Караколдуктар жана Алма-Атанын тургундары бири-бирине эки эсе аз убакыттын ичинде жетишет


Алмата-Кеген-Каракол жолунун узундугу 375 км чакырым жолду түзүп, эки-үч жыл ичинде ишке киргизилет. Эки өлкөнүн жашоочулары жолго кеткен убакыттын 5 саатын үнөмдөп калышат. Азыр бул эки шаарды бириктирип турган Чолпон-ата жана Бишкек аркылуу жолго тогуз жарым саат кетет.

Транспорт жана коммуникация инистирлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаевдин айтымында азыр Алма-Ата-Караколду кошкон түз жол жок.

Кыргызстандын түндүгүнөн орун алган Каракол шаарына келиш үчүн Алма-Аталыктар өз шаарынан ыгып Бишкеке андан соң Чолпон-Ата, анан гана Караколго 640 чакырым жолду басып өтүп келишет. Бул тууралуу статс-катчы кабарлайт.

Бирок жаңы ишке киргизүүгө пландаштырылып жаткан жолдун узундугу мурункуга салыштырмалуу эки эсе кыска болуп, 375 чакырымды түзөт.

«Ысык-Көлдүн Түп району негизги трасса болот. Каракол-Түп-Кеген [Каркыра суусу] Казахстандын чек арасына чейин. Андан ары Маршрут Казахстандын аймактарына бөлүнүп кетет.
Статс-катчынын айтымында Каракол-Кеген-Алмата жаңы жолунун курулушу аны жасоого бөлүнгөн каражаттан көз каранды болуп, божомол менен 2-3 жылдын аралыгында ишке берилет.

«Негизинен курулуш иштери 3 жылдан бери жүрүп келе жатат. 30-июлга чейин биз асфальттын биринчи катмарын төшөдүк. Ал эми он төртүнчү чакырымдан отузунчу чакырымга чейин экинчи катмары салынып бүттү. Иш жетимиш сегизинчи чакырымга чейин уланат. Азыр жолдун 48 чакырымы бүтө элек», – деп белгиледи Мамаев.

Караколдон Түп районун борборуна чейин жаңы курулган жолдун узундугу 25чакырым болот. Ал эми андан ары Кыргызстан менен Казахстандын бириктире турган жол 78 чакырымды түзөт.

Түп-Кеген жолунун оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик казынадан акча акыркы үч жылдан бери бөлүнүп келе жатат. Быйыл бул ишке 92 миллион сом бөлүндү.

Эски жолду эле кайра жасалууда. Бул жол эл аралык стандарттарга жооп берип, асфальт бир эмес эки кат төшөлөт.

«Ыңгайлуу маршрут»

Орто Азиядагы эң чоң лыжа базасы Каракол шаарында жайгашып, андан тышкары бул шаарга жакын көптөгөн курорттук эс алуу жайлары жана Ыссык-көл бар. Алматанын тургуну Караколго келиш үчүн тогуз саат 21 мүнөт убактысын жолго кетирет деп билдирет «Гугл мапс».

Жаңы маршрут боюнча эми Кыргызстанга келүүнү каалагандар жол жүрүүгө кеткен убакыттын беш саатын үнөмдөп калат.
Мамаевдин эсеби боюнча Каракол-Кеген-Алмата жаңы жолу Кыргызстанга бир гана туристтик эмес, экономикалык жаатында да кирешелүү болот.

«Ыссык-көл обулусунун аймагында өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларынын дээрлик көбү Казахстандын базарларына түз чыгарылып турат», – деди транспорт министирлигинин өкүлү.
Азыркы учурда бул трасса аркылу ол жүрүүнүн жол кире акысы так билине элек дейт статс-катчы.

Каракол шаарынын тургуну Фарух Рахматуллаев эки өлкөну бириктирип турган жолдун ачылышына туура көз карашта экенин айтат.

«Менин Казахстанда жашаган туугандарым көп. Ар бир жай мезгили келээри менен мен Алматага барам, бирок Бишкек аркылуу. Эми эгер жаңы каттам ишке киргизилсе, облустун аймагынан чыкпастан эле Казахстанга бат жетип калам деген ойдомун», –деди Рахматуллаев.

Сүрөт: Kyrgyztours.com
Редактор: Илья Каримджанов