Кыргызстан-Узбекистан матчын 400 ашуун милиция кызматкерлери коопсузду камсыз кылат


2014-жылкы дүйнөлүк чемпионатка карата тандоого Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тандоо матчы укук коргоочулардын катуу көзөмөлү алдында өтөт. Оюндун башталышына чейин кинологдор стадионду жардыргыч заттардын жоктугуна ынануу үчүн текшерүү жүргүзөт. Матч 28-июлда кечки саат алтыда башталат.

Kloop.kg порталын берген маалыматында, ШИИБ- ага инспектору Айгуль Давлетбаева коопсуздук үчүн баардык чаралар көрүлөөрүн жана ал үчүн бул күнү 400 милиция кызматкерли иш алып бараарын белгиледи.

Анын айтымында түшкө чейин кинологдор стадионду текшерип, ал эми кечки саат төрттө милиция күзөтү башталат. Андан тышкары бул күнү атчан укук коргоочулар да тартипти сактоо менен алектенет

Өрткө каршы кызматынын лейтенанты Руслан Турдумамбетовдун айтымында, азыркы тапта матчты уюштуруучулар тарабынан өрт коопсуздугун камсыз кылып берүү боюнча өтүнүч аларга түшө элек.

Эгер арыз түшө турган болсо, өрт өчүрүү унаасы 10 мүнөттүн ичинде даяр болоорун жана ошондой эле мындай учурларда 3-4 унаа камылгада экендигин лейтенант кошумчалады.

Тез жардам кызматынын улуу медайымы Валентина Карпенко матчта бул күну эки реанимациялык топ кечки саат төрттөн сегизге чейин иш алып бараарын айтат.

Тез жардамдын мындай иши үчүн уюштуруучулар 396 сом төлөп берээрин медайым кошумчалады.

«Спартак» стадионунун кызматкери Маиль Шакиров, матчты өткөрүү үчүн баардыгы даяр дейт.

Биринчи матч Ташкентте өтүп. Анда Кыргызстан 0:4 эсеби менен утулуп калган.

Бул эки матчтуу серия. Биринчиси өткөн жылдагы этникалык кагылышудан кийинки этникалк кыргыздар жана өзбектердин ортосунда жүргөн.

Матч алдындагы пресс-конференция учурунда Өзбекстан командасынын тренери Шухрат Максутов, анын командасы өзүнүн үйүндө жүргөндөй эле жакшы сезип, ФФКР каршылашын жакшы тосуп алганын билдирген.

ФФКР- билет сатуудан пайда көрүүнү көздөбөйт

Кыргызстандын футбол федерацисынын пресс-катчысы Канат Асеновдун айтымында, футболго көрүүчүлөр үчүн билет 50 сомдон сатылып жатканын айтты.

Футболго болгон чыгымдар абдан эле көп. Эл аралык футбол федерацияларынын ассоциациясына белгилүү бир пайыздарды төлөп берүү үчүн гана бул матчка кирүү 50 сомду түзөт. Андан тышкары Өзбекстандагы 23-июлдагы матч учурунда кыргызстанга судья 4 сары карточкасын көрсөткөн, ага дагы айыптарга төлөө зарыл. Бул тууралуу Асенов билдирди.

Ар бир сары карточкасынын айыптык баасы 700-800 АКШ долларын түзөт.

«Эгер «Спартакта» өтө турган бул матчта көрүүчүлөрдүн бири бутылка же дагы башка бир буюмду аянтка ыргытып жиберсе, биз ал үчүн да айып төлөп калабыз », – деди Асенов.

Анын оюнда, көрүүчүлөрдүн саны анча көп болбойт, маселен коомдук биринчи канал матчты түз эфирде көрсөтөт. Дагы бир маселе, Кыргызстандын биринчи матчта утулушу да көрүүчүлөрдү чегинтет.

Биз билет сатуу менен башкача пайда көрүүнү көздөбөй элебиз дейт пресс-катчы.

«Тескерисинче, сурагандардын баарына бекер таратып атабыз. Алардын катарына балдар үйлөрү жана башкалар кирет», – дейт Асенов.

«Спартак» стадиону 19 миң кишини батыра алат.

23-июлда Ташкентте өткөн биринчи тандоо матчында, Кыргызстан командасы Өзбекстанга 0:4 эсеби менен утулуп калган. Анда Кыргызстандын алдыдагы тандоого катыша турганы ар-сар болгон.

Оюн башталгандан кийин 28 мүнөттө эле Өзбекстан биринчи топту киргизип, андан соң оюндун жүрүшүндө 3 жолу Кыргызстан артта калып жатты.

2011-жылдагы Азия кубогунун жарым чейрегине Өзбекстан жеткен. Кыргызстан болсо, андай оюндардын ортосна да жетпей, кыйроого учуроого аргасыз болгон.

Өзбекстанга утулуп калса, Кыргызстандын футбол командасы экинчи жолу дүйнөлүк чемпионатка чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготот.

Авторлор: Адилет Азимканов, Илья Каримджанов
Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөттүн автору: Бектур Искендер