9-июлда өткөн съездден кийин лидер Камчыбек Ташиевди партиянын атынан расмий талапкер деп тандаган.

БШК 14-июлда өткөн отурумунда, Ташиевдин жардамчылары Самат Борубаев жана Аида Тологонованын талапкерлиги колдоого алынган. Алар кондидат Ташиевдин акча фондун көзөмөлгө алып, элдин колун чогултат.

Ташиев бул жылы бир гана саясаттагы иши эмес, ал жылдын башында эки жолу өзүнүн кесиптеш депутаттары менен токмоктошуп, андан сырткары, өзүнүн партиялашы Бахадыр Сулеймановду да уруп-соккон.

«Ата-Журттун» лидери Жогорку Кеңештин V чакырымындагы депутаты.

Андан кийин өз талапкерлигин «Бутун Кыргызстан» [«Единый Кыргызстан»] партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров көрсөттү.
Мадумаров өлкөнүн түштүгүнө барган учурунда мурунку президент АскарАкаевди жана Курманбек Бакиевди мамлекетке алып келиш керек деген оюн айткан.

«Бир күнү «Бутун» баарыбир Акаев менен Бакиеди Кыргызстанга алып келет. Аларды алып келип, эски көндүм адаттарды кетирмейин биз уят болобуз», — деген «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери.

Эркин Булекбаев — «Жашылдар» партиясынын уюштуруучуларынын бири. 12-июлда өткөн партиянын съездинде, партиянын лидери Наргиза Абдылдаева декреттик эс алууга кеткенден кийин Булекбаев өз талапкерлигин көрсөткөн.

«Эл үчүн» партиясынын лидери Арстанбек Абдылдаев президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин төртүнчү болуп көрсөттү.

Абдылдаев «Аиурдин» компаниясынын башкы мүдүрү болуп эмгектенет. Аталган компания өлкөдө медицина кызматкерлери, эл агартуучулар үчүн үй жана көп кабаттуу батирлерди куруу менен алектенет.

«Ар-Намыс» партиясынын өкүлү Турсунбай Бакир уулу, «Эркин Кыргызстан» партиясыны атынан президенттике талапкер катары көрсөтүлдү.

1995-жылдан 2002-жылга чейин Бакир уулу «Эркин Кыргызстан» партиясынын башчысы болуп келген, ал эми 2010-жылы ал «Ар-Намыс» партиясынын өкүлү болду.

2002-жылы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын биринчи омбудсмени болгон.

Ошондой эле ал президенттикке талапкерлигин 1995, 2000 жана 2005-жылы койгон. 2007-жылы ал президенттик шайлоого катыша албай калган, маселен ал, өкмөт тарабынан Кыргызстандын Малайзиядагы посолу болуп бекитилген.

Президенттикке талапкерлердин тизмегин 19-июлда Коммунисттер
партиясынын лидери, Исхак Масалиев толуктады.

Масалиев бажы кызматынын полковниги, экинчи класстагы Мамлекеттик кеңешчи болуп саналат. Ал 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырымындагы депутаты болгон.

Өз талапкерлигин көрсөткөндөр

Аскер сотунун судьясы Барктабас Азимкулов 13-июлда БШК- өз
талапкерлигин көрсөткөн. Кондидаттын айтымында, аны колдоо үчүн кол чогултуу 15-июлда эле башталган.

БШК- 15-июлдагы отурумунда, Азимкуловдун өкүлү деп Канымбубу Бейшеева жана Ильичбек Султанкулов дайындалган.
«Сергей Радонежский жана Айкол Манас» атындагы укук коргоо борборунун мүмкүнчүлүгү чектелген уюмунун башкы мүдүрү, «Жашылдар» партиясынын өкүлү Игорь Трофимов дагы президенттикке талапкерлигин көрсөттү.

Трофимов шайлоо алдындагы компаниясын билдирген биринчи кондидат болуп саналды.

Жумушсуз Тургунбек Нарикеев жана Жылдызбек Стамбаев президенттик тактыга талапкерлигин 18-июлда көрсөтүшкөн.

«Ата-Журт» партиясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин V чакырымындагы депутаты Курманбек Осмонов, 18-июлда президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн.

«Көмүр ханы» аталган Нурлан Мотуев, 19-июлда президенттикке
талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөттү.

Ошондой эле Мотуев, чыныгы мусулмандар союзунун төрагасы болуп эмгектенет.

2006-жылдын 24-ноябрында Нурлан Мотуевка 14 түрдөгү кылмыш иши боюнча кунөөлү деген айып коюлган. ИИМ- билдиришинче, Мотуев 32 820 327 сомду түзгөн көмүрдү уурдааган.

2008-жылдын январь айында аталган талапкер прокуратуранын
иликтөөлөрүнөн кийин, сот ишине чейин өлкөдөн чыгууга тыюуу салынган кагаз менен камактан бошотулган.

Нурлан Мотуев 2009-жылы президнеттик шайлоого катышып, бирок 1% аз добуш чогулткан. Шайлоо алдындагы иш учурунда башка талапкерлер Мотуевдин аң-сезиминин деңгээли төмөн деп эсептеген оюн билдиришкен.

Ошондой эле 20-июлда 4 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына арыздарын киргизген. Алардын катарында, «МК Азия» басма сөзүнүн башкы редактору Улугбек Бабакулов, убактылуу жумушсуз Темиркул Өмүралиев, коопсуздук министирлигинин полковниги Болотбек Казакбаев жана
«Инсанат» эл аралык фондунун президенти Өмурбек Эгембердиев кирет.

Арыз тапшыруу эрежелери

Конституцияга ылайык президенттик тактыга талапкерлигине, жашы отуз бештен кем эмес жана жетимиштен ашык эмес, бир гана Кыргызстандын жараны болуп, өлкөдө 15 жылдан кем эмес убакыт жашаган адам өз арызын көргөзө алат.

Бир эле адам эки жолу президент боло албайт.

Президенттик шайлоо 2011-жылдын 30-октябрында болот. Талапкерлердин арыздары 16-августка чейин кабыл алынат.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев, Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова