Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдар үчүн атайын борбор ачылат


«Балдар укугун коргоо лигасы» шаардык мэрия менен биргеликте үй-үбөлүк зомбулуктан жабыркаган балдар үчүн атайн борбор ачууда. Уюштуруучулардын айтымында, жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт.

Жаңы борбор үчүн №14 орто мектебинин бир бөлүгү бөлүнүп берилген. Бул имаратта [ЮНИСЕФ] балдар борборунун каржылоосу алдында оңдоп-түзөө иштери өтөт.

«Балдар укугун коргоо лига» коомдук фондунун мүдүрү Назгули Турдубекова билдиргендей, берилген имараттын жасалгалоосун сентябрь айына чейин бүтүрүү планга коюлган.

Бирок ЮНИСЕФ- кызматкери Венера Урубаева, балдарга жардам берүү боюнча иш алып бара турган борборунун ремонт иштери октябрь айында башталышы толук ыктымал

Бул борборду уюштуруп аткандардын айтымында, долбоордун негизинде жабыркагандар үчүн атайын ишеним теелфондору иштеп, ага баардык каалоочулар чалууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ачыла турган борбор үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам бере турган биринчи борбор болуп саналат.

«Бул күндүзү иштей турган борбор. Балдарга социалдык жардам көрсөтүлүп, керек болсо алар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт: мисалы атаын медициналык кызмат менен камсыз болууга», — деди Урубаева.

Борбордун кызматкерлери бир гана балдар менен эмес, алардын ата-энелери менен да иш алып барат. Мындай борборлор келечекте өлкөнүн башка аймактарында да ачылат.

«Кээ бир ата-энелер балдарды тарбиялаш үчүн аларга кол көтөрүп, катуу сөз дагы айтып коюшат. Биз андай учурларды азайтып, туура тарбия берүү жолдорун ата-энелер менен чогуу карап чыгабыз. Андан тышкары, мындай иш-чараларды башка облустарда да уюштурууну көздөп атабыз», — деди эл аралык уюмдун кызматкери.

«Балдар укугун коргоо лигасынын» кызматкерлери билдиргендей, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы жеген балдардын эсеби жок. Дүйнөлүк ден-соолукту коргоо уюмунун берген маалыматы боюнча, жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун айынан жылына 31 миңден ашуун жаш балдар көз жумат.

«Мындай борборлор түштүктө да керек»

«Ачык көз караш» коомдук фондунун жетекчиси Дмитрий Кабак, уюштурулуп жаткан иш натыйжалуу болуш үчүн башка уюмдар менен биргеликте иш алып баруу жакшы болот деген ою билдирди.

«Борбордун ишин алгылыктуу кылыш үчүн ушундай суроолорго тиешеси бар баардык тармактар менен иштөө абзел. Мисалы баланы үйүнөн уруп койсо, алар менен укук коргоочулар иштеши керек», —деди Кабак өз сөзүндө.

«Нурбала» коомдук фондунун мүдүрү Жылдыз Турдугулова дагы өзүнүн кесиптеши Кабактын оюн колдоп, борбордун социалдык коргоо башкармалыктары менен иштөөсү үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдарды табууга оңой жол ачат. Анын айтымында, борборду Бишкекте эле эмес, өлкөнүн түштүгүндө да ачуу зарыл.

«Калктын басымдуу бөлүгү дал ошо аймактарда жашайт. Элди маалымат менен камсыз кылып туруу керек да», — деп белгилеп өттү Турдугулова.

Бишкектиктердин ою

Балдарга жардам көрсөтүү борбору балдар менен атайын оюндарды өткөрүүсү керек деген ойдо Людмила Горохова.

«Менин оюмча, алар үчүн атайын “Ата жана бала” деген темада бир оюндарды уюштуруу керек. Балким ошондо балдар кырдаал анча деле оор эместигин билип, жакшы жолго түшкөнгө аракет кылат. Анын үстүнө өспүрүм кезинде балдар өтө эле бир нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышат. ошондуктан балдарга көбүрөөк көңүл буруп коюу керек», — деди Горохова.

Орозобек Жумагуловтун айтымында, борбордо балдар өзүн алда канча жакшы сезип, эркин жүрө алышат.

«Азыркы тапта ата-энеси менен урушуп алып, жаман иштерге барган өспүрүмдөр көбөйүп баратат. Ал эми бул борбордо алар алаксып, мээсин сергитет»,— деп белгиледи Жумагулов.

Шарадын тургуну Сергей Панфилов дагы Жумагуловдун оюна кошулат.

«Аялдардын суроолору менен алек болгон мекемелер бар. Ал эми балдар борбору да биздин коомчулук үчүн керектүү», — деди Панфилов.

Студент Изат Расулов мындай борборду өлкөнүн түштүгүндө да ачуу кажет дейт.

«Мамлекет аймактардагы балдарга жетишээрлик деңгээлде көңүл бурбайт. Алардын көбү билимсиз, үй-бүлөлүк чыр-чатактар болгон учурда каяка барып, кимге кайрылыш керек экендигин билишпейт», — деп эсептейт Расулов.

Редактор: Диана Рахманова
Автор: Кундуз Исмаилова
Сүрөт: flickr.com интернет баракчасынан алынды
Которгон: Кундуз Исмаилова