Шайлоо-2011: Президент болууну калагандардын саны он тогузга жетти


БШК- 21-июлга карата дагы 4 киши президенттик шайлоого көрсөттү. Талапкерлердин арасынан биринчи болуп шайлоо алдындагы компаниясын көрсөткөн Игорь Трафимов арызын кайра алган. Өлкө башчысынын кызматын аткарууну калагандардын жалпы саны 19 адам болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргени боюнча 21-июль, иш күндүн ичинде 4 адам өз талапкерлигин көрсөткөн арызын киргизишкен.

Өлкө башчысын тандоого катышууну каалаган Өмүрбек суваналие болду. Ал азыркы тапта четтетилген генерал-майор.
2003-жылдын февраль айында Суваналиев «Ар-Намыс» партиясынын сасий кеңешинин катарында турган.

«Бийлик мени мурун күч структураларынын кризистик менеджери катарыколдонушкан. Аз убакыттын ичинде өлкөнү тартипке келтирсе болот», –дейт талапкер Суваналиев.

Кыргыз тилинин мугалими, коррупцияга каршы кыймылдын өкүлү, убактылуу жумушсуз Дамира Токтосунова дагы президенттикке талапкерлигин койду деп билдирет БШК.

Латвия Республикасынын Кыргызстандагы «Маро» фирмасынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов 21-июлда талапкерлигин бергендердин катарында үчүнчү болду.

Кыргыз Республикасынын президентинин иштери боюнча ички аудиттик бөлүмүнүн референти Эрнис Айтымбетов бул күну талапкерлигин өзүкөргөзгөндүн катарында төртүнчү болду.

Кайтарылган арыз

«Сергей Радонежский жана Айкол Манас» атындагы укук коргоо борборунун мүмкүнчүлүгү чектелген уюмунун башкы мүдүрү, «Жашылдар» партиясынын өкүлү Игорь Трофимов президенттик тактыга талапкерлиги боюнча арызынкайра алды.

Талапкерлер

БШК- берген маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматын аткарууну каалагандардын саны 2011-жылдын 21-июлуна карата 19 талапкерди түзөт.

Парламенттеги беш партиялардын ичинен «Ата-Журт» гана 9-июлда өткөн съездден кийин лидер Камчыбек Ташиевди партиянын атынан расмий талапкер деп тандаган. Мындан мурун ал өзгөчө кырдаалдар министри болуп, ушул жылы ММК- көңүлүн эки кесиптештери менен согушуп, өзүнө бурган.

2010-жылы парламенттик шайлоодо өтпөй калган партиялардын атынан 5 адамдын талапкерлиги БШК- көргөзүлдү. Бирок алардын бири «Ар-Намыс» партиясынан депутат Турсунбай бакир уулу.
Бакир уулу «Эркин Кыргызстан» партиясынын өкүлү катары БШК- арызын киргизген.

Анын айтымында бул партия 2010-жылкы парламенттик шайлоодо
«Ар-Намыс» партиясы менен бириккен. Депутат президенттик шайлоого ушуну менен төртүнчу жолу катышууда.

Өлкө башчысы болууну каалагандардын көпчүлүк бөлүгүн, өз талапкерлигин койгондор түзөт. Алардын саны 21-июлга карата 13 адам болуп, алардын көбү убактылуу жумушуздар болуп эсептелет.

Өз талапкерлигин өзү көрсөткөндөрдүн бири. Жогорку кеңештеги
«Ата-Журт» партиясынын депутаты Курмабек Осмонов.

Аталган партиянын съездинде, катышуучулардын бирдей тандоосу мененпартиянын атынан Ташиев талапкер деп көрсөтүлгөн. Анда Курманбек Осмонов өзүн жалпы шайлоого койгон эмес. Анын айтымында бул билдирүү делегаттар арасында чоң талаш-тартышка алып келмек.

«Мен өзүмдү жаман сезип калмакмын. Анын үстүнө баардык эле учурда партиянын лидерине өзгөчө артыкчылык көрсөтүлөт», — деди 9-июлда Осмонов.

Автор: Нурзаада Жаныбекова
Которгон: Кундуз Исмаилова