Августтун соңунда Бишкектин көчөлөрү жаңыртылып бүтөт


Кулуев, Рыскулов, Павлов, Бейшеналиев, Некрасов жана Гоголь-Московский көчөлөрүнүн кесилиши кеңейтилип, чоң жасалгалоодон өтөт. Ишти 20-августка чейин бүтүрүү планы коюлган.

Планга ылайык Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчө 11 метрдан 23 метрге чейин туурасы кеңейтилип, автоунаа коюу үчүн орундар да каралат. Ал эми Рыскулов көчөсү ремонт иштеринен кийин 4 паласага бөлүнөт.

«Бул жол элдик арстист Бүбүсара Бейшеналиеванын атына татыктуу болушу керек. Рыскулов атындагы жолдо азыр иштер акырындык менен улантылууда. Биз кээ бир учурларда элдин жол боюндагы мыйзамсыз курууларын алып салып жатабыз. Азыр бизди чоң жумуш күтүп турат», — деди шаардын мэри Иса Омуркулов.

Аталган Рыскулов атындагы көчөдө жайгашкан көпүрөнү жасоого 5 миллион сом бөлунгөн. Бул тууралуу капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Марат Мияров маалымдады.

«Көпүрөнүн туурасы 16 метрден 18 метрге чейин кеңейтилет. Буга чейин дайыма көпүрөнүн үсүндө көлчүктөр турчу. Эми биз бул маселени жок кылуу үчүн анын бийиктигин дагы 40 сантиметрге көтөрдүк», — деди Мияров.

Гоголь жана Московский көчөлөрүндө автоунаа токтотуу үчүн орундар каралууда. Ал эми Кулуев, Некрасов, Павлов атындагы жолдорунда эски асфальт алынды.

«Жер иштери жүрүүдө. Бордюрдар коюлуп, коммуникациялык тармактарды реконструкциялоо менен алектенип жатабыз», — деп билдирди Мияров.

Мыйзамсыз курулуштарды бузуу

Жолдорду реконструкциялоо учурунда мыйзамсыз куруулар алынып салынды. Бул тууралуу капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жанболот Абдыжапаркулов билдирди.
«Кызыл сызыктан чыгып кеткен сарай, дарбаза жана бастырмаларды биз алганга аргасыз болдук», — деди Абдыжапаркулов.

Орун басардын айтымында, мыйзамсыз курулуштун ээсине алар белгилүү бир убакыт берет. Анын ичинде курулуш ээси өзү каалагандай кылып алып салат. Ал эми тургундар келишимди бузса, ремонт иштерин жүргүзгөн уюмдун жумушчулары мыйзамсыз курулуштары ээси жок эле алып салат.

Ошондой эле легалдуу курулуштарды бузууда алардын ээлери менен компенсация тууралуу алдын-ала сүйлөшүү болот.

Бирок мындай үйлөрдүн биринин тургуну Чейшебүбү Мамбетованын айтымында, анны үйүнүн кызыл сызыктан чыккан жерин бузушкан. Эми аны кайра башкача кылып курууга акча каражаты жетишсиз экенин илдирип, бийлик ага жардамын бериши керек дейт.

«Мен бир гана пенсияма жашайм. Биздин үй 194-жылы салынган. Жумушчуларга тамды алып салууга макулдугумду бердим, бирок аны кайра ордуна тургузуу керек да. Булардын башчысына кайрылсам, мен эч нерсе билбейм деп койду», — деди Мамбетова.

Айдоочулардын ою

Шаардын жашоочуларынын бири Мукаш Нурманкулов, шаар башчылары жолдорду сапаттуу оңдоого аракет кылышы керек дейт.

«Жолдорду ондойбуз деп киришкенден кийин баарын сапаттуу жасаганга аракеттениш керек. Өткөн жылы жасаган көчөлөрдө бир кыштан соң ар кайсы жеринен жараңка кетип, ойдуңдар пайда болду. Жолду жасоодо акчаны экономдобой эле коюш керек», — деди Нурманкулов.

Өздүк автоунаасы бар Галина дагы көчөлөрдүн оңдолүп атканына ыраазы экенин билдирди.

«Жолдордун кеңейтилгени мени кубандырат. Ал эми мыйзамсыз салынган курулуштардын жок кылынышы эң туура, анткени унаалардын жүрүшүнө эч нерсе тоскоол болбой калат», — деди айдоочу Галина.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова