Оруссиянын жаранынын өлүмүнө базар-коргондун милициясы күнөөлүү дешет укук коргоочулар

«Эркиндик үнү» коомдук фонду билдиргендей, Оруссиянын жараны Усманжан Халмурзаев Базар-Коргон аймактык ооруканасына 9-август күнү оор жаракаттары менен жеткирилип, ошол жерден каза тапкан. Аны мындай акыбалга уруп, тепкиге алган укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеткирген. ИИМ пресс-катчысынын айтымында, азыр иш боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.

«Эркиндик үнү» укук коргоо борбору Халмурзаевдин үйүнө 7-августта 3 милиция кызматкери келип, унаа тетиктерин сатып алабыз деп анын эшикке чыгуусун суранышкан. Кошуна балдардын айтуусунда Халмурзаевди укук коргоочулар зордук менен автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Бир аз убакыттан кийин жабыркаган Халмурзаев жакыдарын телефон чалуу жасап, аны милиция кызматкерлери тепкиге алганын кабарлап, балким көз жумаарын да билдирген. Андан укук коргоочулар 6 миң АКШ долларын талап кылып, бирок анын жакындары 30 миң сомду эле чогултуп, милиция кызматкерлерине беришкен.

Халмурзаев авто тетиктерин сатуу менен иш жүргүзгөн. Анын жолдошу Зульфия Халмурзаеванын айтымында Усманжан үйүнө келгенде анын үрөйү учуп, кан сийип калган.

Алган оор жаракаттардан улам ал аймактык ооруканадан каза тапкан.

Аталган укук коргоо борборунун белгилешинче, 8-августта күндүз Кайрат аттуу даркетик милиционер 20 миң сом, анан кечинде 10 миң сом алып келип берген.

Башкы прокуратуранын пресс-катчысы Kloop.kg порталына берген маалыматында 2011-жылдын 9-августунда Жалал-Абад облусунун Базар-коргон райондук прокуратурасы тарабынан Усманжан Халмурзаевдин өлүмү тууралуу кылмыш иши козголгон.

«Текшерүү учурунда 1970-жылы туулган Россия Федерациясынын жараны Халмурзаевдин өткөн жылдын июнь айында болгон массалык баш аламандыкка катышкандыгы тууралуу маалымат алуу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө милиция кызматкерлери алып келишкен. Ошол эле күнү кечки саат сегиздерде ал үйүнө жаман езип келгенин жана аны укук коргоо кызматкерлери соккуга алганын айткан», — деп билдирди Конокбаев.

Конокбаевдин билдиришинче 8-август күнү күндүзгү саат 13:00 чамаларында Халмурзаев Базар-Коргон аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын эртеси жабыркаган оорулуу ооруканадан көз жумган.

«Текшерүү учурунда сөөктү тышкы кароо жүргүзүлүп, сот медициналык экспертизасына берилди. Базар-Коргон аймактык ооруканасынын кызматкерлери жана жабыркаган адамдын жакындары суралды», — деди башкы прокуратуранын пресс-кызматчысы.

Өлүктү ачып текшергенде Халмурзаевдин өлүмүнүн себеби аныкталган. Жүрөк тамырлары төш клеткасынан үзүлүп, ички кан жайылууга алып келген.

Оруссия элчилигинин атташеси Виктор Харченконун белгилешинче, башкы консулдук тиешелүү документтерди Жалал-Абадтын прокуратурасына жөнөткөн.

«Мага үч шектүү адам бар деп айтышкан, бирок кырдаал өзгөрүп атат. Менин билишимче ишти бир гана башкы консулдук карабастан, аны эл аралык уюмдар да өз колуна алып, байкооо жүргүзүшүүдө», —деди Харченко.

Мында бир дагы улутчулдук маселелер жок. Бул тууралуу Базар-коргон районунун акими Артыков Кубатбек билдирет.

«Экспертизадан кийин гана чын эле каза тапкан адам жабыркаган тарап болгонун аныктоого болот», — деп кошумчалады аким өз сөзүндө.

Ички иштер министирлигинин пресс-катчысы Рахматилло Ахмедов белгилегендей, ИИМ- ички коопсуздук боюнча кызматы азыр кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөр өз жазасын тартат. Бул иштер үчүн атайын Жалал-Абадка полковник Станбек Бакиров жөнөтүлгөн.

Кыргызстандагы кыйноолор

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы Жалал-Абадта болгон улуттар аралык кагылышууну уюштургандыгы үчүн бийлик тарабынан күнөөлү деп табылып, өмүр бою камакка алынган. Бул Кыргызстандын жарандарына каршы жүргүзүлгөн кыйноолордун эң белгилүү окуяларынын бири болуп саналат.

Айыпталуучуну милиция кызматкерлери уруп-согууга алган деп билдирди анын адвокаты Нурбек Токтакунов.

Массалык маалымат каражаттарында бир гана кыргызстандын жарандарына эмес, чет өлкөлүктөргө да кыйнооло, уруп-согуула көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматты таркатып келишкен.

2011-жылы мамлекеттин улуттук коопсуздук комитети Филиппиндин жараны, жеке ишкер Кемоель Балаганы салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү үчүн колго түшүргөн.

Филиппиндик ишкердин котормочусунун билдиренине караганда, 17-мартта Кемоель Балаганы Чүйдүн улуттук коопсуздук кызматкерелери кармап алып уруп-согуп аны салык төлөөсүн талап кылган.

Анда аталган комитеттин башчысы Кенешбек Душебаев кармалган Балага бир дагы кыйноого кабылбаганын жана улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан анын укугу эч бузулбаганын белгилеген.

«Эркиндик үнү» коомдук фонду да жарандарга колдонулган кыйноолордун мониторингин жүргүзүп келет. 2009-жылдан 2011-жылге дээри укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 241 ырайымсыз мамиле жасоо катталган.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова