Токтогул ГЭС- авария болушу толук ыктымал



Токтогул ГЭСинде жакынкы арада ремонт иштери болбосо, ал Россиянын Саяна-Шушенск ГЭС- окшой, аварияга чалдыгат деп, Электр жылыткыч комплексинин эксперти Расул Умбеталиев айтат. Бирок депутаттар эксперттин оюн четке кагууда.

Суунун сарыпталышы менен Кыргызстан күнүнө 20 миллион сом жоготот деген оюн айтат эксперт Умбеталиев.

«Азыр Токтогул ГЭС- 19 миллиард 200 миллион кубметр суу бар. Ал эми ГЭС- суунун деңгээли 19 миллиардтан көп болсо, динамикалык сокку болушу ыктымал. 2010-жылы дагы суу көбөйүп, жумушчулар аны 2-3 күн өз күчү менен чыгарып, аварияны алдын алган», — деп маалымдады эксперт.

Токтогул ГЭС 1960-жылдары салынып, азыр ага 50 жылдан ашкан. Бул убакыттын ичинде ГЭС- эскилиги жетип, анда жакшы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү абзел деди Умбеталиев.

Умбеталиевдин айтымында ага энергетика министирлиги жана «Электростанции» акционердик коомунун ишине нааразы болгон элдин телефондук чалуулары келип түшөт.

«Мага чалып Үчкурган, Ташкөмүр, Курпсай, Шамылды ГЭС- түнкү маалда сууну агызып жатканын айтышат. Ал эми жылдын башында энергетика министирлиги мындай иштер жасалбай тургандыгы жөнүндө өз убадасын берген», — деп кошумчалады Умбеталиев.

Бүгүнкү күндө өлкө бир саатында 20 миллион киловат электр жарыгын сарыптаса, коңшу Казахстанга саатына 15-16 миллион киловатт экспорттолот.

«Калган 20-25 киловатт кайда кетип атат? Бул суунун туура эмес чыгарылыш менен байланыштуу да», — деп нааразы болду Умбеталиев.

Саяно-Шушенск ГЭС- авария

Россиянын гидро электр объектилери боюнча Саяно-Шушенск авариясы эң чоң кырсык болуп катталган. Кырсык 2009-жылдын 17-августунда болуп, 75 киши көз жумган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында авариянын себеби катары, «гидроагрегат тетиктеринни эскилиги жана жаркатан чыгуусу» катталган. Эски тетиктердин иштен чыгуусунан улам станциянын машиналык имаратын суу катптап калган.

«Станцияда динамикалык сокку болушу мүмкүн эмес»

Жогорку Кеңештеги электр-жылыткыч комплексинин комитени масштабдуу түрдө акча каражатын жоготуу тууралуу маалыматты туура эмес деди. Бирок чындыгында, Токтогул ГЭС- оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек.

Комитеттин төрагасы Азамат Арапбаев эч кандай суу жоготуу болбой эле турганын айтып, бирок Кыргызстандын эң чоң ГЭС- жаңыртып жасаш керек деп белгиледи.

«Каражат жетишпегендигине байланыштуу ремонт иштери жүрбөй, токтоп турат. Эгер жакында баарын оңдоп албасак, биз ГЭС- жоготуп алышыбыз толук ыктымал. ГЭС эч качан күнүнө 20 милилон сомдон чыгаша ала албайт, анткени суунун баары элект жарыгын чыгарууга кетет», — деди Арапбаев.

Арапбаев кошумчалагандай, динамикалык сокку болбойт.
«Сунун деңгээли август айында кайра тартылат», — деди депутат өз сөзүндө.

Tazabek.kg порталына берген маалыматында, «Электр тармактары» ААК- Умбеталиевдин айткан божомолдорун четке кагып, суунун деңгээли 19,5 миллиард кубометрге жеткенде, Токтогул суу сактагычынын плотиналарында жарылып кетүү коркунучу жок.

Ал эми энергетика министирлиги маселе боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Токтогул ГЭС-

Токтогул гидро электр станциясы Нарын суусунан орун алган. Платина Токтогул суу сактагычын пайда кылып, Орто Азиядагы эң чоң суу сактагыч болуп саналат.

Орто Тянь-Шаньдын тоолорунда жайгашып, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн кирген Нарын суусунун кире беришинде турат.

«Электр тармактары» ААК- билдиришинче, өлкөдөгү эң чоң станциясын эксплуатациялоо мөөнөтү 300 жылды түзөт.

Станция «Гидропроект» институту тарабынан долбоорлоштурулуп, 1975-жыдан бери иштеп келет.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова
Сүрөт: heinerbischkek