Шайлоо-2011: Атамбаев жана Тюлеев президенттик жарышта ат салышат


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын президенттикке талапкер болуп көрсөтүлүп, аны менен катар эле БШК- өкүлү Жаркын Бапанова белгилегендей ал эс алууга кетиши зарыл. Бишкектин мурунку башчысы Нариман Тюлеев «7-апрель» жаштар кыймылынын атынан шайлоого катыша турган болду.

14-августта КСДП партиясынын өткөргөн расмий съездинде, аталган партиянын торагасы премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин президенттикке талапкерлигин съезддин катышуучулары колдоого алды. Бул тууралуу партиянын штабынан маалымат берди.

Атамбаев талапкерлерди расмий түрдө каттоо 25-сентябрда бүткөндө аткарып жаткан кызмат ордунан убактылуу эс алууга кетиши керектигин БШК- өкүлү Жаркын Бапанова билдирди. Ал өкмөт башчысынын ишин шайлоо бүтүп, добуштар саналмайынча уланта албайт.

«25-сентябрга чейин Алмазбек Атамбаев министирликтердин башында тура алат», – деди Бапанова.

Атамбаев ушуну менен экинчи жолу премьер-министр болуп кызмат өтөөдө. Биринчи жолу ал президент Курманбек Бакиевдин учурунда 2007-жылы аталган кызмат ордун ээлеген.

Ал Кыргызстанда болгон эки төңкөрүшкө тең активдүү катышкан. Социал-демократтар партиясынын лидери 2000 жана 2009-жылдары президенттикке ат салышып, бирок ошол мезгилде иштеп жаткан Акаев жана Бакиевке утулуп калган.

2010-жылы Атамбаев социал-домократтардын тизмегин башкарып, парламентке өтүп кеткен. Андан соң премьер-министр катары кызматка алынып, депутаттык мандатын өткөрүп берген.

Атамбаев Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын катарына кирет деп «Фергана» веб-сайты, жана «Де-Факто», «Асман-Пресс» гезиттери билдирүү жасаган.

Мурунку мэр президенттик тактыны энсөөдө

Дагы бир бегилүү саясатчы, 2011-жыдагы президенттик шайлоого ат салышканы камданып жаткан кези. Нариман Тюлеев Бакиевдин бийлиги учурунда Бишкектин мэри катары көп ийгиликтерге жетишип, элдин көңүлүн алган.

Азыркы учурда Тюлеев «Ата-Журт» партиясынын парламенттеги депутату. Бирок президенттикке талапкерлигин өткөн жылда болуп өткөн элдик төңкөрүштөн кийин түзүлгөн «7 апрель» жаштар кыймылынын атынан көргөзүп атканын билдирди.

2010-жылдагы революциядан кийин Тюлеевке экономикалык кылмыш жасады деген кылмыш иши козголгон. Бирок бир аз убакыттан кийин ил биринчи май райондук соту тарабынан акталып, ал кайра саясий ишмердүүлүгүн уланта алган.

«7 апрель» кыймылынын съездинде тартылып алынган видеотасмада Тюлеев өз талапкерлигин кое турган ою жок экенин айтып, бирок андан өтүнгөн үчүн шайлоого катыша тургандыгын айткан.

«Ар-Намыс» Калматовдун талапкерлигин көрсөттү
«Ар-Намыс» партиясынын съездинде делегаттар Анарбек Калматовдун талапкерлигин колдоого алышты.

Бул партия өз талапкерин 9-июлда болгон биринчи съездинде эле көрсөтүшү керек эле, бирок делегаттар жана депутат Феликс Кулов кандайдыр бир келишпестиктерден улам экинчи съездти жарыялашкан.

Анда партиялаштарынын добушун алууга Акылбек Жапаров жана Анарбек Калматов аракеттенишкен. Эки жолку тандоодо тең делегаттар бул атаандаштардын кимисин президенттикке талапкер кылып коюну чече алышкан жок.

Бир аз күн өткөн соң 28-июлда Жапаров партиялаштарынын добуштарын күтпөстөн өз талапкерлигин өзү алдыга жылдырган.
Полковник Анарбек Калматов 1992-жылдан 2009-жылга дээри Кыргызстандын, тактап айтканда Ош, Талас жана Бишкектин прокуратурасынын ар кандай кызматтарын аткарып келген. Акаевдин учурунда да ал 1995-1997 жылдары президенттик аппаратта иштеген.

Калматов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырымындагы эл өкүлү. Ал ошондой эле коррупция, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча парламенттик комиссиясынын төрагасынын орунн басары.

Щайлоого 76 күн калды

СДПК партиясы парламенттик партиялардан эң акыркысы болуп өз талапкерин көрсөттү.

Коолициянын курамында турган «Ата-Журт» Камчыбек Ташиевди колдосо, ал эми «Ата Мекен» шайлоодо партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди көрсөтөт.

«Республика» парламенттик партиясынын атынан бир дагы талапкер шайлоого катышпайт деген чечимди партиянын өкүлдөрү кабыл алышты.

Президенттик тактыга талапкерлер 16-августка чейин БШК- өз талапкерлигин кое алышат. ал эми аларды расмий түрдө каттоодон өткөрүү 2011-жылдын 25-сентябрында башталат.
Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. Бул шайлоо Кыргызстандагы эң көп кандидаттардын эсеби менен айырмаланат. Алардын саны азыркы тапта 66 талапкерге жеткен.

Редактор: Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова