Жаңы акциз салыгы, Кыргызстанда сыранын кымбатташына алып келет


«Арпа» аталыштагы сырага кымбататташы, популярдуу «Дизель» интернет форумунда 25-июлдан тартып чон талкууга алынды. Бийлик, бул жагдай сырага акциздин кымбатташы менен байланыштырып, жакында башка сыралардын баасы көтөрүлөт дейт.

25-июлга карата, баалар «Арпага» гана 35 сомдон 55-60 сомго чейин көтөрүлдү. Спирт ичимдиктери боюнча мамлекеттик агенствосу, сырага салыктар өз нормасынан 5 эсе жогорулаганын айтып, азыркы учурда ал 25 сомду түзөтдейт.

Тиешелүү токтомго өкмөт кол койгондон кийин жаңы салык 2-августта күч алат. Бирок «Арпа» компаниясы токтомду күтүп
отурбай эле, азыртадан эле продукциянын баасын көтөрдү.

Спирт ичимдиктери боюнча мамлекеттик агенствонун мүдүрү Арстанбек Сагындыков бул компания бааларды мезгилден эрте эмне үчүн көтөргөнүн билбей турганын айтып, ал эми «Арпанын» жетекчилиги маалымат берүүдөн баш тартты.

Мындан бир аз мурун аталган агенствонун статс-катчысы Косунбаев, «Московский комсомолец» басмасына эми «Арпанын» аркасы менен баардык түрдөгү сыралар бааларын көтөрө турганын баса белгилеген.

«Сырага акциздик салыктар 12 жыл көтөрүлбөй, баалар жогорулаган эмес»,— деди Косунбаев.

«Балтиканын» кымбатташы

Азыркы тапта, Кыргызстанга продукциясын алып келген Россиянын эң ири импортёрлорунун бири «Балтиканын» баалары, «Арпага» салыштырмалуу бир кыйла арзан.

Бишкектеги «Народный» супермаркеттеринде, «Балтика-3» сырасынын 0,5 литири 31 сомду, ал эми «Балтика-7» 43 сомду түзөт.

Калаадагы майда соода түйүнүнүн сатуучусу Кубан, акыркы күндөрү «Арпанын» баасы кымбаттап, аны сатыкка алып келбей калганын айтат.

Сатуучуга «Балтиканы» алып келип тургандар, жакында Россиянын
«Балтикасына» да баалар бир кыйла жогорулаарын билгизген. Бирок Кубан бул жөн гана ушак-айың деп эсептеп, акциздин ишке киргизилиши тууралуу маалыматы жоктугун билдирди.

«Дизелчандар» эки жаатка бөлүндү

Популярдуу «Дизель» баракчасында, интернет колдонуучулар 4 барак талкууларды жүргүзүп жетишкен.

Алардын арасында сыранын баасынын көтөрүлгөнүн да колдогондор бар болду.

«Мен спирт ичимдиктеринин кымбатташын ар дайым колдойм. Бүгүн коомдук транспортто кетип баратсам, 25-17 жаштагы эки жүргүнчү сыраны сасытып ичип кетип баратышат. Бул уят көрүнүш», — деп өз оюн интернетке жазган интернет колдонуучу считает svak.

Маркиз болсо, тескерисинче ата мекендик өндүрүүчүнү акциз менен кыйнабай, колдош керек дейт.

«Сыра бул стратегиялык перен », — дейт Маркиз.

Авторлор: Любовь Шевченко, Бектур Искендер
Сүрөттүн автору: Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова