Акаевдин юристи экс-президент үчүн талаптарды койду


Кыргызстандын алгачкы башчысы Аскар Акаевди экс-президент жана кол тийбестиги тууралуу чечимин алып салган убактылуу өкмөттүн мурунку өкүлү Азимбек Бекназаровду жоопкерчиликке тартуу керек. Бул тууралуу Акаевдин өкүлү билдирди. Ал эми Бекназаров баардыгы мыйзам чегинде болгонун айтса, башкы прокуратура жагдайды комментарийлегенден баш тартты.

Икрамидин Айткулов азыр Аскар Акаевдин адвокаты. Уюактылуу өкмөттүн өкүлү Азимбек Бекназаров биринчи президентти кол тийбестик жана экс-президент деген статустарын алып салуу боюнча демилге көтөрүп чыккандыгы үчүн башкы прокуратыраны сот ишин козгоону суранып жатат. Анын оюнда Бекназаров бул демилгени мыйзамга каршы көтөргөн.

Акаевди бул статустарынан алып салуу боюнча декретти убактылуу өкмөт 2010-жылдын 12-августунда кабыл алган. Анын демилгечиси Азимбек Бекназаров болгон.

Айткуловдун билдиргени боюнча документтен цитата — «…Прокуратура тарабынан өлкөнүн биринчи башчысы Аскар Акаев тууралуу бир нече кылмыш иштери козголгон. Анда президенттин кылган иштери мамлекет жана андагы жашаган элге каршы иштер тууралуу иштер калп жазылган, себеби башкы прокуратура Акаевке каршы кылмыш ишин козгогон эмес.

Адвокаттын айтымында башкы прокуратура бул тууралуу кат түрүндөгү далил жазып берген. 2010-жылдын 12-августуна карата, [Акаевди кол тийбестик сатусунан ажыратуу боюнча декрет кабыл алынган күн] жана бүгүнкү күндө деле өлкөнүн биринчи президенти тууралуу бир дагы кылмыш ии козголгон жок.

Убактылуу өкмөт кабыл алган декретте жалган маалымат бар деген Айткулов, Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянованы суроону чечип берүүсүн суранды. Андан тышкары декреттин демилгечиси болгон Азимбек Бекназаровду дагы сот жообуна тартуу керектигин билдирди.

Башкы прокуратуранын пресс-кызматы Айткуловдун арызы боюнча Бекназаровду сот жоопкерчилигине тартуу тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

«Баардыгы мыйзам чегинде»

Kloop.kg порталына берген маалыматында, Азимбек Бекназаров,мурунку өлкө башчысын кол тийбестик жана экс-президент деген статусунан ажыратуу туура эле, мыйзам чегинде болгон дейт.

«Баардыгы мыйзам чегинде болгон. Эгер ал өзүн күнөөлүү эмесмин десе, келип эл алдында тастыктап берсин», — деди Бекназаров.

Убактылуу өкмөттүн мурунку төрагасынын орун басары, Акаев тууралуу кылмыш иши кайра жандандырылышы керек дейт.

«Башкы прокуратура мурунку кылмыш иштерин кайра ачышы керек. 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуяда бул документтер башкы прокуратура киргизилип, атайын өрттөлүп кеткен», — деп белгиледи Бекназаров.

Анын айтымында экинчи өлкө башчысы Курманбек Бакиев дагы экс-президент, кол тийбестик статусунан ажыратылып, сот иши ачылган.

Экс-президент статусунан ажыратуу

Өлкө башчысы Роза Отунбаева 2010-жылыдн 12-августунда, азыр Москвада жашап жаткан биринчи президент Аскар Акаевди кол тийбестигинен ажыратуу тууралуу декретке кол койгон.
Акаев өзү бийликтин мындай чечимин мыйзамсыз деп атаган.

Декретке ылайык Акаевди бул статустарынан ажыратууга түрткү болгон бирден себеп, 2005-жылдын 24-мартында өткөн төңкөрүштөн кийинки ачылган кылмыш иштери эсептелет.

Экс-президент бул документти «филькиндин грамотасы» деп атап, анын дарегине айтылган айыптарды четке каккан. Анын айтымында, айыптарды бир гана Жогорку Кеңеш айта алат.

«Кыргызстанда бүгүнкү күндө парламент жок. Ал 2010-жылдагы революциядан кийин убактылуу өкмөт тарабынан жок кылынган. Ошондуктан мени күүнөөлүү деп айтыгуу бир дагы негиз жок», — деп Акаевдин сөздөрүн «Немецкая волна» жазган.
Биринчи президент

Аскар Акаев көз карандысыз Кыргызстандын 1991-жылдан тартып, 2005-жылга чейинки президенти болуп эмгектенген. Ал эми 1990-жылдан 1991-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин президенти болгон.

Өзүнүн башкаруусунда ал СССРдеги эн либералдуу башчы болуп эсептелген.

2000-жылдын башында Акаевдин башкаруусу авторитардык бийликке окшоп баштаган. Айрыкча ал 2002-жылы Аксы окуясында демонстрантчыларга каршы ок ачканда жана ошондой эле 2005-жылдын парламенттик шайлоосунан кийин Акаевдин уулу Айдар, кызы Бермет депутат болуп шайлангандан кийин.

Акаев 2005-жылдын 24-мартында элдин катуу көтөрүлүшүнөн соң президенттик тактыдан түшкөн. Митинг Бишкеке жеткенде Акаев Кыргызстандын аймагынан чыгып. Азыр ал Москвада жашайт.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова