БШК төрагасы: Биз маалыматтык агенстволорго шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюуу сала албайбыз


Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери тууралуу токтом боюнча түшүндүрмө берди. Анда онлайн-басмалар аккредитация алган эмес. Мамлекеттик мыйзамда интернеттин орду жазылып, ал массалык маалымат каражаттарынын катарына кирбегендиги берилген.

Туйгунаалы Абдраимов, азыр БШК- төрагасы. Анын айтымында, борбордук шайлоо комиссиясынын интернеттин ишин жөнгө салганга мүмкүнчүлүгү жок. Инернеттеги маалыматтык агенстволорунун үгүт иштерин жүргүзүүдө эч кандай чектөөлөр жок.

«Маалыматтык агенстволорунун шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзгөнгө укугу жок деп айта албайм, анткени эч ким, эч качан бул дүйнөлүк желени бир калыпта кармап, белгилүү бир нормага келтире албайт», – деди БШК башчысы.

«Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзамга ылайык, ММК катарына жалпы элге таркатыла турган басмалар, (Газета, журнал, китеп) жана теле жана радио программалардын түрлөрү кирет.

Медиа Полиси Институтунун расмий сайтында кеңешчи Мурат Абдраимовдун сын-пикирин жазган. Анда кеңешчи эгер БШК- маалыматтык агенстволорун акредитациядан өткөрсө, анын жардамы менен интернет басмаларынын ишин толугу мене көзөмөлгө ала алмак.

Kloop.kg порталына берген маалыматында БШК- өкүлү Гульнара Джурабаева, акредитациядан өткөн басмалар чыгарган макалалары үчүн тиешелүү жоопкерчиликти өз мойнуна алат деген.

Интернет басмалары дагы талапкердерди үгүттөй алат, бирок БШК алардын ишине киилигишпейт.

Бирок БШК- маалыматтык агенстволорунун үгүт иштерин жүргүзүүгө баардык мүмкүнчүлүктөрү бар болгондугун четке какпагандыгы менен, талапкерлер акредитацияланган гана ММК- шайлоо фондусунан акча которуп бере алат.

«Туйгунаалы Абдраимов мынан тушкары маалыматтык агенстволордун көбү расмий эмес түрдө акча каражаттарын», – дейт Меди Полиси Институту.

«Маалымат агенстволорундагы үгүт мыйзам чегинде»

Медиа Полиси Институтунун юристтери белгилегендей, онлайн-басмаларындагы үгүт мыйзамга төп келет.

Мындай айтылган сөздөрдүн бирден бир тастыктоочусу, президентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 22 беренесинин 13 бөлүмү эсептелинет.

«Үгүт шайлоо иштерин жүргүзүүдө төмөндөгү учурларда жүргузүлөт:

1) Массалык маалымат каражаттары аркылуу;
2) Коомдук иш-чаралар аркылуу (чогулуш, жарандар менен жолугуу, коомдук дебат, дискуссия, митинг, демонстрациялар);
3) Б аудио жана башка ушул сыктуу үгүт материалдарын таркатуу;
4) Ошондой эле конституциялык мыйзам тарабынан чектелбеген баардык формаларда үгүт жүргүзүү болот»

Эксперттердин маалыматында мыйзамда бир кемчилик бар, аны коомчулук менен биргеликте чечүү керек.

Борордук шайлоо комиссиясы жана онлайн маалыматтык агенстволорунун ортосундагы талаш суроолрду чечүү үчүн юристтер, БШК- кошумча тизмек жасап, ага үгүт иштерин жүргүзүүнү каалаган онлайн басмаларынын тизмегин киргизүү керек деп белгилешет.

Талапкерлер макул эмес

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгондор, БШК- маалыматтык агенстволорду каттого алгандан баш тартуусу, Кыргызстандагы соз эркиндигине кедергисин тийгизип коюшу толук ыктымал дейт.

«Ата-Журт» парламенттик партиясынын депутаты, өз талапкерлигин койгон Курманбек Осмонов БШК- чечимин негизсиз дейт.

«Алар мыйзамга таянып эле, маалыматтык агенстволор ММК- катарына кирбейт деп коюшту. Мен шайлоо алдындагы үгүт иштеринде анысына карабастан онлайн-басмаларынын кызматы менен колдоном», –деди талапкер.

«МК Азия» басмасынын башкы редкатору, талапкер Улугбек Бабакулов дагы Медиа Полиси Институтунун юристтеринин көз карашын жактайт.

«Менин билишимче маалыматтык агенстволор ММК-катарына кирбейт. Бирок аларды “Тыюу алынбаган каражаттар” деген болүмгө кошуп койсо болот», – деди Бабакулов.

Ошондой эле талапкер 1992-жылы чыгып, бир жылдан кийин ондоолор киргизилген ММК тууралуу мыйзам эскилиги жетип, азыркы стандарттарга шайкеш эмес деген оюн баса белгилеп айтты.

«Туура ойлонуп көрсөк, бул мыйзам эскирди. БШК кызматкерлери да ушуну түшүнүп, бүгүнкү күндө онлайн-басмалар тескерисинче ММК катарына кирээрин билиши керек. Бул токтом сөз эркиндигине чек коюууда десек болот, себеби маалыматтык агенстволор жаңылыкты эң бат коомчулукка жайылтышат», – дейт президенттикке талапкер.

Кыргызстандын коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев дагы шайлоого ат салышууну чечкен талапкерлердин бири. Анын оюнда, БШК маалымдоо жана үгүт деген түшүнүктөргө кандайдыр бир чектөө салышы керек.

«Менин жеке оюм — маалыматтык агенстволор өз аталышын толугу менен жактай албайт. Эгер алар саясий жарнактарды жарыяласа, туура жана так маалыматтарды берип атабыз деп кантип айтышат. Жыл бою маалыматтык агенство деп аталып, анан шайлоо алдында жарнактарды чыгарып калса болбойт. Адептүүлүк жактан бул туура болооруна мен ишенбейм», – деди Масалиев.

«Содружество» партиясынан талапкер Омурбек Суваналиев, үгут иштерин жүргүзүүгө баардыгына уруксаат бериш керек деп эсептейт.

«Ар бир басманын өзүнүн аудиториясы бар. Ошол себептен аларды массалык деп айтсам да жаңылышпайм. Мен онлайн-басма аркылуу үгүт жүргүзүүнү колдойм», – деди Суваналиев.

Редактор: Анна Лелик
Которгон: Кундуз Исмаилова