Президенттик тактыга 83 талапкер ат салышты


Кыргызстандын 20-жылдын тарыхында биринчи жолу президенттикке талапкерлердин саны 83 адамга жетти. Чынында саясат таануучулар алардын ондон кыркына чейинки эле талапкерлери шайлоого нукура катыша турганын белгилешет.

Борбордук шайлоо комиссиясында президенттикке талапкерлигин каттаткандар 25-сентябрга чейин 100 миң сом, 30 миңден кем эмес кол чогултуп жана мамлкеттик тил боюнча атайын экзамен берүүсү зарыл.

25-сентябырга чейин эгер талапкерлердин ичинен жети киши каттоого тиешелүү болгон талаптарды аткарса 2011-жылкы президенттик шайлоо өлкөдөгү белгилүү шайлоолордунбиринчиси болуп калат.

Талапкерлигин койгондордун он алтысы саясий партиялардан чыккандар, ал эми каганы өз талапкерлигин алдыга чыгаргандар. Ал эми парламенттеги партиялардын ичинен “Республика” гана шайлоого өз талапкерин көргөзбөй ага катышпай тургандыгын маалымдады.

КСДП- партиясынан Алмазбек Атамбаев талапкер болду.
Атамбаев талапкерлерди расмий түрдө каттоо 25-сентябрда бүткөндө аткарып жаткан кызмат ордунан убактылуу эс алууга кетиши керектигин БШК- өкүлү Жаркын Бапанова билдирди. Ал өкмөт башчысынын ишин шайлоо бүтүп, добуштар саналмайынча уланта албайт.

«25-сентябрга чейин Алмазбек Атамбаев министирликтердин башында тура алат», – деди Бапанова.

Атамбаев ушуну менен экинчи жолу премьер-министр болуп кызмат өтөөдө. Биринчи жолу ал президент Курманбек Бакиевдин учурунда 2007-жылы аталган кызмат ордун ээлеген.

Ал Кыргызстанда болгон эки төңкөрүшкө тең активдүү катышкан. Социал-демократтар партиясынын лидери 2000 жана 2009-жылдары президенттикке ат салышып, бирок ошол мезгилде иштеп жаткан Акаев жана Бакиевке утулуп калган.

Акыркылардан болуп талапкерлигин БШК- мурунку төрагасы Акылбек Сариев койду.

Талапкерлер

83 талапкердин арасында беш айым бар. «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынын лидери алардын акыркысы болуп каттоодон өттү.

Уметалиева президенттик шайлоого эки жолу катыша алган. Ал 2005-жылы президент болууну калаган биринчи айым болгон.
Токтайым Уметалиева 2010-жылдын 7-апрелинде болгон элдик төңкөрүшкө активдүү катышкандардын катарына кирет.

Өз талапкерлигин алдыга жылдыргандардын катарын мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов толуктайт. Ал ички иштер министринин тактысын ээлеп, 3 жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгонго жетишкен.

«Асман-пресс» гезити 2009-жылы Байболовду Кыргызсандагы 100 эң бай адамдардын катарына кошкон.

Талапкерлердин жарымынан көбү шайлоого катышпайт
Серепчилер талапкерлердин көптүгүн демократия менен жана саясатчылардын жөн гана авторитеттүү болууга умтулуусу менен байланыштырат.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев талапкерлердин көптүгү демократиянын белгиси дейт.

«Бейөкмөт уюмдардын аркасы менен бизде демократия өнүктү. Бул бийликтин алсыздыгына алып келет. Талапкерлердин жарымынан көбү алдамчылар, акча берген каршылаштарына кошулуп кетиши да мүмкүн», — деди Какчекеев.

Мен татыктумун дегендердин баарына оң көз карашта экенин саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

«Бул туура. Алардын ар бири өз атын элге тааныткысы келет. Бирок менин оюмча талапкерлердин баары эле аягына чейин күрөшөт», — деп өз оюн билдирди Сариев.

«Бутун Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев «Ата Мекенден», Камчибек Ташиев «Ата-Журт» фракциясынан, «Ата-Журт» партиясынан Марат Султанов жана Алмазбек Атамбаевдин президент болууга мүмкүнчүлүгү башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк деген ойдо саясат таануучу.

«Булар белгилүү саясатчылар. Алар экинчи турга өтүшү толук ыктымал […]»,— деди Сариев.

Саясат таануучу Тамерлан Ибраимовдун айтуусунда талапкерлердин көптүгү өлкөдөгү саясий эркиндик менен байланыштуу.

«Апрель айында болгон төңкөрүш ким гана болбосун шайлоого катышууга мүмкүндүк берет. Бирок алардын баары утушка ээ боло бербейт. Талапкерлердин көп болсо ону гана тиешелүү шайлоочулардын колун чогулта алат. Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Марат Султанов, Нариман Тюлеевдер лидерлердин катарына кирет», – деди Ибраимов.

Рекорд

2011-жылдагы президенттик шайлоо талапкерлердин саны менен эң белгилүү боло алат.

Буга дээри 2005 жана 2009-жылдары болгон президенттик шайлоого эн көп талапкерлердин саны 6 адам болгон.

БШК- талапкерлер 2011-жылдын 16-августуна чейин арызын киргизишет.

25-сентябырга чейин БШК- 100 миң сом өткөргөн, шайлоочулардын 30 миң колун чогулткандар жана мамлекеттик тил боюнча экзаменден өткөндөр президенттик тактыга чыныгы талапкер боло алат.

Шайлоодо элдин 5% добушуна ээ болгондорго БШК- 100 миң сом киргизген акчасын кайра кайтарып берүүгө милдеттүү.

Кыргыз тили боюнча экзамен биринчи коомдук каналдын түз эфиринде алып көрсөтүлөт.

Шайлоо 2011-жылдын 30-октябырына белгиленген.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова