Жашы жете элек балдарга жеңилдетилген жаза талап кылууда

Балдардын укугун коргоо жана алардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу ассоциациясынын юристин айтымында, прокурорлор анча оор эмес жасалган кылмышы үчүн жашы жете электерге максималдуу жаза сурашат. Бирок Оштогу прокуратурадагы өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, жашы жете электердин тагдырын эске алып жазасын женилдетүүсүн соттон суранышат.

2 августта балдардын укугун коргоочу уюмдар жана прокурорлордун чогулушунда сөз, жашы жете элек аыйпталынуучуларга берилип жаткан жазанын өлчөмү жөнүндө болду. Юрист Мирлан Медетовтун айтуусу боюнча, прокурорлор көбүнчө формалдык жактан карашат, бирок кээ бирлеринин максаты, өспүрүмдөргө катуураак жаза берүү.

«Мисалы, эгерде жазанын максималдуу өлчөмү беш жыл болсо, прокурорлор көбүнчө беш жыл сурайт. Бул принцип Кыргызстандын бардык аймактарында иштейт. Булар жөн эле ар-кандай учурлардан келип чыгат. Бирок менин айтканым баардык прокурорлор жогорудай айтылгандай эмес»,-деди ал.

Юристтин айтуусу боюнча, балдардын укугун коргоо жана алардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу ассоциациясы өзүнүн «кичине» изилдөөсүн жүргүзгөн.

«Прокурорлор жашы жете электерге формалдуу карашат жана жазаны сураганда кылмыш – жаза кодекси боюнча каралган эң чоң санкцияны сурашат, деген тыянакка келдик», - деп айтты ал Kloop.kgге берген интервьюсунда.

Ош шаарынын прокуратурасында иштеген Марат Бусурманкулов Мирлан Медетовтун сөзүнө кошулбастыгын билдирди. Анын айтымында, прокуратура, тескересинче кылмыш жасаган жашы жете электерге жазасын жеңилдетүүсүн соттон суранышат.

«Жакында бир каракчылык кол салуу болгон, негизги катышуучулар тогуз жылдан алышты, ал эми жашы жете элек айып акы төлөй турган болду. Биз анын жашы жете электигин эске алабыз, алардын тагдырына терс таасир бербеш үчүн текши жеңилдиктерди карап жатабыз»,-деп айтты ал.

Анын айтымы боюнча, баш коргоо чаралары ар түрдүү болот, үй камак , камакка алуу , айып акы төлөмү.

«82 статьяга таянып биз жашы жете электерди ата-энесинин колуна тапшырабыз, эгерде алар каракчылык ,уурулук жасаса да, биз балдарды үмүт менен ата-энесине тапшырабыз»,-деп сөзүн жыйнтыктады.

«Оор жаза сурашат»

Юрист Таир Асановдун сөзүнө караганда, мындай жагымсыз адат чын эле бар, прокурорлор сотто мамлекеттик айыптоочу катары чыгып жатканда, жашы жете элек айыпталуучуларга жашына карабастан айыпты аябай оор сурашат.

«Бизде жазалар жана кылмыштар үч түргө бөлүнөт оор, өзгөчө оор, анча оор эмес коркунуч көрсөтпөгөн жана башкалар.Мындай штерди сотко чейин жеткирбестен изилдөө учурунда токтотуу керек», - деди ал.

Балдардын укугун коргоочу «Улыбка» коомдук фондунун директору Элмира Умарова, Мирлан Медетовтун демилгесин колдойт.

«Ооба, ал туура айтат, тилекке каршы бизде атайын жашы жете электер менен иштеген прокуролор, соттор жок. Алар [прокурорлор] жашы жете электерге чоңдорго окшош мамиле кылып, өкүмдөрдү чыгарышат»,- деп айтты ал.
Ошондой эле Умарованын айтуусунда мыйзам боюнча жашы жете электер 30 күндөн ашык эмес отуруу керек.

«Азыр, Ошто да СИЗОдо өспүрүмдөрдүн арасында күнөөсү жок эле отургандар бар. А мыйзам боюнча жашы жете электер 30 күндөн ашык эмес отурушу керек. А бизде жылдар бою соттун чечими жок, жазасы жок, эч нерсеси жок жата беришет»,- кыжаланды ал.

Автор: Аида Ахмедова