Оштогу ЖОЖго кабыл алынбай калган абитуриенттер бир жыл бою эмне менен алектенишерин билишпейт


Кыргызстанда абитуриенттерди кабыл алуу үчүн кирүү экзамендерин алып салгандыктан, көптөгөн абитуриенттер жогорку окуу жайларга кабыл алынбай бир жыл бою бекер калышууда. Мындай көрүнүшкө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин тарабынан атайын сунуштар бар.

Ош шаарындагы №42 Керме – Тоо атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурсулуу Жусуп кызы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 87 балл алгандыгын айтып, сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып бир жылда эки ай окулаарын туура келээрин айтты.

«Менин баллым проходной балга жетпей калды, кириш экзамендери министрлик тараптан алынып салынгандыктан Ош Мамлекеттик Университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетинин сырттан окуу бөлүмунө тапшырууга туура келди. Бир жыл ичинде эмне менен алектенишимди билбейм», - деп айтты Нурсулуу.

Ошондой эле №1 Федченко атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Исломбек Ахмедов ушундай эле кирүү экзамендерин алып салгандыктан Ош мамлекеттик университетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырганын айтты.

«Мен 75 балл алып калганыма байланыштуу сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым, бирок күндүзгү окуу бөлүмүндө окугум келди эле,- деди Исломбек
Ал ошондой тилеке каршы бир жыл ичинде курулуш иштери менен алектенерин айтты.

«Себеби биздин шаарда башка жеңил иштер жок, алектенгенге эч маанилүү нерсе жок, а мен карындашымды багышым керек»»,- деп капаланды Исломбек

Бүгүнкү күнгө чейин абитуриентердин ЖОЖдорго өтпөй калгандардын саны так эмес. Анткени сырткы бөлүмдөргө абитуриентердин кабыл алуусу 2011 жылдын 25 августка чейин созулууда.

Бийлик тараптан сунуштар

Билим берүү жана илим министрлигинин пресс–катчысы Керез Жукеева kloop.kg ге берген интервьюсунда ЖОЖдорго кабыл алынбай калган абитуриенттер күндүзгү бөлүмдөн башка бөлүмдөрдө окушса болот экендигин белгиледи.

«Тестирлөөнүн жыйынтыгында абитуриенттин баллы кириш балга жетпей калган же болбосо жалпы республикалык тестирлөөгө катышпай калган абитуриенттерге, биз дистанттык,[бул алыс аралыкта интернет аркылуу окуу ] кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрүн сунуштайбыз,- деп түшүндүрдү Жукеева.


Акызыс курстар

Ал эми Жаштар министрлигинин Ош облустук комитетинин башчысы, министрдин кеңешчиси Азамат Алимбеков каалаган жаштар жана окууга өтпөй калган абитуриенттерге Жаштар иштери боюнча министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан түзүлгөн акысыз курстарды сунуштады.

«Биз бүгүнкү күнгө чейин Ош жана Жалал – Абад облустары боюнча 16 жаштар борборлорун ачтык, бул борборлордо компьютер, англис тили, лидерлик жана долбоорлордуу жазууну акызыс үйрөнүшөт», - деп айтты ал.

Азыркы учурда Ош шаарында жаштар борборунда 120 чамасында кыздар жана балдар окушат. Азамат Алимбеков ошондой эле бул курстарды бүткөн жаштардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып өттү.

«Алардын [окуп жаткандардын] ичинен 70 адам компьютердик курста окушат, алар курсту аяктаган соң ICDL эл аралык сертификатын алышат. Бул сертификат 169 мамлекетте иштейт. Ал эми англис тил курсунда 40 адам окуп жатат»,- деп түшүндүрдү ал .

Ал эми Ош облусу боюнча 300 социалдык жактан жетишпеген жаштар профессионалдуу техникалык жактан билимин алып жатыштарын Алимбеков билдирди.

« Бул 300 адам окуусун аяктаганда биз аларды колубуздун келишинче ишке орноштурууга аракет кылабыз, биз жергиликтүү эмгек биржалары менен келишим түзгөнбүз», - деп айтты Алимбеков.

Автор: Анара Арстанбекова