Мамлекеттик сактоо акыйкатчынын президент менен жолугушуусуна тоскоол болду



Турсунбек Акундун айтымында, президент Роза Отунбаеванын сакчылары аны Ыссык-Көлдөгү иши учурунда өлкө башчысы менен сүйлөшүүсүнө каршы болгон. Президенттин пресс-катчысынын айтымында, өлкө башчысы азыр эс алууда жана эмгек эс алуусунун мөөнөтү бүткөндөн кийин баардыгын кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун азыр иши боюнча Ыссык-Көлдө. Анын айтымында ал №54 жылкы заводунда мониторинг жүргүзүү үчүн Ыссык-Көлдүн ипподромуна барганда, ал жерде өлкө башчысы эс алып атканын билген.

«Менин билишимче, Роза Исаковна азыр ипподромдо эс алып, ат минип куунап жүрөт», — деди Акун.

Акыйкатчы президентти Ыссык-Көл облусундагы оор акыбал тууралуу маалымдоону көздөгөн.

«Менин Роза Отунбаева менен кезигүүнү каалаганымдын себеби, Ыссык-Көл районунун жашоочулар укук коргоо кызматкерлерин токмокко алышып, андан тышкары адам укугу менен байланышкан көп маселелер пайда болгон. Мыйзам боюнча акыйкатчы президенттин аппараты, премьер-министр жана жогорку кеңештин төрагасы тарабынан ошол замат каыл алынып, сүйлөшүү жүргүзүлүшү керек. Бул конституциялык эң жогорку кызмат», — деди Акун.

Акундун айтымында ага президенттин сакчылары келип, ал бул территориядан кетип калышы керек экендигин маалымдаган.
«Мен эмне болду? Деп сурасам, алар мен президент өткөрүп жаткан өздүк иш-чараларга катыша албай тургандыгымды айтышты», —деп кошумчалады Акун.

Акыйкатчынын айтымында Роза Отунбава акылдуу айым экенин белгилеп, бул жерде анын сакчылары күнөөлүү дейт.
«Бул жерде сакчылар туура эмес иш алып барып койду», — деди акыйкатчы.

Президенттин пресс-катчысы Султан Каназаров, президент убактылуу эс алууда деп билдирет.

«Өлкө башчысы акыйкатчыны эс алуу бүткөндөн кийин каалаган баардык убактыда кабыл алат», — деди Каназаров.

Жолугушуулар чектелген эмес

«Свободное поколение» либералдык жаштар клубунун төрагасы Тимур Шайхутдинов, Kloop.kg порталына берген маалыматында, акыйкатчы кандай гана учур болбосун президент менен жолугууга укуктуу экенин айтат.

«Менин оюмча, эгер кырдаал сөзсүз түрдө президенттин киилигишүүсүн талап кылса жана акыйкатчы аны менен кезигүүнү өтүнсө, президенттин аппарат ага тоскоол болбошу керек. Анын үстүнө азыр Ыссык-Көлдө эс алуучулар көп болуп, суроолор көп жаралууда», — деди Шайхутдинов.

Адвокат Таир Асанов Kloop.kg порталына берген маалыматында, эгер өлкө башчысы эс алууда жүргөн болсо, акыйкатчы башка жогорку кызматты ээлеген кызматкер менен өзүнүн суроолорун чечиши керек.

Редакторы: Александр Ким жана Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова