«Гугл Трендз»: Кыргызстанда «Нокиянын» популярдуулугу төмөндөдү


Акыркы жылдары Кыргызстандыктардан «гуглдан» «Нокия» сөзүн интернеттен издеп, ал тууралуу маалымат алуу каалагандардын саны үчүнчү орундан онунчу орунга түшүп калган. Бул Кыргызстанда аталган маркадагы уюлдук телефондордун кардарлар тарабынан аз суроо-талап менен колдонуп калышы менен байланыштуу деген оюн айтышат дилерлер.

2011-жыл ичинде «Гуглда» «nokia» сөзүн издөө интернет түйүнүн колдонуучулар арасында Кыргызстан боюнча онунчу орунга ээ болду. Биринчи үч орунда «жүктөө», «сүрөт» жана «бишкек» турса, ал эми сатуу тармагында «Нокиядан» мурун биринчи «Гугл» («google») жана «Мэйл.ру» («mail.ru») турат.

«Гугл» ар бир колдонуучунун талаптарынын тизмеси аркылуу тигил же бул компания сода маркаларынын рейтингин жүргүзүп келет. Анын жыйынтыгында Финляндиялык уюлдук телефондорду чыгаруу менен алек болгон «nokia» компаниясынын продукцисяы мекендештерибиз арасында абдан эле төмөн болгон.

2008-жылдагы статистиканын жыйынтыгы боюнча ал «сүрөт» жана «реферат» деген гана эки сөздөн кийин турган.

Дагы бир Тайваньдын популярдуу Эйч-Ти-Си (HTC) маркасы издеген суроолордун эң ири компанияларына акыркы үч айдан бери кирген. Ал гуглдун статистикасы боюнча 70% пайызды түзөт.

Кыргызтанда бул жылы «Нокияга» болго суроо талап күндөн-күнгө түшүп баратат. Бул жылы лидер «Самсунг», «Эппл» маркасындагы Эйч-Ти-Си телефондору болууда дешет жергиликтүү дилерлер.

Финдердин өндүрүштүк кризиси

2008-жылы издөө жаатында интернет боюнча жогорку даражада турган «Гугл» «Андроид» системасын ишке киргизген. Ал эми «Нокия» бул системасы бар телефондорду чыгаруусун басаңдаткан. Алар 2010-жылдан бери компания өзү ойлоп таап ишке киргизген «Симбиан» системасын колдоно баштаган. Бул система «Эппл» компаниясынын «Андроид» жана «iOs» системаларынын алдында утулуп калган.

2011-жылы «Нокия» «Симбианды» мындан ары өнүктүрбөстөн Майкростфтун «Виндоуз Мобайл» атту операциялык системасына өткөнүн жарыялаган.

«Андроидти» колдонуу эптүү

Бишкектеги «Соточка» соода түйүнүн кызматкерлери билдиргендей азыр Нокиа Эйч-Ти-Си компаниясы, «Самсунгка» утулуп калат. Анткени анда надроид операциялык системасы бар болуп, колдонууда абдан эле жеңил.

«Андроидтин алкагында көптөгон программаларды ишке ашыруу жеңил, ошол себептен «Самсунг» Нокиага караганда жакшы сатылат. Ал эми ], ну и Эйч-Ти-Си компаниясы болсо жакшы телефондорду өндүрүп чыгарат, анын да өтүмдүүлүгү жакшы», — деди аталган соода тармагынын кызматкери Дмитрий.

Уюлдук телефондорду сатуу менен алектенген Бишкектин дүкөндөру кайсы түрдөгү аппараттар көбүрөөк сатылаары тууралуу маалымат беришпейт. ЦУМ- «Мобилион» соода түйүнүнүн сатуучусу Денис Ли, андан кардарлар көбүн эсе «Андроидти» базасындагы телефондорду сатып алышат.

«Андроид колдонууда жеңил. Ал эми «Нокиа» жана OviStore- программаларынын баары эле төлөмдөр аркылуу жүргүзүлөт», — дейт Ли.

«Планета GSM» дүкөндөрүнүн соода-сатык боюнча менеджери Алишер Токторбаев «Нокиянын» кыргызстанда жакшы колдонулушу бир гана фактор менен байланыштуу дейт. Бул маркадагы аппараттар 5000 сомдон төмөн туруп, көпчүлүк сатып алуучулардын көңүлүнө жана капчыгына да төп келет.

Kloop.kg порталынын кабарчысы тапкан маалыматка ылайык азыр «Андроидтин» базасындагы телефондорду Кыргызстандан 8 миң омдон өдө тапса болот.

Редактор: Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова