Ошто акыркы эки жума тез жардам кызматын чакыруулар эки эсеге жакын көбөйдү

Тез жардам кызматынын маалыматында күндүн температурасы 38 градуска чейин жеткендиктен, 45-50 жаштан кийинки адамдар кан басымы жогорулап жана күндүн соккусун алган жаш балдар, тез жардам кызматы менен ооруканага алып келинип жатат.

Ош шаардык тез жардам бекетинин врачы Алмакан Шананованын айтымында, мурунку жылдардын жай айларында караганда бул жылы тез жардам чакыруулары эки эсеге жакын көбөйдү .
«Себеби адамдар эс алууга аяк -буяка кетип, чакыруулар күнүнө 100-150 тегерегинде болуп калчу. Ал эми акыркы эки жумада, күн аябай ысып жаткандыгына байланыштуу күнүнө орто эсеп менен 200дүн тегерегинде болуп калды»,- деп кыжаланды тез жардам кызматынын врачы.

Ошондой эле Алмакан Шананова көбүнчө 45-50дөн жаштан жогорку адамдар жана жаш балдар тез жардам кызматы менен алынып келип ооруканага жаткызылууда.
«Көбүнчө 45-50 жаштан жогорку адамдар кан басымы менен жана жаш балдар, мөмө жемиштер бышып калган кез эмеспи, ич өткөк оруулары менен ооруп, тез жардам кызматы менен ооруканага алып келинип жатат»,-деди Шананова.

Врач Алмакан Шананова Ош шаарынын тургундарына мындай ысык күндөрдө тез жардам менен ооруканага келип калбаш учун кеңештерин берди.

«Иштериниздер болсо салкын убакта бүтүрүүгө аракет кылыңыздар, барынан да жаш балдарды чак түштө эшикке чыгарбаганга аракет кылыныздар, себеби күндүн соккусун алып калышат», - деп айтты ал.


Күндөн жабыркагандар

36 жаштагы таксист Кайратжон Абдуллаев Ош шаардык кардиология бөлүмүнө, күн ысыкта иштеп жаткан учурунда ооруканага түшүп калды.

«Давлением көтөрүлүп кетип, бир курс дарылоого ооруканага жаттым. Азыр жакшы болуп калдым»,- деп сүйүндү Кайротжон Абдуллаев.

Ошол эле, бөлүмдүн оорукчаны пенсионер Рахматилло Каримов, үйдө эс алып жаткан кезинде кан басымы жогоруланып, ооруканага тез жардам кызматы менен түшкөндүгүн айтты.

«Баардык дарыларды берди, бутуман бери шишип кетти эле. Азыр өзүмө келип калдым. Ушул ысык күндө чыдабай кетип эле, давление болуп кетпедимби»,- деп арызданды пенсионер.

Ош шаардык кардиология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Камчыбек Исабаев июн айынын орто ченинен баштап күндүн ысыктыгына байланыштуу журөк оорулары көбөйүп кеткендигин kloop.kgге берген интервьюсунда айтты.

«Инфарктар , инсульттар, жылдын башка айларына салыштырганда көбүрөөк экендиги байкалып турууда, бунун себептери күндүн ысыктыгы 40 градуска жетип жатканынан»,-деди шаардын башкы кардиологу.

Ошондой эле ал , мындай ысык күндөрү ооруган мусулмандарга орозо кармоо терс таасирин тийгизээрин айтты.

«Себеби эртеден кечке ачка жүрүшөт да , кечиндеси тоюп алышат, литрлеп суюктук ичишет да, анан давлениеси көтөрүлөт. Талмасы кармашы мүмкүн. Ошон үчүн кеч курун ооз ачканда озунун тартиби менен ачышса жакшы болот эле»,- деп кардиолог кеңешин берди.

Ушул эле шаардык ооруканага акыркы 15 күндө 70 тен ашык күндүн ысыгынан ооруп калгандар кабыл алынды.

Ал эми Оштун Гидрометео борборунун маалыматында акыркы жумада күндүн температурасы 33-38 градуска жетти. Мындай температура август айынын жарымына чейин уланат.

Автор: Анара Арстанбекова