Кыргызстан транзиттик унааларга GPS-берүү орноштурат


«Кызыл-Кыя» бажы пунктунан өткөн транзиттик автоунааларга атайын GPS-берүулөрлөрүн орнотуу планда. Бажы кызматынын билдиришинче, өткөрүү пункту баардык жаңы жабдыктар менен камсыздалган. Андан тышкары пункттун ишин жакшыртуу үчүн видео көзөмөл киргизилди.

Кыргызстандын бажы кызматынын пресс-катчысы Абдылда Малдыбаевдин маалыматында, Өзбекстан менен чектеш «Кызыл-Кыя» пунктунда мурун мындай автоматташтырылган болгон эмес. Эми чек арачылар автоунаалардын баардыгын текшерип турат.

Бирок пресс-кызматчы белгилегендей, Өзбекстанга бараткан унааларды чек арачылар өткөрбөй, жүргүнчүлөр жөө өтүп атканын кошумчалады. Автоматташтырылган техника менен Кыргызстанга гана кирген автоунааларды кароо жүргүзүлөт.

««Кызыл-Кыя» бажы пунктунда атайын өтүп аткан унаалардын салмагын текшере турган техника орнотулду. Жүгү он тоннадан ашкан унаалар Кыргызстандын аймагына киргизилбейт.

«Орнотулган аппараттардын жардамы менен он-лайн негизде кандай унаа, канча салмагы менен өтүп атканын отуруп алып, көрүп коюууга болот», ― деп кошумчалады пресс-катчы.

Малдыбаевдин билдиришинче, транзиттик унааларга атайын GPS [Глобалдык багыт табуу система] орнотулуп, анын негизинде баардык өткөн унаалардын кайсы жака кетип баратканын аныктап алса болот.

«Мындан мурун айдоочулар дөңгөлөк жарылып калды деген шылтоо менен бир жерден токтоп, товардын кайсы бир бөлүгүн түшүрүп ала турган. Документтерди жасагандан улам, товар өз ээсине толук жеткен күндөр аз болгон», ― деди пресс-катчы.

Орто Азияны өнүктүрүү банкынан 7,5 милилон АКШ доллары ссуда катары алынып, бажы пункту жасалды. Андан тышкары көзөмөлдөө жабдыктары Казахстан жана Кытай менен чектеш 5 бажы кызматында коюлган.

«Техника пара албайт»

«жарандык коом үчүн» коалициясынын лидери Динара Ошурахунова мындай иштин башталышын колдой турганын билдирди.

«Техника пара албайт. Ал баарык болуп жаткан нерелерди өзүнө жаздырып алат. МАИ кызматында деле видео көзөмөл жардам бергендей, бул системада дагы иштер алдыга жылат. Аны эми элге кеңири жайылтуу керек», ― деди Ошурахунов.

Укук коргоочу Рахматилла Изатилла GPS-берүүлөрүн орноштуруу бул адамдын жеке жашоосуна киилигишүү болот деп билдирди.

GPS-берүү

«Википедия» эркин энциклопедиясы боюнча, GPS — бул маршруттарды каалаган дарегине чейин аңдуу же болбосо көзөмөлгө алуу.

Азыркы күндө GPS навигациясы жол, суу жана уюлдук байланыштардын аппараттарында бар.

Онлайн дүкөндөрү билдиргендей, Кыргызстандагы GPS-навигаторлордун баасы орто эсеп менен 5000 сомду түзөт.

Редактор: Диана Рахманова жана Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова