Шайлоо-2011: Президент болууну каалагандардын саны 32 жетти


Кыргызстандын БШК- 2011-жылдын 4-авустунда дагы эки президенттикке талапкер арыздарын киргизди. Алар мамлекеттик «Кара-Балта спирт заводу» ишканасынын башкы мүдүрү Сооронбай Дыйканов жана Кара-Балта шаарынын мурунку мэри Оомат Казакбаев.

Талапкерлигин койгон Сооронбай Дыйканов 2011-жылдын башынан тартып, премьер-министр Алмазбек атамбаевдин буйругу менен «Кара-Балта спирт заводунун» башкы мүдүрү болуп эмгектенип келген. Ал «Содружество» партиясынын өкүлү болуп, Москвадагы кыргыздардын диаспорасынын кызматкерлери менен аталган партиянын атынан иш алып барып турган.

Оомат Казакбаев, президенттик тактыга өз талапкерлигин БКШ- киргизген. Ал Кара-Балта шаарынын мэри болуп ушул жылдын июль айынын башына чейин эмгектен, андан соң аткарган кызматынан бошотулган. Азыркы тапта ал жумушсуз.

Куш-кабар маалыматтык агенствосунун билдиргенине караганда, 2011-жылдын 16-февралында Казакбаевке Чүйдүн прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын айтымында Казакбаев мамлекетке чоң өлчөмдөгү чыгымдарды алып келген.

Бирок кылмыш ишин иликтөө, жабыркаган тарап күнөө коюуусун улантуудан баштарткандыктан улам токтотулган.

Азыркы тапта президенттик тактыга өз талапкерлигин коюп, шайлоого катышам дегендердин саны 32 адамды түзөт.

Алардын жетиси ар түрдүү партиялардын атынан талапкерлигин койсо. Калган 25 адам өзүн-өзү президенттикке көргөзгөдөрдүн катарына кирет.

Потенциалдуу талапкерлер

Президенттик шайлоого катышам деген талапкерлердин арасынан жети гана адам партиялардын атынан талапкерлигин коюшкан.
Бирок азыркы тапта бийликте турган «Ата-Журт» фракциясы өз лидери Камчыбек Ташиевди талапкер катары расмий түрдө көрсөткөн.

Мындан бир аз мурун ал өзгөчө кырдаалдар боюнча министр болуп эмгектенген. Бул жылы ал ММК- көңүлүн өзүнө бир гана алып барган иши эмес, өзүн алып жүрүүсу менен да көңүлүн бурган. Апрель айынын башында ал өзүнүн эки кесиптеш депутаттары менен согушуп кеткен.

Алардын биринде Ташиев өзүнүн партиялашы Бахадыр Сулеймановду токмокко алып, бир аз убакыттан кийин коомчулук алдында Сулеймановдон кечирим сураган.

Калган 22 өзүнүн талапкерлигин өзүлөрү койгондор, алардын алтоосу жумушсуздар.

Президент болууну каалаган, бирок борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшыра элек болуп «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу эсептелет. Ал өз талапкерлигин «Эркин Кыргызстан» партиясынын атынан коет.

Бакир уулунун айтымында, бул эки партия 2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында бириккен. Депутат президенттик шайлоого ушуну менен төртүнчү жолу катышууда. Президенттик шайлоо 1995, 2000 жана 2005-жылдары өткөрүлгөн.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова