Талапкерлер үгүт иштеринде чет өлкөлүк саясатчылардын сүрөтүн колдоно алышпайт


Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, президенттик тактыга талапкерлер өзүнүн үгүт иштеринде, чет өлкөлүк саясатчылардын сүрөттөрүн жана видео тасмаларын колдоно алышпайт. Кээ бир серепчилер бул чечим кабыл алынган нормаларды бузат дешет.

«Азаттык» үналгысы конституцияга таянып, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жаңы эрежелер тууралуу билдирүү жасаган. Президенттикке аттангандар үгүт иштеринде, чет өлкөлүк саясатчылардын сүрөттөрүн колдонууга мүмкүнчүлүгү жок.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти щайлоо» тууралуу конституциялык мыйзамда, чет өлкөлүк саясатчыларынын сүрөт жана видео тасмаларын колдонуу Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигине залал келтирүү катары каралган.

Kloop.kg порталынын кабарчысы менен маектешүүсүндө, «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев 2010-жылы өткөн шайлоодо кээ бир партиялар бул мыйзамга каршы иш жасаганын билдирди.

«Башка мамлекеттердин башчылары билбей, Кыргызстандын элин тигил же бул талапкерге добуштарын берүүсүнө үндөдү», — дейт Арапбаев.

«Республика» фракциясынын депутаты Роза Акназарова, үгүт материалдарында башка саясатчылардын сүрөттөрүн колдонууну чет мамлекеттердин Кыргызстандын ички саясатына киилигишүүсү деп эсептейт.

Стратегиялык кызматташтар

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ар-Намыс» партиясы үгүт ишинин жүрүшүндө жарнактардын биринде эки өлкөнүн саясатчыларынын кол алышуу сүрөтүн илип койгон. Анда партиянын лидери Феликс Кулов жана Россиянын башчысы Дмитрий Медведевдин сүрөтү коюлуп, парламенттик шайлоодо, бул партия 3 орунду алып, утушка ээ болгон.

«Ар-Намыстын» өкүлү Токон Мамытов, башка өлкөлөрдүн лидерлери менен түшкөн сүрөт саясатта басымдуу орунду ээлегенин айтат.

«Кээ бирде ошол сүрөттө турган башка өлкөнүн саясатчысы биздин өлкө үчүн күчтүү стратегиялык кызматташ катары да болуп калышы мүмкүн. Өткөн парламентик шайлоодо дал ошол сүрөттөр белгилүү бир добуштарды топтогонго өбөлгө болсо керек », — деди Мамытов өз сөзүндө.

«Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов чет өлкөлүк лидер менен түшкөн сүрөт, өзүнө көп маалыматты камтыйт дейт.

«Талапкер башка өлкөнүн башчысы менен түшкөн сүрөтүн койсо, бул анын тышкы иштер менен байланышын көрсөтүп турат. Мындай учурда көп жазбай эле, сүрөттү көргөзүп коюуу жетиштүү болот», — деди эл өкүлү.

Кулов менен Медведевдин жолугушуусу тууралуу саясатчылардын келише албоосу

Саясат жаатындагы серепчи Токтогул Какчекеев шайлоо тууралуу жаңы мыйзам, кабыл алынган нормаларды бузат деди. Анын айтымында чет өлкөлүк саясатчынын сүрөтү шайлоочунун тандоосуна чоң жардамын берет.

Буга мисал катары ал Кулов менен Медведевдин кол алышуу сүрөтүн келтирди.

«Бул сүрөт Кыргызстанда жашаган орус улутунун өкүлдөрү үчүн стимул катары өкүм сүрөт. Аларды мунун жардамы менен добуш берүүгө тартса болот. Жаңы мыйзам негизсиз», — деди серепчи.

Президенттикке талапкерлердин пикири

«Ата-Журттун» депутаты Курманбек Осмонов, жаңы мыйзамдагы чектөөлөрдү жактырбай турганын билдирди.

«Эгер талапкер менен ошол сүрөттө турган башка өлкөнүн саясатчысы тааныш болсо, элге көргөзүп, үгүт иштеринде колдоно берсин да. Биздин элдин мээси бар, өзүлөрү каалаган талапкерге добушун берет. Сүрөткө түшүп коюуу ошол саясатчы дал ошол адамдын талапкерлигин колдой тургандыгын маалымдабайт», — деди Осмонов.

Улугбек Бабакулов президенттик тактыга талапкерлердин бири. Анын айтымында, башка саясатчылар менен түшкөн сүрөт, мамлекеттин эң белгилүү адамдарына гана пайдасын алып келет. Ал эми ал өзү башка саясатчылар менен тааныш эмес.

Исхак Масалиев, коммунисттер партиясынын талапкери. Ал жаңы мыйзамдагы талаптар анча деле начар эместигин айтып, кайсы бир деңгээлде туура экендигин билдирди.

Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмилова