Бишкектеги кислород станцияга жакын жерде пиротехника жарылды


4-августтун күндүзгү саат 11 чамаларында, «Кербен» автоунаа базарынын аймагында, пиротехника кампасы жарылды. Аталган базар орто Азиядагы эң чоң «Дордой» соода түйүнүндө орун алган. Каза болгондор жок. «Кислород» заводунун башчысынын айтымында, от алардын имаратына өтсө, 500 чарчы метр аралыгында эч нерсе калбай, жарылып кетмек.

4-августта «Дордой» базарынын түндүк тарабында жарылуу болуп, анын негизинде өрт чыккан. Пиротехника сакталган кампанын сакчысы айткандай, жарылуу саат 11 чамаларында болгон.

Сакчы тез жардам жана өрткө каршы күрөшүү кызматкерлери келмейинче, окуя болгон жерге эчкимди киргизген эмес.

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын инспектору Иманбековдун айтымында, телефон чалуу болоору менен ыкчам топ окуя болгон жерге барган. Жарылуу болгон жерге 50 жумушчу колу, 8 өрт эсеби жана муниципалдык уюмдун 2 суу ташуучу техникасы колдонулду.

«Каза болгондор жок», – деди Иманбеков.
Жарылууга дуушар болгон кампанын ээси «Эркина» мүмкүнчүлүгү чектелген коому. Ал коом пиротехника жасалгаларын өлкөгө алып келип турат.

«Бул расмий катталган уюм. Алар «Кербен» акционердик коомунан кампаны ижарага алып, колдонуп атышкан»,– деп кошумчалады Иманбеков.

Тез жардам кызматынын билдиришинче, кампада болгон жарылуудан улам бир гана жабыркаган адам катталган. Ал 28 жашаар Бахтияр Маматов, жарылуунун толкунунан оң бутун кайрып алган.

«Эч нерсе калган жок»

Нурбек Изабеков «Кислород» ачык акционердик коомунун башкы жетекчиси. ААК питарда сакталган кампадан 150 метр аралыкта орун алган. Эгер жарылуу заводко тийсе, 500 метрди түзгөн айланада эч нерсе калмак эмес деди жетекчи.

Изабеков заводко жакын мындай кампа бар экендиги тууралуу маалыматы жок экендигин айтат.

«Коопсуздук үчүн биздин кислород заводтун айланасында 500 метрден жакын эмес болушу керек мындай кампалар. Бат күйүп кетүү коркунучу бар жана жарылчу буюмдарды бизге жакын сактоого болбойт. Өрт учурунда биз эмне кылаар айлабызды таппай калдык. Аягында кызматкерлер чогулуп, өрттү өчүрө баштады», –деди Изабеков.

Жарылуу болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдүн ээлеринин бири жарылуу болгон учурда үйдө эки кичинекей бала бар болгонун айтат.

«Жарылгандан кийин биздин чатырга бетондун чоң тилкеси түшүп калды. Балдарым аябай коркту. Бул кампанын ээси ким экенин билгим келет. Үйлөргө жакын мындай жарылуу коркунучу бар буюмдарды сактап аткан соң, алар элди маалымдап коюш керек болчу», – деди үйдүн ээси.

Кампаны ижарага алып колдонуп аткандар өрт учурунда келбей, окуяны түшүндүрүү үчүн убагында жок болуп калды.
Жарылуу менен байланышкан «Дордой» базарынын айланасындагы бул биринчи гана окуя эмес.

2002-жылы болгон жарылуунун кесепетинен 7 киши каза табып, сактоо бөлүмдөрү, соода кылуу түйүндөрү жана даараткана, ашканалар жараксыз болгон.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова