Депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча айыпталуучунун туугандары соттун акыркы чечимин талап кылышууда

Депутаттын өлүмүнүн кылмыш ишинин сот процесси аягына чыга элек. Соттолуучу Мурас Маташев, алты айдан бери борбордук СИЗОдо отурат. Анын сот иштери төрт жолу каралган. Маташевтин туугандары сот акыркы чечим чыгарбаса Ош-Иркештам жолун тосоорун айтышты.

Санжар Кадыралиев «Ак-жол» фракциясынын депутаты болгон, ал 2009 жылдын,14 апрелде Бишкекте Чуйков көчөсүндө 25 үйдүн астында көзгө атаардын колунан каза тапкан. Анын өлүмүнө айыпталуучу Мурас Маташев жана Алтынбек Итибаев эсептелүүдө. Анткени, алар депутат менен жакын достук мамиледе болушкан.

Маташевтин бир тууган агасы Назар Маташевтин сөзүнө караганда бул иш Бакиевдин бийлиги учурундагы «катачылык».

«Санжар өлтүрүлгөндөн кийин Бакиев өлтүргөндөрдү үч күндө таап келүү жөнүндө приказ берет. Алтынбек менен иним Санжар менен дос болушкан. Анан Алтынбек Итибаевди кармап келишип, менин иними розыскка жарыялашат. Бакиевдин режимин билип Мурас бир жылга жакын качып жүргөн, биз да келбей эле кой Бакиевдер сени өлтүрүп коёт дегенбиз»,- деди Назар Маташев Кloop. кgге берген интервьюсунда.

Ал Мурас Маташев Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин өз ыктыяры менен актоочусу болуп тергөөчүгө келгендигин айтты.

«Анан кийин, акталып чыккан»,- деп айтты Мурастын агасы Назар.

«Депутаттык мандатын колдонуп жатат»

Назар Маташевтин айтуусу боюнча, Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева СДПК фракциясына депутат болгондон кийин соттук процессине тоскоолдук бере баштады.

«Маташевдин сотуна мен катышпай калгам деп, кайра жазгандыгын Маташев депутаттын сөздөрүн айтты.

Назар Маташевтин оюнда, Ыргал Кадыралиева депутаттык мандаты менен «колдонуп» жатат.

«Өзү болсо сотко катышпайт, сот процессин созуп жүрөт, депутаттык мандатына таянып сотко, биздин адвокатка, свидетельдерге кысым көргөзүп жатат, төрт жолу сот болсо, бир жолу гана катышты»,-деди ал.

Эгерде сот процесстери тез аранын ичинде аягына чыкпаса Мурас Матешевтин жактоочулары Ош-Иркештам жолун тосушаарын билдирди.
«Менин иним алты айдан бери СИЗОдо отуруп, ден-соолугу начарлай баштады, буту шишип жатат экен. Сотко Кадыралиева дагы келбесе, сотко кысым көргөзсө Ош- Иркештам жолун дагы тособуз»,- деп билдирди Назар Маташев.

Ал эми Ыргал Кадыралиева kloop. kgге , берген интервьюсунда эч качан кызматтык ордумдан «колдонгон эмесмин» деп билдирди.

«Мен кызматтык ордумдам эч качан колдонгон эмесмин, бул кызматты мен сатып алган эмесмин, мага мураска калкан эмес, бул кызматты мага эл ишенип берген», - деп кыжаланды ал.

«Менден да күчтүү»

Ал ошондой эле 2011 жылдын 1 августа боло турган сот процесине кызматтык сапарына байланыштуу катыша албай тургандыгын айтты.

« Мен боло турган сот процессине катыша албайм, себеби Нарын облусуна атайын кызматтык командировкага баратам, билем мен келбесем алар дагы бир нерсе айтышат, бирок эл менен жолугушууга губернатордун чакыруусу боюнча баратам», - деди Кадыралиева.

Кадыралиева Маташевтин жактоочулары жана туугандары өзунөн да «күчтүү» деп белгиледи.

«Азыр булар менден да күчтүү, алардын башка жактан келген точкалары бар да, каржылатып этип турушат»,- деп капаланды депутат

Ошондой эле Ыргал Кадыралиева соттолуучунун жакын адамдары мурунку сотко акча сунушташканын белгилеп өттү.

« Бирок ал [сот] бул ишти карабайм деп кетип калган»,- деди Кадыралиева.

«Туура чечим чыгарат»

Азыркы мезгилде бул ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун соту Чынгыз Адамкулов Маташев жана Итибаевдин иши жакында эле колуна түшкөндүгүн айтып, комментарий бере алган жок.

«Менин колума бул иш жакынкы күндөрдө эле келип түштү, карап чыга элекмин, азыр эч нерсе деп айта албайм, биринчи августта ачык сот процесси болот келип катышсаныз болот», - деди Адамкулов.

Бирок Мурас Маташевдин актоочусу Мирлан Баратакунов сот Адамкулов бул ишти буга чейинки сот процесстеринде карап жүргөндүгүн айтты. Жана Маташевке 294 статья күнөө коюлганын белгилеп өттү.

«Маташев өз калоосу менен келген менден сурагыла деп, ага 294 статья менен күнөө коюлган, «мамлекеттик ишмердин өлүмү»,- деп түшүндүрдү Мирлан Баратакунов.

Ал ошондой эле сот Чынгыз Адамкулов туура чечим чыгарарына ишене тургандыгын айтты.
«Мен мындан кийинки Маташевдин тагдыры жөнүндө эч нерсе деп айта албайм, бирок судья Адамкулов туура чечим чыгарат деп ойлойм», - деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Биринчи жолу эмес

«Ак жол» фракциясынын мүчөсү Санжар Кадыралиев 2005 жылдан бери атылып өлтүрүлгөн төртүнчү депутат болуп калды. Буга чейин парламенттин мурунку курамындагы депуттар Жыргалбек Сурабалдиев, Байаман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев киши колдуу болуп көз жумушкан.

Санжар Кадыралиев 1976 жылы 16 ноябрда туулган Ош областына караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Кыргыз-өзбек университетинин экономика факультетин 2003 жылы бүткөн.

Ал эми Мурас Маташев Ош облусуна караштуу, Алай районунун , Сопу-Коргон айылында 1977 жылы туулган. Ошол эле айылдын Токтогул атындагы орто мектебин бүтүргөн. Америкада Армияда кызмат өтөгөн. Акыркы убактарда Казахстнада Алматы шаарында бизнес менен алектенген.

Автор: Анара Арстанбекова