Тарыхчы Кадырбек Жолдошев 1995-жылдан бери Сулайман-Тоодогу петроглифтердин көбү вандалдар тарабынан жок кылынган деген ойду билдирет. Калган тарыхчылар жана музейдин кызматкерлери тоонун боорундагы жазуулардын бузулуна жаштар күнөөлү дешет.
Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетинин мугалими Кадырбек Жолдошев Сулайман-Тоонун боорунда 1995-жылга карата 450 петроглиф бар болчу дейт. Эми алардын теңинен көбү үстүнөн башка сыралар менен бастырылган же болбосо алардын ордуна жаңы жазуулар пайда болгон.
«ЮНЕСКО- бүткүл дүйнөлүк мурасына Сулайман-Тоо өзүнүн петроглифтеринин аркасында кирген», ― деди Жолдошев.
Музейдик комплекстин мүдүрүнүн орун басары Маматибраим Жаныбековдун айтымында музейдин кызматкерлери жалгыз аска бетиндеги жазуулардын сактап калууга кудурети жетпейт.
«Сыра менен үстүнөн бастырылган петроглифтерди сактап калсак болот. Бирок кээ бири учтуу буюм менен кырылып калган. Аны эч бир ыкма менен кайра калыбына келтирүүгө болбойт. Бул маселе бир гана музейдин кызматкерлерине гана тиешелүү эместигин жаштар да билиши керек», ― деди Жаныбеков.
«Жаштар кабардар болушу зарыл»
Ош айыл-чарба техникалык университетинин студенти Тагдырбек Сыдыков Сулайман-Тоо ыйык жер экендиги тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу элди кабардар кылыш керек деген ойдо.
Мектеп окуучусу Айсулуу Иманалиева петроглифтерди бузгандарды акчалай айыпка жыгыш керек деди.
Ош техникалык университетинин студенти Азатбек Адаралиев аталган жерде пайгамбар Сулайман өз убактысын өткөргөндүгү тууралуу маалыматы бар экендигин белгилейт. Ошондой эле петроглифтердин үстүнөн сүрөт тартуу тартипсиздик дейт.
«Менин оюмча маданий мурасты бузгандарды жазалоо же жоопкерчиликке тартуу керек», ―деди Адаралиев Kloop.kg порталына берген маалыматында.
Оштун тургуну Асылкан Ахматова илггерки жазууларды бузгандарды сөккүгө ала турган оюн айтты.
«Тоо ыйык жер болуп эсептелип, көпчүлүк элдер сыйынганы келишет. Сулайман-Тоону экинчи Мекке дап да аташат», ― деди Ош шаарынын тургуну Ахматова.
Сулайман-Тоо
Сулайман-Тоо Ош шаарынын чок ортосунан орун алган. Тоонун боорундагы байыркы дазуулар ыйык маанини түшүндүрөт.
2008-жылы Сулайман-Тоо ЮНЕСКО- бүткүл дүйнөлүк мурастарынын катарына киргизилген. Бюронун мүдүрү Сергей Лазерев 2011-жылдын 1-июнунда мамлекет башчысы Роза Отунбаевага Сулайман-Тоонун мурастардын катарына киргендиги тууралуу расмий түрдө сертификатын тапшырган.
Редакторы: Александр Ким жана Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова