Валерий Белоконь «Манас Банкты» өзүнө кайтарып алууну пландады


Бир нече маалыматтык агенсволорунун билдириши боюнча Латвиялык жеке ишкер Валерий Белоконь «Манас Банкты» өзүнө кайра кайтарып алуу үчүн эл аралык арбитраждык сотко доо киргизген. Кыргызсатндын улуттук банкы аталган банк Белокноьго эле тиешелүү экенин айтып, бирок ал жайда консервация режими киргизилен дейт.

Бир нече маалыматтык агенстволорунун билдириши боюнча Латвиялык жеке ишкер Валерий Белоконь «Манас Банктын» активдерин кайтаруу максатында эл аралык арбитраждык сот проецессин баштаган.

«Тилекке каршы Кыргызстан тарап В. Белоконьдун тартыш болгон маселени тынчытык жолу менен эле, соттун киилигишүүсүз бүтүрөлү деген сунуштарын четке какты. Бүгүнкү күнгө чейин Белоконьдун юридикалык өкүлдөрүнө Кыргызстан юридикалык компаниясына иш жүргүзүүгө уруксаатын бере элек», – деп билдирет Novonews.lv.

Белоконь «Манас» коммерциялк банкынын негиздөөчүсү– анын курулуш иштери 2008-жылы аяктаган. «Инсан» акционердик коммерциялык банкын актоо үчүн жарыяланган тендердин негизинде кредиттик мекеме пайда болгон.

Өткөн жылдын апрель айында болгон төңкөрүштөн кийин Латвиялык жеке ишкерге Кыргызстандын башкы прокуратурасы тарабынан, өлкөдөгү компаниялардын кирешелерин мыйзамсыз түрдө алгандыгы жана коррупция боюнча айыптоо берилген.
Ves.lv маалыматтык агенствосунун билдиришинче, өткөн жылы жаңы өлкө башчылары Латвиялык ишкерден кредиттик мекемени тартып алган.

«Мыйзамсыз экспроприацияны далилдеш үчүн Кыргызстан бийлиги, «Манас Банк» жана анын кызматкерлерине каршы бир нече калп нерени ойлоп чыкккан иштерди козгогон», – дейт Ves.lv интернет баракчасы.

Баардык документтер боюнча Белоконь азыркы тапта банктын ээси болуп эсептелет. Бул тууралуу Kloop.kg порталына берген маалыматында, Кыргыз Республикасынынын улуттук банкынын кызматкерлеринин бири билдирди.

«Жөн гана бул банкта 2011-жылдын январь айынан тартып консервация режими киргизилген» – деди улуттук банктын кызматкери.

Банктын консервациясы алдында, улуттук банк тиги же бул банктын үстүндө көзөмөл жүргүзүп, анын активдери жана башка документтеринин толуктугун өз мойнуна алат.

Эл аралык арбитраждык сотко берилген доо тууралуу банктын кызматкерлери маалымат бере алган жок. Маселен банк консервацияда турат.

«Манас Банктын» иши 2008-жылдын 1-январынан башталган. 2009-жылдан тартып «Манас Банк» аркылуу коммуналдык кызматтар үчүн акчалай кабыл алуулар жүруп турган.

«Блэкпулдун» ээсинин өкүлдөрү

Валерий Белоконь Британиядагы «Блэкпул» футбол клубнун ээси болуп, Латвиянын эң ири мультимиллионерлеринин бири.
2010-жылы Кыргызстанда болгон төңкөрштөн кийин башкы прокуратура өлкөдөгү компаниялардын кирешесин уурдоо жана коррупция иштерин жүргүзгөндүгү үчүн отуз экиден ашык киши айыпталган. Алардын катарын Белоконь дагы толуктайт. Анын аты-жөнү 2011-жылдын 4-февралында прокуратура тарабынан расмий түрдө жарыяланган.

Белоконьдун өкүлү, «Блэкпулдун» мүдүр Нормундс Малнакстын айтканы боюнча, анын башчысы буга чейин расмий түрдө жана жөн гана оозеки түрүндө бул иштер тууралуу атайын каттарды алган эмес.

«Белоконь тиги же бул өлкөдө жеке ишкерлигин жүргүзө турган болсо, ал ошол тараптын мыйзамдарын жана эрежелерин сактап, бузган эмес. Ага каршы көтөрүлгөн иштердин баардыгы менен Белоконь аягына чейин баардык жолдор менен күрөшөт», — деген ушул жылдын февраль айында Малнакс.
Максим Бакиев менен кызматташтык

Белоконь менен Максим Бакиевдин ортосунданы кызматташтык 2000-жылдан тартып башталган. 2006-жылдын июнь айында бул эки тарап Латвиядагы «Маvаl Аktivi» фирмасын расмий түрдө каттоодон өткөрүшкөн.

Компания аркылуу Бакиев жана Белоконь Латвия, Россия жана Болгариядагы кыймылсыз мүлктөргө салым жасашкан. Андан тышкары, Латвиядагы «Kimmels» сыра заводун мадернизациялаштырып, Европа жана Азиядагы билгелешкен бизнес-долбоорлорун ишке ашыруу менен алек болгон.

Ошондой эле Белоконь Жалал-Абадтагы «Балтик Голд» алтын кенинин чыгуу жерин аныктоочу акционердик компаниясынын жетекчиси болуп эсептелет.

Сүрөттүн автору: Tangerines, Wikipedia
Редактор: Илья Каримджанов