Кыргызгаз: Өзбекстандын газга болгон бааларды көтөрүшү Кыргызстанга кедергисин тийгизбейт


Эми Кыргызстанга Өзбекстан газды 14% кымбат сатып, негизинен табигый газ биздин өкөгө 34,41 АКШ долларына көтөрүлгдү. Бирок «Кыргызгаз» жана энергетика министирлиги тургундар үчүн баалар мурункудай эле калаарын белгилешет.

«Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун пресс-кызмат бөлүмүнүн башчысы Жайнагүл Максимованын билдиргенине караганда, Өзбекстан Евроазиялык тарифтерге жараша биздин өлкөгө ар бир үч айда газга болгон бааларды өзгөртүп турат.
Максимованын айтымында сатып алуу баалары Кыргызстандын тургундарынын капчыгын жукартпайт.

«Өлкөдөн тышкары биз газды колдон келишинче ошол эле баада сатып атабыз. Ал эми сатыктын ортосундагы чыгашалардын баарын өкмөт жабат. Анын суммасы 96,7 миллион сомду түзөт», — деди Максимова.

«Газдын кымбатташы тамак-ашка болгон баалардын жогорулашына алып келет»

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев бул кырдаал Кыргызстандын аймагындагы азык-түлүктүн бааларынын жогорулашына алып келет.

«Газдын баасы кымбаттабаганы менен өндүрүлгөн азык-түлүктөр өтө чоьн акчага сатылышы мүмкүн. Бул карапайым калкка абдан эле оор болот, айрыкча пенсионерлер, жумушсуздар, майыптар жана аз камсыздалган үй-бүлөлөр көп кыйналып калышы ыктымал», — деди Сарыбаев.

Сарыбаевдин белгилешинче Өзбекстан көгүлтүр оттун баасын өз элинин кызыкчылыгы үчүн жогорулатты.

Эгер Кыргызстан жогорулатылган баада көгүлтүр оотту сатып алууну уланта берсе, азык-түлүк баалары да кымбатташын экономист Улук Кыдырбаев кошумчалады.

«Газды колдонуп, өз продукциясын өндүрүп аткан ишкана, мекемелер дагы өзү өндүргөн азык-тулүктүн баасын жогорулатат. Бул кырдаалдан чыгуу жолун бир гана «Кыргызгаздын» кызматкерлери билет. Алар кымбатчылыкты жоюу үчүн көгүлтүр отту арзан алып келүүгө баардык күч-аракетин жумшоосу зарыл », — деп белгиледи Кыдырбаев өз сөзүндө.

Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр

2000-жылга дээри көгүлтүр отун сатып алуу жана анын баасын келишимдик негизе кароого эки өлкөнүн башчылары гана катышчу. Ал эми 2007-жыллдан тартып бул маселелерди чечүү менен «Кыргызгаз» ачык акционердик коому иштей баштаган.

«Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун пресс-кызматы билдиргендей, газ эсептегичи бар жер там жана көп кабаттуу үйлөрдөгү көгүлтүр оттун баасы жашоочулар үчүн 14,49 сомду, ал эми Оштун тургундарына бир кубметри 14,10 сомдон сатылат.

Сүрөт: Freefoto.com
Редактор: Диана Рахманова жана Илья Каримджанов