Ош: «Кыргызстан» кинотеатрынын иши 18-жылдан кийин кайра жандандырылат


1993-жылы каражаттын жетишсиздигинен улам жабылууга дуушар болгон Ош шаардык «Кыргызстан» кинотеатрында реконструкция иштери башталат. Бул тууралуу киномотографиянын мамлекеттик агенствосу билдирүү жасады. Кайра жасалгалоо иштеринен өткөн кинотеатрда биринчи тасманы көргөзүү өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 2- жылдыгына карата, 31-августка пландаштырылган.

Азыркы тапта кинотеатрдын ичинде толуп кеткен таштандылар тазаланып, чыгарылып жатат дейт аталган мекеменин мүдүрү Топчубай Досбаев.

«Жакынкы арада эшик-терезеледи жаңыртып, электр линияларын жасайбыз. Реконструкция иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү документтер премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кароосуна киргизилди», — деди Досбаев.

Кинотеатрдын мүдүрүнүн белгилеши боюнча, имаратты толугу менен жасап чыгууга 30 миллион сом керектелет. Мамлекеттик агентство азыркы тапта 200 миң сомду которуп, ал эми кошумча каржылуу чет өлкөдөн тартылат.

Ал эми көрүүчүлөр имаратты жаңы түрүндө ушул жылдын 31-августунда көрүп, тасмалардын көргөзүлүшүнө күбө болушат.

Киномоторгафия жаатындагы инвесторлорду тартуу жана өнүктүрүү боюнча башкаруунун жетекчиси Урмат Айталиев, театрга атайын жаңы орундуктар келет. Кинотеатр 10 жылдан бери Ош шаардык мэриясынын көзөмөлү алдында деп Айталиев кошумчалады.

«10 жыл ичинде имарат ээн калып, элдин үрөйүн учурат. Бул жылы кинотеатр биздин жетекчиликке берилди», — деди Айталиев.

Биринчи кинотасмаларын көргөзүү

Киноматограциянын мамлекеттик агенттигине совет доорундагы, америка жана Индиянын өндүрүүчүлөрүнүн тасмаларын алуу боюнча билдирме киргизилген.

«Кинотеатр жалпы билим берүү мектептери, Жогорку окуу жайлары менен кызматташат. Студент, мектеп окуучулары үчүн атайын документташтырылган жана тарыхый тасмалардын сеанстары болот», — деди кинотеатрдын жеткечиси.

Кинокритик Гулбара Толомушеванын оюна, жаңыртылган театр шаардыктар үчүн чоң кошумча.

Киномоторафисттер союзу “Сумөлөктүн” жасалышы боюнча жаңы кинотасмасын тартышкан. Ал 21-мартта Нооруз майрамында элдин алдында көргөзүлөт.

«Көбүнчө бул тасмалар документаштырылган. Бирок ага карабастан алар көрүүчүнүн жан дүйнөсүнүн түбүнөн орун алчу, позитивдүү. Оштун тургундарына тасмалар жалаң гана жакшы маанайды тартуулайт», — деди Толомушева.

«Умут» автордук тасмасынын фестивалы өтөт. Ага Борбордук Азиянын киноматографисттери катышып, алардын ичинен эң эле позитивдүүлөрү Оштун жандандырылган театрында көрсөтүлөт.

Кинотеатрдын администратору Болот Жусуев жетекчиликке, котормосуз англисс тилиндеги тасмаларды көргөзүү сунушун киргизген.

«Ар бир адам азыркы заманда англис тилин үйрөнүп алуу аракетин көрүп жатат. Бизде алардын купулуна толо турган чет тилиндеги тасмаларды көргөзөлү деген ой бар», — деди Жусуев.

«Кыргызстан» кинотеатрынын жабылышы

Ош шаардык «Кыргызстан» кинотеатры Черемушки кичи районунан орун алып, 1969-жылы эксплуатацияга берилген. 1993-жылы каржылоонун жетишсиздиги жана керектүү болгон аппаратуранын жоктугунан улам жабылууга дуушар болгон.

«Кыргызстандан» башка Ошто «Семетей» аттуу кинотеатр иштеп келет. Ал 2011-жылдын апрель айында кайра жасалып, ишке берилген.

Редактор: Александр Ким жана Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова