"Киев-Бишкек-Киев" аба каттамы ишке киргизилди


«Аэро Свит» Украина компаниясы 20-августта ар жума сайын каттай турган Бишкек жана Киевди байланыштыруучу аба каттамын ачат. Авиакомпаниянын веб-сайтында берилгендей, азырынча эки тараптуу жол киренин акысы 470 доллардан 550 АКШ долларын түзөт.

Аталган авиакомпаниянын пресс-кызматчысынын маалыматында, «Борисполь» авикомпаниясынан Бишкекке биринчи учак 20-августта каттамын жүргүзөт.

Киевден Бишкеке келген учак кайра эртеси эртең мененки саат жетиде өз шаарына учуп кетет.

Мындай тартип көндүмүш болуп, ар жума сайын учактар эки өлкөгө каттап турат.

Эгер "Киев-Бишкек-Киев" рейсине суроо-талаптар көбөйсө, авикомпания Бишкектен Украинанын башка чоң шаарларына аба жодорун ачат.

«Рейс соода-сатыктагы экономиканы жөнгө салып, андан тышкары туристтердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт», — деп кошумчалады пресс-катчы.

Авикомпаниянын кызматкерлери, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жүргүнчү ташууда белгилүү болгон «Боинг-737» учагы "Киев-Бишкек-Киев" каттамын ишке ашырат.

Мария Раснер Киевде туулган. Азыр ал «Интерньюс Нэтворкдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн мүдүрү. Бул рейстин ачылышы эл үчүн дагы бир ыңгайлуулук деп белгилейт.

Азыр Мария Киевке барыш үчүн биринчи кезекте Алматыга автоунаа менен барып, анан учакка отурат.

Украинанын ири авиакаттамы

Авибилеттерин сатуу менен алектенген «Кыргыз Концепт» компаниясы, Бишкектен Киевке барыш үчүн биринчи Москва, Санкт-Петербург, Алматы жана Стамбул аркылуу кетүү керек дейт.

Бишкек-Санкт-Петерберг-Киев каттамыны эки тараптуу жол киреси орточо эсеп менен 1368 АКШ долларын түзөт.

Ал эми Стамбул аркылуу Киевке карай жана кайра артка учууга 1040 доллар сарыпталат.

Ушул ави учуулардын эң эле арзаны Бишкек-Алмата-Киев эсептелип, ага 460 долларга жакын акча коройт.

Онунчу түз өлкө

Украина дүйнө жзүндөгү өлкөлөрдүн катарында онунчу болду. Бишкектин «Манас» аэропортунан жүргүнчүлөрдүн: Россия, Великобритания, Турция, Араб эмираттары, Кытай, Таджикистан, Казахстан жана Өзбекстанга түз учуп барууга мүмкүнчүлүгү бар.

«Аэро Свит» 1993-жылы түзүлүп, Украинадагы ави каттамын аткарган зор компаниялардын катарына кирет. Анын негизги ээси «Приват Банктын», жетекчиси, Украинадагы бай адамдардын бири Игорь Коломойский болду.

«Аэро Свит» компаниясы өз ишин баштагандан бери бир жолу кырсыкка учураган. Ал 1997-жылы Киевден, Грек шаары Салоникиге учуп бара жаткан учак жерге кулап, ичиндегу жүргүнчүлөр жана экипаждын баардыгы каза тапкан.

Авикомпаниянын учактары азыр дүйнөнүн 72 өлкөсүнө каттап, алардын арасында алыста жайгашкан Торонто жана Нью-Йорк дагы бар.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова