Мындай көрүнүштү экономисттер мөмө жемиштер экспортко көп чыгып жатканы жана түшүмдүн бул жылы аз болуп калышы менен байланыштырышат.Ал эми сатуучулар күнүмдүк жашоого керектелүүчү азык-түлүктүн баасы кымбат болгондугу менен түшүндүрүштү.
Шаардын борбордук базарынын сатуучусу Фарида эже, мөмө жемиштин баасы кымбаттаганынын себеби ун менен майдын баасы көтөрүлгөндүктөн деп өз ойун билдирди.
«Бизде кымбатчылыктын болгону, баарынан да ун кымбат, май кымбат. Кыргыздын майы, уну кымбат болсо, мөмө жемиши да кымбат болот да. Келген товардын бары кымбат кийим кече, курулуш материалдары кымбат. Өзүбүздөн эч нерсе чыкпай калды», - деп капаланды Фарида эже.
Ошондой эле бааны сатуучулар өздөрү коюшаарын айтты.
«Дыйкандардан алсак, дыйкандын да пенсия, пособиясы эч нерсеге жетпей, бааны көтөрөт. Жакынкы эле Араван, Өзгөн, Куршабдан алып келебиз», - деп түшүндүрдү сатуучу.
Бүгүнкү күндө былтыркы жылга салыштырмалуу шаардык базарда мөмө жемиштердин баасы 20-30 сомго кымбаттады.
« Жүзүмдөр 100 сомдон, алманын жакшылары 70 тен, шабдалы 55 сомдон, мындай боло берсе кышындасы булардын баасы асман тиреп калат», - деди Фарида эже.
Ошол эле борбордук базардын дагы бир сатуучу, аты- жөнүн айткандан баш тартып, мөмө жемиштердин баасынын кымбаттыгын, бензинге болгон баа көтөрүлгөндүгү менен байланыштырды.
«Жемиштер Өзбекстандан, Кадамжайдан келет. Бензин кымбат, ошондуктан булар [мөмө жемиштер]да кымбат. Былтыркыга салыштырмалуу 20-30го кымбат»,- деди сатуучу.
Эконмистердин ою
Ал эми экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев мөмө жемиштер көп экспортко чыгып жаткандыктан баа көтөрүлүп жатат деп билдирди.
«Сунуштан талап жогорулаганда баа которуло баштайт да, мөмө жемишке баа котрулот да башка малекеттерге коп экспортко чыгып жатпайбы.
Ошондой эле экономика илимдеринин кандидаты,доцент Эрлан Камалов бул жылы түшүмдүн мурунку жылдарга караганда аз болушу, баага таасирин тийгизип жатат деди.
«Дагы бир фактор таасир этет, бул мамлекеттин азык түлүк коопсуздук саясатынын жүргүзүлүшү өтө начар, бул да негизги факторлордун бири»,- деп айтты экономист Камалов.
«Орозодо кымбаттады»
Ошондой эле сатып алуучу Раиса Киргизова, Орозо мезгилинде мамлекет баарынан да мөмө жемиштердин баасын төмөндөтүү керек деп эсептейт.
«Бир эле жүзүмдү алсак, мурунку жылдары 60тан алат элек, а азыр болсо базарга барып 100 сомго болгону бир килограмм гана жузум ала алдым. Бир ай мурун кичине арзаныраак алса болот эле»,- деп нааразычылыгын kloop.kgге берген интервьюсунда айтты.
«Мисалы, Туркияда сооп болсун дешип, ушундай арзандатып бир нерселерди уюштурушат, бизде деле кылышса болмок», - деди сатып алуучу.
Хайрулло Мирсаидов Тажикистандан келген турист, ал дагы Оштогу мөмө жемиштерин баасы мурунку жылдарга караганда 2011 жылы жогорулап кеткени сезилгенин айтты. Анын оюнча, мындай көрүнүш Өзбекстандын чегарысынын жабык болгону менен байланыштуу.
«Мисалы, Душанбе Борбордук Азияда эң кымбат шаар болуп эсептелинет. Оштогу бир дарбыздын баасына Душанбеде экини алса болот»,-таңгалуу менен айтты турист.
Ал ошондой эле Кыргызстандын патриоттору, жеке ишкерлери Орозо айында товарларды алып келип арзаныраак сатышса болот деп сунуштады.
Ал эми шаардын антимонополдук комитетинин башчысы Арзыбек Такойтов эмнегедир мөмө жемиштердин баасы көтөрүлгөн жок деп айтты.
«Мени кечиресиз, бирок баа көтөрүлгөн жок деп, бул деген базар да. Биз бул товарларга анализ кылбайбыз», - деп койду Арзыбек Такойтов.
Автор: Анара Арстанбекова