Ошто биринчи жолу электро-энергия үнөмдөөчү орто мектеп курулууда

Мектеп шаардын батыш жагында жайгашкан, «Ак-Тилек» кичи районунда курулуп жатат. 2012-жылдын жаңы окуу жылында 860 окуучуну кабыл алат. Жылына 700 миң киловатт сааттан ашык электро - энергиясын үнөмдөйт.

10 августта «Ак-Тилек» кичи районунда мектептин курулушунун ачылышында Ош жана Жалалабад шаарларын кайра куруу мамлекеттик дирекциясынын директору Жантөрө Сатыбалдиев, курулуп жаткан мектеп 50 % пайызга чейин электро- энергияны үнөмдөй тургандыгын айтты.

«Ушул эле жагынан өзгөчөлөнүп турат, калганы башка мектептерден айрымаланбайт. Чоң зал, гимнастикалык, спорттук, лабараториялык залдар, китепкана, аш канасы болот»,- деди Сатыбалдиев.

Ошондой эле Ак-тилек кичи районунда мектеп 1990- жылдан бери курулат, деп курулбай келген. Бирок электро-энергия үнүмдөөчү мектептин долбоору ушул жылы ПРООН (БУУ ӨП) тарабынан иштелип чыккан.

«СССР дүркүрөп турган мезгилде курулбай калган мектеп биздин пешенебизге буйруптур»,- деп кубанды Сатыбалдиев.

Жантөрө Сатыбалдиевтин айтымында, бул мектептин курулушуна Түркия тарабынан 16 миллион АКШ доллары бөлүндү.

Мектептин өзгөчөлүктөрү

Оштогу бул долбоорго карата болгон тендерди ОсОО «Нурстрой» курулуш компаниясы утуп алган. Анын инженери Камчыбек Молдобаев, атайын энергиясы үнөмдөлө тургандыгын билдирди.

«Күн батареялар коюлат. Бирок кышында электро-энергия менен эле ысытылат да, имарат ысыгандан кийин, отопление күн нуру менен өзүнө заряд алынган аккумуляторго туташтырып коет. Алар температураны бир калыпта кармап турат», -деп түшүндүрдү инженер kloop.kgге берген интервьюсунда.

Мектептин курулуу долбоору аш кана, ажаткана жана спортзалдагы ысык суулар күн батареялар аркылуу камсыздалат. Ошондой эле кыш мезгилинде имараттын ичиндеги жылуулукту кармап туруу үчүн мектептин сырткы дубалына да, атайын жылыткычтар чапташтырылат.

«Алар да термосдой эле, имараттын ичиндеги жылуулукту сыртка чыгарбай турат»,- деди Молдобаев.


«Ак-Тилекте» - биринчи мектеп

Ушул райондун тургуну, врач Айгүл Уметалиева мектеп курулуп жатканына кубанычта, антекени анын неберелери алыс жактагы мектептерде окушат.

«Чоң неберелерим алыс жакта окушчу, эми бүтүп калса бул мектепке келишет. Баарына ырахмат, «Ак-Тилектин» тургундары сүйүнүп жатабыз. Калоорум мектептин пайдубалы бекем болсун демекчимин»,-деди Уметалиева.

Ал эми Ислам байке мектептин жакындыгына кызыкпайт , ал жерде иштеген мугалимдердин сабатына карап берет .

«Мага жакындык кызык эмес. Балдарым келечекте билимдүү болуусун калайм»,- деп ал айтты.


Автор: Анара Арстанбекова