Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүy 20 жылдыгына карата 53 маданий иш-чара даярдалган


Өлкөнүн көз карандысыздыгын майрамдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу мамлекеттик дирекциянын билдиришинче, 31-августта республикада 53 маданий иш-чара өткөрүлөт. Уюштуруучулардын айтмында, бул жылы майрамдык салтанат өзгөчө шаңдуу өтөт.

Республиканын 20 жылдыгына карата майрамдык салтанаттардан тышкары, өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө арналган китептердин түрү жарык көрөт. Бул тууралуу мамлекеттик дирекциянын башчысынын орун басары Акимбек Текешов билдирди.

Майрамдык салтанатка Нарын облусунда да даярдыктар көрүлүүдө. Облус жетекчисинин орун басары Салтанат Эсенаманованын айтымында, 31-августта Нарындын борбордук аянтында баардык райондор жана мектеп окуучуларынын катышуусунда демонстрация болот.

Ошондой эле сахналаштырылган иш-чара, спорттук мелдешүүлөр, улуттук кийимдердин конкурсу, Манасчлардын айтышы пландалып жатат. Кечинде майрам салюттардын жаңыруусу менен аяктайт.

Талас шаарынын борбордук аянтында майрамдык кече өткөрүлүп,спорттун улуттук түрлөрү боюнча таймашууларга элдер күбө боло алышат.

Ал эми Ыссык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева бул күнү майрам өзгөчө сценарий менен өтө тургандыгын белгилеп өттү.

«Майрамдын алдында бир нече илимий конференциялар болот, алардын көбү өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган», — деди Кененбаева.

Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары Жумагүл Эгамбердиева, 31-августта ал жетектеген облуста, 31-августта илимий конференция, спорттук мелдешүү, улуттук фольклор фестивалы жана «Мыкты китепканачы» аттуу конкурсу уюштурулаарын айтты. Саамалык чакан спектакль жана аскердик парад менен жыйынтыкталат.

Авуст айынын аягына чейин Жалла-Абад облустук теле берүүсүндө, Кыргызстандын 20 белгилүү инсандары тууралуу жана азыркы күндө өлкөнү көтөрүп, жакшы деңгээлге жеткирүүгө аракет кылган биздин 20 замандаштарыбыз тууралуу тасмалар эфирге чыгып турат.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров майрамдык салтанат айкелдерге гүл коюуудан башталаарын белгиледи.

Андан соң Кыргызстандын, анын ичинде Оштун ийгиликтерине арналып. Сахналаштырылган иш-чара өтөт. Актерлор катары спектакльдардын каармандарынын ролун комитет жана уюмдардын кызматкерлери аткарат. Кечинде «Бүтүн Кыргызстан» концерти өтөт.

Kloop.kg порталына берген маалыматында, Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Рыскулова саамалыкка даярдануу тиешелүү деңгээлде жүрүп атат деди.

«Облустун көчөлөрү Курманжан Датканы жана Республиканын эгемендүүлүгүн даңазалаган чакырыктар менен кооздолгон», — деди вице-мэр.

Баткен шаарынын стадионунда агро азыктарынын жарманкеси өтүп, спорттук оюндар болот. Ке киргенде атайын жаштарга арналган дискотека башталат.

Чүй облусунда өлкөнүн 20 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу концерт өтүп, ал Курманжан Датканын да 200-жылдыгына багытталат.

Бишкекте өтүүчү иш-чаралар

Кыргызстандын борбор калаасында эгемендүүлүккө арналган саамалык Ала-Тоо аянтында орун алган «Айкөл Манастын»айкелин салтанаттык түрдө ачуу менен башталат.

Андан соң эмгек жамаатары жана Бишкектин ишкерлериинин катышуусунда демонстрация, аскердик парад болот.

«Ала-Тоо» аянтында өлкө башчысы Роза Отунбаева элди эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайт. Расмий иш-чаралардан кийин «Спартак» стадиону сахналаштырылган оюн-зоокко көрүүчүлөрдү чакырат.

Мамлекеттик дирекциянны билдиришинче, майрамдык салтанатты өткөрүү азыркы тапта толукталып, кээ бир өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Мамлекеттин эгемендүүлүгү

Советтер союзу урагандан кийин Кыргызстан эгемендүүлүктү 1991-жылдын 31-августунда алган. Ал эми 1993-жылы улуттук валюта — сом кабыл алынган.

20 жыл ичинде Кыргызстан 3 өлкө башчысын алмаштырган. 20110-жылдын 30-августунда кыргызстандын жарандары төртүнчү өлкө башчысын шайлайт. Тандалган президент мамлекетти 4 жыл башкарганга укуктуу.

Мамлекеттин биринчи жана экинчи башчылары эл тарабынан тактысынан кулатылган.

Аскар Акаев, президенттик тактыда 1991-жылдан тартып, 14 жыл эмгектенген. 2005-жылкы элдин көтөрүлүшүнөн кийин ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Ал эми 2010-жылы экс-президент деген статусунан өкмөттүн чечими менен ажыратылган.

Өлкөнүн экинчи башчысы Курманбек Бакиев 2005-жылы Акаевке каршы кыймылды башкарган. Ал Кыргызстанды 2005-жылдан, 2010-жылдын 7-апрелине чейин башкарган. Дал ошо күнү мамлекеттик төңкөрүш болуп, анда 86 адам көз жумган.

Азыр өлкө башчысы болуп, «СДПК» партиясынын мурунку лидери Роза Отунбаева эмгектенет. Ал 2010-жылдын 27-июнунда өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча президент деп жарыяланган.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова